Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:46

Орусияга Сирия боюнча кысым күчөдү


Сириядагы химиялык чабуулдан кийин Орусияга каршы Стамбулда өткөн митинг, 4-апрель 2017-жыл.
Сириядагы химиялык чабуулдан кийин Орусияга каршы Стамбулда өткөн митинг, 4-апрель 2017-жыл.

Дүйнөдөгү алдыңкы жети өлкөнүн башкы дипломаттары Италиянын Тукка шаарында саммитке чогулуду. Британ тышкы иштер министри саммитте Орусия менен Сирияга санкция киргизүү маселеси талкууланарын айтты.

Сириянын Хан-Шейхун аймагындагы 80ден ашуун адамдын өмүрүн алган бир жума мурдагы химиялык чабуул "Чоң жетинин" тышкы иштер министрлерин Жакынкы Чыгыш өлкөсүндөгү кырдаалга өзгөчө көңүл бурууга түрттү.

АКШ, Жапония, Германия, Британия, Италия, Франция жана Канаданын башкы дипломаттары 10-апрелде башталган саммиттин экинчи күнүндө Сириядагы кризисти атайын сессияда талкуулаганы турушат.

Италиянын тышкы мекеме жетекчиси Анжелино Алфанонун айтымында, бул сессия Сириядагы алты жылдык согуштагы “кооптуу аскерий чыңалууну” алдын алуу үчүн уюштурулду.

Саммит химиялык чабуулдардан улам Сирия президенти Башар Асадга жана аны колдогон Орусияга эл аралык басым күчөгөн учурда өтүп жатат.

АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон (солдо) менен британ тышкы иштер министри Борис Жонсондун жолугушуусу, Италия, Лукка шаары, 10-апрель
АКШ мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон (солдо) менен британ тышкы иштер министри Борис Жонсондун жолугушуусу, Италия, Лукка шаары, 10-апрель

Италияга келген британ тышкы иштер министри Борис Жонсон тышкы иштер министрлер Сириянын жана Орусиянын айрым армия өкүлдөрүнө санкция жарыялоо маселесин талкууларын дүйшөмбүдө айтты:

- Орусиялыктарга бергибиз келген белги өтө анык. Алар уулуу режим менен кала бергиси келеби? Алар өз элин газга ууландырган адам менен аты чогуу аталышын каалашабы? Алар америкалыктар жана "Чоң жетинин" башка өкүлдөрү менен Сириянын жаңы келечеги үчүн иштешкиси келеби?.

АКШ да 7-апрелдеги Сириядагы аба базаны бутага алган аба соккуларын улай президент Башар Асадга жана орус өкмөтүнө карата сындарын күчөттү. Американын башкы дипломаты Рекс Тиллерсон химиялык чабуулдар артында Башар Асаддын күчтөрү турганында күмөн жок экенин айтып, Орусия химиялык куралды жок кылуу боюнча убадаларында тура албай калганын жекшембиде CBS телеканалына курган маегинде билдирди.

Кезинде президент Асадды кетирүү АКШнын негизги приоритети эмес деген Американын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Никки Хейли эми Асад бийликте турганда аймакка тынчтык орнобой турганын белгиледи.

Орусия менен Иран болсо химиялык курал колдонбогонун айткан Сирия президенти Башар Асадды колдоого алууну улантууда. Орус тарап АКШнын Сириядагы ракета соккуларын эгемен өлкөгө каршы "агрессия" жана "эл аралык нормаларды" бузуу деп мүнөздөп жатат.

Хан-Шейхун аймагындагы химиялык чабуулдан кийин, 4-апрель
Хан-Шейхун аймагындагы химиялык чабуулдан кийин, 4-апрель

Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи өз өлкөсүн коркутуулар артка чегинтпестигин билдирди. Президент Хасан Роухани да Иран Сириядагы аракеттеринен баш тартпай турганын Тегерандагы 10-апрелдеги маалымат жыйынында айтты:

- Орус президенти Владимир Путин менен кечээги телефондук сүйлөшүүбүздө Сирияда дагы координацияланган иш жүргүзүүнү макулдаштык. Биздин башкы максат - Сирияда террорчуларга каршы кармаш улана бергидей кылып, түрдүү топтор тил табыша алгандай шарттарды түзүү.

АКШ президенти Дональд Трамп 2016-жылдагы шайлоо өнөктүгү маалында мурдагы президенттерден айырмаланып башка өлкөлөрдүн ишине көп кийлигишпей турганын, Америка биринчи орунда болорун айткан.

Эми АКШнын Сириядагы соңку аба соккуларынан кийин көпчүлүк өлкөлөр Трамптын администрациясынын Жакынкы Чыгыштагы бул өлкө боюнча саясаты кандай өзгөрөт деген суроого кызыгууда.

Азырынча Америка Сириянын президенти Башар Асадды кетирүүгө артыкчылык береби деген маселеде анык жооп жок.

"Чоң жетинин" министрлери Италиядагы саммитте Рекс Тиллерсондон так жооп алууга үмүт артып турушат.

АКШ мамкатчысы бул саммиттен кийин Орусияга сапар алып, орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG