Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:56

Бишкекте Евразия экономикалык бирлигининин кезектеги жыйыны өтүп, уюмга мүчө өлкөлөрдүн президенттери ЕАЭБдин учурдагы абалын талкуулап, келечекке карай бир катар документтерге кол коюшту.

Бишкекке чогулган президенттер ЕАЭБ алкагында жыл башынан бери экономикалык көрсөткүчтөр өсүп жатканы менен чечиле элек маселелер арбын экенин ачык айтышты.

ЕАЭБдин алкагында өлкө башчылары талкуулай турган маселенин чети оюла электигин тар чөйрөдөгү жолугушуу ачык көрсөттү.

Президенттер белгиленген убакыттан ашык сүйлөшүп, жабык жыйында 10 маселе каралганын Алмазбек Атамбаев журналисттерге жыйындан соң айтты.

Чек ара тоскоолдуктары

Президент Атамбаев өз сөзүндө ЕАЭБга Кыргызстан кошулгандан бери өлкөнүн айыл чарба багытын өнүктүрүүгө алгылыктуу кадамдар жасалып жатканын белгилеп, бул жаатта Орусия менен Казакстан ветеринардык, фитосанитардык көзөмөлдү орнотууда көмөк көрсөтүп жатканына ыраазычылык билдирди. Кыргызстандын лидери чек арадагы калган тоскоолдуктар жакынкы мөөнөттө толугу менен алынат деген үмүтүн жашырган жок.

Кыргызстан быйыл уюмга төрагалык кылып тургандыктан, мигранттарга да байланыштуу бир катар маселелерди чечүү демилгесин көтөргөнүн Атамбаев өз сөзүндө камтый кетти:

- Мындан ары жалпы эмгек рыногун калыптандыруу зарыл. Бул маселеде эмгекчилер менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүн пенсиялык камсыздоо боюнча келишимди аягына чыгаруу керек. Албетте, майда административдик тартип бузуулар үчүн биримдикке мүчө өлкөлөрдүн эмгек мигранттарын, жарандарын депортациялоо маселесине биз кыйла либералдуу мамиле жасалышын каалайт элек.

Чек арадагы тоскоолдуктарга байланыштуу дооматты беларус президенти Александр Лукашенко да белгилеп өттү. Ал товар алмашууда ЕАЭБ чек арасында айрым өлкөлөр өз рыногун коргоо аракети менен экинчи өлкөнүн укугун тебелеп жатат деп, шериктештерге "дискриминациялоочу чечимдерге мораторий киргизүүнү" сунуштады. Андыктан Лукашенко ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рыногун кенен ачууга чакырды.

Жалпысынан дүйнөлүк каатчылыктын карааны узап кеткени ЕАЭБга да оң таасир тийгизгенин жыйынга катышкан дээрлик бардык президенттер айтышты. Кризистен кийинки абалга токтолгон казак президенти Нурсултан Назарбаев Казакстандын ЕАЭБ менен сырткы товар алмашуусу 2017-жылдын эки айында 37% өссө, Кыргызстан менен товар алмашуу 41% өскөнүн белгилейт. Бул өсүштү сактап калуу зарылдыгын белгилеген казак лидери өнүгүүгө карай тоскоолдуктарды жоюу керектигин кошумчалады:

- Кыргызстандын экономикасын колдоого жардам берүү үчүн Казакстан өз көмөгүн көрсөтө берет. Кыргызтандын экономикасын өнүктүрүүгө документтер Евразиялык комиссияга берилди. Азыркы өсүп жаткан сандар бул кризистен кийинки көрсөткүчтөр гана. Андыктан алдыда ЕАЭБдин өнүгүүсүнө аракеттерди улантуубуз зарыл.

Путин: ЕАЭБдин географиясы кеңейет

Санкциялар согушуна кабылган Орусиянын экономикасы бүтүндөй ЕАЭБга терс таасирин тийгизгенин айткан президент Владимир Путин аймактык уюм жаңы чакырыктарга туруштук бере алганын белгиледи.

Бул каатчылыктын аркасында Орусия рыногундагы товар ээлери алмашып, 62% Орусиядагы айыл чарба азыктары эми ЕАЭБ өлкөлөрүнөн келе баштаганын айтты. Булар менен катар Кыргызстандын тигүү тармагынын Орусияга карата экспорту 38% өстү деген Путин Кыргызстанды колдоо максатында Евразиялык өнүктүрүү банкынан 110 млн доллар бөлүнүп жатканын кошумчалады.

ЕАЭБ өз мөмөсүн берип жатканын айткан орус президенти эми башка өлкөлөр менен да кызматташууга кезек келгенине токтолду:

- Эгерде ЕАЭБдин эл аралык алакасын айта турган болсок, учурда Вьетнам менен эркин соода жүгүртүү боюнча келишим иштелип жатат. Азыркы тапта Кытай менен активдүү сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Мындан башка Израил, Сербия, Египет, Сингапур, Индия ошондой эле Иран менен активдүү сүйлөшүү иштери жүрө баштады. Уюмдун тышкы секторун өнүктүрүү пландалган система аркылуу кете бериши керек. Сөзүмдүн аягында Евразия экономикалык бирлиги - өлкөлөрдүн эли үчүн өсүп-өркүндөй бермекчи.

Молдова - ЕАЭБге байкоочу

Бишкектеги жыйын Молдова үчүн тарыхый күн болуп калды. Буга чейин уюмга байкоочу өлкө болууга арыз берген Молдова 14-апрелде ЕАЭБдин тарыхында биринчи жолу байкоочу өлкө макамын алды.

Европа Биримдиги менен кызматташуу боюнча келишимге кол койгон Кишинёвго ЕАЭБ менен кызматташуу ашыкча болбосун президент Игорь Додон Бишкек саммитинде айтты.

Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигине 2015-жылдын 12-августунда бешинчи толук кандуу өлкө катары расмий мүчө болгон. Кыргызстандан башка уюмга Орусия, Казакстан, Беларус, Армения кирет. Уюм мүчө өлкөлөр арасында эркин товар, капитал, жумушчу күчтү жүгүртүүгө жол ачып, экономиканы чыңдоо максатында 2015-жылдын 1-январында түптөлгөн. Уюмдун Жогорку Евразиялык кеңешинин кийинки жыйыны 11-октябрда Москва шаарында өтөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG