Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:48

Орусия талаштуу чабуул боюнча Дамаскты коргоду


Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына ылайык, чабуулда курман болгондордун саны 70тен ашты.
Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын маалыматына ылайык, чабуулда курман болгондордун саны 70тен ашты.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Сириядагы химиялык чабуулду айыптаган резолюция долбоорун четке какты. Буга чейин Кремл химиялык чабуул боюнча Батыш өлкөлөрүнүн айыптоосуна кабылган Сирия президенти Башар Асаддын өкмөтүн коргоп чыккан.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Сириядагы химиялык чабуулду айыптаган резолюция долбоорун четке какты. Министрликтин өкүлү Мария Захарова АКШ, Британия жана Франция даярдаган резолюция шашылыш иштелип чыкканын жана "кабыл алууга таптакыр болбой" турганын билдирди.

Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши 5-апрелде Сириядагы чабуулду талкуулоо үчүн чукул жыйынга чогулган.

Сирия: химиялык чабуулдун дүрбөлөңү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:09 0:00

Ушул эле күнү Орусиянын Коргоо министрлиги Сириянын өкмөттүк күчтөрү 4-апрелде Идлиб провинциясындагы Хан Шейхун шаарына абадан аскерий операция жүргүзгөнүн ырастады. Министрликтин маалымат катчысы, генерал-майор Игорь Конашенков соккулар козголоңчулардын химиялык курал-жабдык сактаган кампасына урулганын айтты:

- 4-апрелде жергиликтүү убакыт боюнча саат 11.30-12.30дарда Сириянын аба күчтөрү Хан Шейхун шаарынын чыгыш тарабындагы террористердин курал-жабдык сактоочу ири кампасына жана техникасына абадан сокку урушту. Бул кампанын аймагында химиялык курал өндүрүүчү цехтер жайгашкан. Дал ушул жерде чыгарылган химиялык куралдар согушкерлер тарабынан Сириянын Алеппо шаарында өткөн жылдын соңунда колдонулган жана бул фактты орусиялык аскерий эксперттер катташкан. Социалдык тармактарда биз көргөн Хан Шейхундагы чабуулдан уулангандардын белгилери былтыр Алепподо жабыркагандардыкына абдан окшош.

Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков.
Орусиянын Коргоо министрлигинин маалымат катчысы Игорь Конашенков.

Сириядагы козголоңчулардын лидерлери Орусиянын бул билдирүүсүн жалган деп атады. "Эркин Идлиб армиясы" тобунун башчысы Хасан Али аймакта химиялык курал өндүрө турган эч кандай цех болбогонун, "козголоңчулардын мындай мүмкүнчүлүктөрү жок" деп айтты. Ал эми оппозициядагы Сирия улуттук коалициясынын вице-президенти Абдул Хаким Бахар чабуулду кылымдын кылмышы деп атады:

- Биз Сириядагы тынчтык гаранттары болгон Түркия менен Орусияны өздөрүнө алган милдеттенмелерин аткарууга чакырабыз. Бул каргаша кылымдын кылмышы жана Сирия тарыхындагы бурулуш учур. Ар бир тарап өз турумдарын караштырып, Сириядагы террорчулуктун бардык түрүнө каршы күрөшүүлөрү зарыл.

Эл аралык коомчулук козголоңчулар көзөмөлдөгөн Идлиб провинциясындагы чабуулду айыпташып, ал үчүн Сириянын президенти Башар Асад жоопкер экенин айтышууда.

Идлибдеги чабуулда жабыркагандардын көбү балдар.
Идлибдеги чабуулда жабыркагандардын көбү балдар.

Германиянын канцлери Ангела Меркелдин маалымат катчысы кол салуу үчүн президент Башар Асадды колдоп келишкен Иран менен Орусия дагы жоопкер экенин билдирди. АКШнын президенти Дональд Трамп "кол салууга цивилизациялуу дүйнө кайдыгер карабашы керек" деп белгиледи. Трамп бул үчүн Кошмо Штаттардын мурдагы президенти Барак Обаманы сындап, Сирия маселесинде Обаманы алсыз жана чечкинсиз болгон деп айтты.

Ошондой эле ал Идлибдеги химиялык чабуулдан кийин Сириянын президенти Башар Асадга мамилеси өзгөргөнүн белгиледи. Анын сөзү боюнча, өкмөттүк аскерлер тарабынан ууландыруучу куралдын колдонулушу "бардык чектен өтүп кетти".

АКШ президенти Дональд Трамп "Ислам мамлекети" террордук тобун союздаштары менен кошо жок кылууга убада берди:

- Биз "Ислам мамлекети" тобун түп тамыры менен жок кылабыз. Биз цивилизацияны сактап калабыз. Башка жол жок, - деди Трамп Иордания падышасы Абдалла Экинчи менен АКШда чогуу өткөргөн маалымат жыйынында.

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон "мен көргөн бардык далилдер чабуул Асаддын режиминин колунан келгенин айкындоодо" деди.

Бул айыптоолорду Ассаддын администрациясы четке кагып, алар Хан Шейхундагы террорчулардын химиялык курал сактаган кампасын жок кылышканын жүйө кылышууда. Өлкө бийлиги кошумчалагандай, соккулар химиялык курал алып жүрүүгө жөндөмсүз орусиялык Су-22 аскерий учактары менен жасалган.

Еврошаркеттин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини Сирияда тынчтык орнотуу үчүн бардыгыбыз биригүүбүз зарыл деп билдирди:

- Кечээ биз көргөн кадрлар баарыбыздын жүрөгүбүздүн үшүн алды. Мен муну саясатчы эмес, эң алды эне катары айтып жатам. Бул кадрлар биз баарыбыз, эл аралык коомчулук, аймактагы оюнчулар жана Сириядагы жаатташкан тараптар биригип тынчтыкты орнотууга олуттуу киришүүбүз зарыл экенин көрсөттү.

Евробиримдиктын тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини.
Евробиримдиктын тышкы саясат боюнча комиссары Федерика Могерини.

Британияда жайгашкан Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы химиялык курал менен жасалган аба соккулардын курмандыктарынын саны 70тен ашканын шаршембиде маалымдады. Алардын жарымынан көбү аялдар жана балдар. Жергиликтүү медиктер жабыркагандар зарин заты менен ууланганын боолголошту. Жеринде тартылган видеолордо адамдар дем ала албай, тумчугуп, ооздорунан көбүк агып жаткандары чагылдырылган.

Быйыл март айында туура алты жыл толгон жарандык согушта Кремл Сирия бийлигине дипломатиялык жана аскерий колдоо көрсөтүп келген. Ал эми 2015-жылдын сентябрь айынан тарта өкмөттүк армияга абадан көмөктөшө баштаган.

Буга чейин Бириккен Улуттар Уюмунун жетекчилиги алдында уюштурулган иликтөөлөрдө Сирия өкмөтү 2014-2015-жылдары жайкын тургундарга каршы хлорин химиялык затын курал катары үч жолу колдонгону аныкталган.

Ал тапта Брюсселде 5-апрелде болжол менен 70 өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү Сирияга жардам катары миллиарддаган доллар каражат жыйноого чогулушту.

Жыйынды ачып жатып, Улуттар Уюмунун баш катчысы Антонио Гуттереш Сириядагы жатташкан тараптарды жана эл аралык коомчулукту пикир келишпестиктерди токтотуп, жаңжалга чекит коюуга чакырды.

2011-жылдын жазында башталган согушта 300 миңден ашуун адам курман болуп, миллиондогон адамдар бозгунга айланышты.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG