Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:45

Казакстан Кыргызстанга 41 млн доллар берет


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" өткөрмө пункту
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак жол" өткөрмө пункту

Кыргызстандын ЕАЭБ боюнча жол картасын каржылоого Казакстан 41 млн доллар бөлмөй болду. Бул тууралуу өкмөттөр аралык протоколго Москва шаарында 17-мартта кол коюлганын өкмөттүн расмий сайты жарыялады.

Маалыматта жазылгандай, 2016-жылдагы протоколго ылайык, ЕАЭБдин алкагында Казакстан 7 млн долларлык техникалык көмөк көрсөтмөк, бирок 17-мартта казак өкмөтү анын көлөмүн 41 млн долларга көбөйттү.

Кыргызстан ЕАЭБге кошулар алдында бажы пункттарын жана лабораторияларды модернизациялоого Казакстан жалпысынан 100 млн доллар бөлөөрүн убада кылган. Бирок, өкмөт казак тарап убада кылган каражатын бере электигин айтып келет.

7-мартта Бишкекте өткөн ЕАЭБдин өкмөттөр аралык жыйынында Казакстандын премьер-министри Бакытжан Сагинтаев Астана Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кирерден мурун убада кылган каржылык жардамдын жарымын жакында берүүгө ниеттенип жатканын билдирген. (SDz)

XS
SM
MD
LG