Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:21

АКШ: Асад кызыл сызыктан өтүүдө


Сирия
Сирия

АКШнын Мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон Орусияны Сирия президенти Башар Асад менен мамилесин кайра кароого чакырды. Ал мындай билдирүүнү Сириянын Идлиб провинциясында химиялык чабуулдан сексенден ашуун адамдын өмүрү кыйылганына байланыштуу эл аралык нааразылык күчөгөн учурда жасады.

Рекс Тиллерсон АКШнын Сирия боюнча орус бийлигинин дарегине багышталган чакырыгын Мамлекеттик департамент ал иш сапары менен Москвага барарын жарыялаган тушта жасады:

- Биз президент Башар Асаддын башкаруусу астындагы Сирия режими бул үрөй учурган чабуул үчүн жоопкер экенинде эч күмөнүбүз жок. Биз ошондой эле орусиялыктар президент Асадга такай колдоо көргөзүп келгени боюнча абдан кылдат ойлоно турган учур келди деп эсептейбиз.

Рекс Тиллерсон Орусияга иш сапары менен 12-апрелде барганы жатат. Бул АКШнын башкы дипломатынын Москвага президенттикке Дональд Трамп киришкенден берки алгачкы визити болот. Сириядагы химиялык чабуулду Мамлекеттик катчынын алдында президент Трамп өзү да комментарийлеген эле. Бирок ал Орусияга байланыштуу эч нерсе айткан эмес. Сириянын бийлиги химиялык чабуул менен "кызыл сызыктан" өтүп жатканын, мурда да "көп жолу" өткөнүн белгилеген Трамп буларга токтолду:

-Сириядагы бейкүнөө адамдарга, анын ичинде аялдарга, жаш балдарга, наристелерге каршы үрөй учурган химиялык чабуул адамзатты кордогондук болду. Асад режиминин мындай карасанатай аракеттери менен келишүүгө болбойт.

Дональд Трамп анын Сирияга жана президент Асадга мамилеси "абдан өзгөрүп" жатканын да кошумчалады.

Никки Хейли
Никки Хейли

Бул химиялык чабуулга чейин өткөн аптада АКШнын Улуттар уюмундагы элчиси Никки Хейли Вашингтондогу азыркы администрациянын Асад боюнча туруму мурдагыдан айырмаланарын ишара кылып, анын бийликтен кетиши эми Вашингтон үчүн башкы маселе эместигин айткан эле.

Улуттар уюмунда дипломаттар Коопсуздук кеңештин жаңы резолюциясынын долбоорун макулдаша албай жатат. АКШ, Британия, Франция иштеп чыккан долбоорду Орусия "такыр кабыл алынгыс" деп четке какты.

Сирия өкмөтүнүн жана Орусиянын айтымында, уулуу химиялык газ өкмөттүк күчтөр козголоңчулардын курал кампасына абадан сокку ургандан кийин тарап кеткен. АКШ жана башкалар бул ырастоолорго макул болгон жок. Британия менен Франциянын тышкы иштер министрлери химиялык чабуулду айыптаган резолюциянын кабыл алынышы үчүн аракеттер улантыла турганын айтышууда.

Курман болгондорду жерге берүү. Сирия
Курман болгондорду жерге берүү. Сирия

Батыш маалымат агенттиктеринин кабарлашынча, Кошмо Штаттардын чалгын өкүлдөрү баштапкы иликтөөлөрүндө адамдар Сириянын өкмөттүк учагы Идлиб провинциясындагы Хан-Шейхун шаарчасына зарин газын абадан таштаганда ууланган деген бүтүмгө келүүдө.

Бул аралыкта Башар Асаддын режими химиялык курал колдонгонун Түркия дагы билдирип чыкты. Өлкөнүн юстиция министри Бекир Боздагдын айтымында, муну каза тапкан үч сириялыктын сөөгүн сойгондон кийинки жыйынтыктар да көргөздү. Боздаг белгилегендей, Түркияда жүргүзүлгөн бул ишке Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун эксперттери да катышкан. Анткени, жараат алган 32 адам Түркияга алынып келип, үчөө ал жерде каза тапкан. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваторясы деген уюмдун эсебинде, 4-апрелдеги химиялык чабуулдан кеминде 86 адамдын өмүрү кыйылды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG