Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Өзбекстан Орусияга булгаары сатат


Иллюстрация
Иллюстрация

Тажикстанда ар бир экинчи аял зомбулукка учурайт, Өзбекстан Орусияны булгаары менен камсыздайт, ал эми Казакстан Кыргызстанга 100 миллион доллар берет.

"Российская газета" Өзбекстан Орусияны бут кийим тигүүгө керектүү булгаары менен камсыз кыларын маалымдады.

Макалада бут кийим тигүүгө керектүү материалдарга Орусиядагы таңкыстык 40 пайызды түзөрү айтылат. Бул өлкөдө кара малдын саны жылына эки-үч пайызга кыскарып жатканы, өлкөдөн булгарыны экспорттоого тыюу салынганы да кошумчаланган.

Жакында эле “Мосшуз” эл аралык жармаңкесинде эки өлкөнүн ишкерлери жолугуп, тиешелүү макулдашуулар кабыл алынган. Өзбекстандык өндүрүшчүлөр Орусияга уйдун жана койдун терисин жиберип турмакчы.

Зомбулуктан жапа чеккен аялдар

EurAsia Daily басылмасы Тажикстанда аялдардын 50 пайыздан ашууну үй-бүлөдө зордук-зомбулукка учурайт деп жазат. Макалада “Нотабене” коомдук уюмунун Адам укуктары боюнча эл аралык өнөктөштүк жана Хельсинки фонддору менен даярдаган баяндаманын жыйынтыктары баяндалат. Өлкөдө 2013-жылы “Үй-бүлөдөгү зомбулуктун алдын алуу боюнча” мыйзам кабыл алынганы, бирок мыйзамдардагы, сот системасындагы жана өкмөттөгү мүчүлүштүктөрдөн улам аялдарга карата зордук-зомбулукту азайтууга мүмкүн болбогону белгиленет.

Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыктарына жер-жерлерде баш калкалоо үчүн мекемелер жоктугу кошумчаланат. Баяндамада 2015-жылы Тажикстанда 400 аял үй-бүлөдөгү зомбулукка чыдабай өз жанын кыйганы баса белгиленген.

ЕАЭБ: кыргыз-казак алакасы

"Регнум" маалымат агенттиги Казакстан Кыргызстанга 100 миллион доллар берерин жазды.

Макалада Евразиялык экономикалык биримдикке кирген Кыргызстанга бул каражат былтыр эле бөлүнүшү керектиги айтылат. Чек аралардагы санитардык, ветеринардык жана фитосанитардык пункттарды оңдоого жумшала турган каражатты Казакстан бөлүп бөлүп бермекчи. Материалдык жардамдын максаттуу жумшалышына эки мамлекет ортосунда түзүлгөн атайын комиссия көзөмөл салат. Басылма былтыркы жыл ичинде казак-кыргыз соода жүгүртүмү 577 миллион долларды түзгөн деп белгилейт.

Түркмөнстан Катарга үмүт артууда

"Независимая газета" Түркмөнстан Катардан инвестиция күтүүдө деп жазды. Макалада Орусияга газын сатылбай, каржы жагынан кысталган Ашхабад Түркмөнстан-Индия-Ооганстан-Пакистан (ТАПИ) газ жолунун курулушуна акча издөөдө деп айтылат.

ТАПИни кургандан кийин Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүнө газ сатып, бюджетти толтурууну көздөгөн Гурбангулы Бердымухамедов Катарга үмүт артууда деп белгиленет. Ошол эле маалда Катар ТАПИ курулушуна каражат берип, анан кайрадан бул аймакта газ сатууда өзүнө атаандаш күтүүдөн качууда деп белгилейт. Түркмөнстанда “Галкыныш” кен чыкчу жеринен башталчу ТАПИ курулушу учурда токтолбостон уланып жатканы кошумчаланат. Ошондой эле Ислам өнүгүү банкы курулушка 700 миллион доллар берүүгө макул болгон. Каржылык каатчылыктан улам жана Ооганстандагы абалга байланыштуу ТАПИнин ишке кириши 2018-жылдан 2020-жылга жылдырылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Лазат Жаныбек кызы

    "Азаттык" радиосунун Москвадагы кабарчысы. К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетин жана Орусиядагы Улуттук изилдөө университетинин Экономика жогорку мектебинде магистратураны бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG