Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:32

Түз эфирди бузган наристелер


Дүйнөлүк басма сөзгө баяндама (6-12-март).

Түштүк Кореянын саясатын талдаган окумуштуу Роберт Келли Би-Би-Си дүйнөлүк кызматына түз эфирде скайп аркылуу маек берип жатканда артынан кирип келген эки баласынын видеосу узаган аптадагы дүйнө басма сөзү менен социалдык тармактарда эң көп көрүлгөн жана талкууланган темага айланды. The Telegraph гезити профессордун бул күлкүлүү окуясы ар түрдүү талкууга жем таштап, ал тургай саясий экспертти келекелеген пародиялар да тартылды деп кабарлайт. Түштүк Кореядагы президенттин импичменти тууралуу пикирин интернеттен түз эфирде айтып жатканда Келлинин артындагы эшик капыстан ачылып, алгач үч жашар кызы, анын артынан чыгырык сүйрөгөн бир жаштагы уулу кирип келген. Бир нече көз ирмемде алардын артынан азият түспөлүндөгү аял чуркап кирип, балдарды сүйрөп чыгып кеткени көптөрдү күлкүгө бөлөп, айрымдардын ачуусун кайнатты. Профессор Келли Түштүк Кореядагы Пусан улуттук университетинде иштейт. Жубайы Юнга Ким экөөнүн Марион аттуу үч жашар кызы жана Жеймс аттуу уулу бар. Социалдык тармактарга тараган бул окуяны коомчулук "жылдын эң күлкүлүү видеосу" деп аташууда. Ал эми илимпоздун АКШнын Огайо штатында жашаган апасы Эллен Келли неберелери атасы Скайптан алар менен сүйлөшүп жатса керек деп боолгоп кирип барышканын Mail Online басылмасына айткан. Видеону көргөндөрдүн көпчүлүгү илимпоздун балдарын сүйрөп кеткен аялды бала баккыч деп ойлошкон. Los Angeles Times гезити болсо Батышта азият түспөлүндөгү аялдар жалаң гана үй кызматында иштейт деген стереотипти ушул видеонун мисалында көтөрүп чыккан.

Кыргыз саясатындагы күүлөнгөн оюндар

The Diplomat журналынын Борбор Азия боюнча аналитиги Кэтрин Паздын Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаалга байланыштуу макаласы чыкты. Анда соңку учурда Бишкектен так маалыматтарды эмес, ушак-айыңдарды гана угуп калганын жазган. "2017-жылдын этегиндеги президенттик шайлоо кадыресе эле өтмөк. Борбор Азиядагы "демократия аралчасынын" кийинки лидери шайланмак. Бирок шайлоого сегиз ай калганда өлкөдө бийлик тынч өзгөрбөчүдөй кырдаал жаралды. Постсоветтик саясий опера кайра кайталанып, кете турган президент жылуу ордун сууткусу келбей, саясий кызыкчылыктардын кагылышы, жемкорлукка байланышкан айыптоо жана саясатчыларды камоо өнөктүгү кызыды", - дейт аналитик. Атамбаевдин мурдагы санаалаштары менен пикир келишпестиктеринин ичинен эң орчундуусу Роза Отунбаева жана Өмүрбек Текебаев менен болгон ажырым экенин баса белгилеген The Diplomat Кыргызстандагы акыркы саясий окуяларды тизмектеп, президенттин депутаттарга карата айтылган айрым билдирүүлөрүнө сереп салган. Кэтрин Паз макаланын аягында: "Шайлоого чейинки сегиз ай узакка созулчудай, анткени оюндар азыртадан күүлөнө баштады", - деген тыянак жасайт.

Флоренция искусствосу жоголуу алдында

Италияда кайталанган жер титирөөлөр бир нече жүз жылдык тарыхы бар Флоренция искусствосун талкалап коюшу ыктымал деген божомолду The Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты. Реннесанс доорунан калган архитектуралык мурастар, Филиппо Брунелесчи, Микеланжелонун колунан жаралган айкелдер бир жылдын ичинде эң кооптуу жагдайга кептелген. Италияда зилзала кайра-кайра активдешип, андан Флоренция көбүрөк жабыркоодо. Анткен менен сейсмикалык жактан туруксуз Апеннин тоосуна жакын Флоренция башынан эле ушундай коркунучта жашап келет. Бирок дагы зилзала кайталанса тарыхый имараттар толук кыйрашы ыктымал. 1997-жылдагы жер титирөөдөн Ассис чиркөөсү урап калган. 1266-1337-жылы курулган Ыйык Франциск чиркөөсүнө да жарака түшкөн. 1504-жылы жасалган Микеланжелонун атактуу "Давид" айкелинин салмагы алты тонна, биийктиги беш метрден ашык. Айкел 350 жылдан ашуун сыртта тургандыктан жарака кете баштаган. 2004-жылдагы жер титирөөдөн буту сынып калган. Дагы жер силкинсе ал толук бычырап кетет деген кооптонуу чоң. Ушундан улам Италия бийлиги эстеликтерди реставрациялап, сактап калууга миңдеген евролук каражаттарды карап жатат деп кабарлайт The Wall Street Journal.

Токсондогу ханыша дале ат минет

6-мартта Англиянын жашы 91ге караган ханышасы Елизавета экинчи Уинсдор сарайында ат чаап жүргөнүн гезит кабарчылары байкап, сүрөткө тартып алышкан. Мындан бир ай мурда ханыша сыркоолоп калып, чиркөөдөгү бир катар иш чараларга барбай калган эле деп эскерет Daily Express гезити. Елизавета экинчи жылкы жандуу экени үч жашынан бери эле маалым. Ал төрт жашынан тарта ат минип, 1600 ирет ат чапканын кабарлайт The Sun басылмасы.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG