Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:57

Бишкекте Жамааттык коопсуздук уюмунун жыйыны өтүүдө


Жамааттык коопсуздук уюмуна кирген өлкө лидерлери
Жамааттык коопсуздук уюмуна кирген өлкө лидерлери

"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында ЖККУнун бейформал жыйыны өтүүдө.

Бишкекте Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынына удаа эле Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун президенттеринин бейформал жолугушуусу башталды.

Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Орусия кирген жамааттык уюмдун бейформал жолугушуусунда уюмду андан ары өнүктүрүү, андан тышкары региондук коопсуздукту камсыз кылуу жагында кызматташтыкты арттыруу маселелери талкууланары кабарланган.

ЕАЭБ жыйыны аяктады

Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешинин жыйынын президент Алмазбек Атамбаев ачты.

- Быйыл Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылууда. Сиздер, албетте, биз сунуштаган приоритеттер менен тааныштыңыздар. Бул бизнес жүргүзүү үчүн эң мыкты шарттарды түзүү болуп саналат, - деди президент Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн башчыларына.

Президент Алмазбек Атамбаев Орусия менен Казакстан ветеринардык, фитосанитардык көзөмөлдү орнотууда көмөк көрсөтүп жатканын белгилеп, бул үчүн ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле Кыргызстан быйыл ЕАЭБге төрагалык кылып турган учурда бул уюмга мүчө өлкөлөрдө иштеген мигранттардын пенсиясы боюнча келишимдерди кабыл алууну демилгелеп жатканын айтты. Мигранттарды майда административдик жаза үчүн депортациялоону токтотуу зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары бирдиктүү энергетикалык саясат керек болуп жатканына да токтолду.

Назарбаев: Кыргызстанга жардам берүүнү улантабыз

Ал эми казак президенти Нурсултан Назарбаев Казакстан Кыргызстанга ЕАЭБ алкагында жардам берүүнү улантарын айтты.

Назарбаев Казакстандын ЕАЭБ менен сырткы товар алмашуусу быйыл эки айда 37% өссө, Кыргызстан менен 41% жогорулаганын жана бул өсүштү сактап калуу зарылдыгын белгилеп, өнүгүүгө карай тоскоолдуктарды жоюу керектигин кошумчалады.

"Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө документтер Евразиялык комиссияга берилди. Мындан ары жардам берүү иштерин улантабыз" деди Назарбаев.

Ошону менен катар казак президенти "жол картасын" иштеп чыгууну, жаңы өлкөлөр менен келишимдерди түзүүнү сунуштап, мисалы, Иран, Сербия жана дагы бир катар өлкөлөр иштешүүгө даярдыгын билдирип жатканын айтты.

Путин: ЕАЭБ жыйынтыгын бере баштады

Евразия экономикалык биримдигинин иши өз жыйынтыгын бере баштады. Мындай пикирин бүгүн уюмдун Бишкекте өтүп жаткан саммитинде Орусия президенти Владимир Путин билдирди.

Путин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн улуттук экономикалары жаңы чакырыктарга туруштук бере алганын, жылыштар көзгө көрүнө баштаганын, айыл чарба тармагындагы өсүшкө Орусия жакшы салым кошуп жатканын айтты.

Ошондой эле ал Орусиянын айыл чарбасында импорттун 62 пайызын ЕАЭБ өлкөлөрүнүн товарлары түзөрүн, Кыргызстандан барган текстиль38 пайызга өскөнүн белгиледи.

Владимир Путиндин айтуусунда, Кыргызстандын Бажы кызматын модернизациялоо долбоору улантылат, товарларга электрондук көзөмөл киргизилет.

Молдова макамга ээ болду

Жыйында Молдова Евразия экономикалык биримдигинде байкоочу өлкө макамын алганы белгилүү болду. Президенттердин жабык жолугушуусунан кийин ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн башчылары ушундай чечимге келди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG