Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 01:55

Сирияда жарандык согуш жүрүп жатканына март айында алты жыл болду. Бириккен Улуттар Уюму согуштан качкандардын саны 5 миллиондон ашканын кабарлады.

Тынымсыз тынчтык сүйлөшүүлөрү Сириядагы жардырууларды, адам өмүрүн алган кол салууларды токтото алган жок. Калаба уланып жатканын Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы жарыялаган видео тасмалар да күбөлөп турат.

2011-жылдын март айында президент Башар Асаддын бийликтен кетишин талап кылган демонстрациядан тутанган согуш 320 миңден ашуун адамдын өмүрүн алды.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар агенттигинин 30-мартта жарыялаган маалыматы боюнча, сириялык качкындардын саны 5 миллиондон ашты. Өлкөнүн ичинде башкалка издеп кеминде 6 миллион адам жер которду. Бул Сириянын согушка чейинки калкынын дээрлик жарымы өзү үйүн таштап качууга аргасыз болгонун көрсөтөт.

Сириялык качкындар
Сириялык качкындар

Чет өлкөгө качкан сириялыктардын негизги бөлүгү же үч миллиону Түркияда жашап жатат. Алардын арасында согуш жаңы башталганда Стамбулга келген сириялык Мохаммуд Битар да бар:

- Биз ара жолдо калдык. Кандай болорун деле билбейбиз. Айрымдар Европадан кайра кайткысы келет. Кайсы бири Европага баргысы келет. Дамаск менен Алепподо жана чоң шаарларда, деги эле Сирияда келечек жок. Үмүт жок, - дейт Түркияда ишкерчилик менен алектенүүгө өткөн сириялык качкын.

Сириянын өзүндө болсо президент Башар Асад колдон чыгарган аймактарын кайра кайтаруу аракетин көрүүдө. Көтөрүлүшчүлөр моюн бербей келет. Дүйнө өлкөлөрүнүн баш оорусуна айланган "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу жаңы аймактарды ээлебесе да, оңой менен артка чегинбей турат.

Буга кошумча Сириянын режимин колдогон Орусия менен Иран жана оппозициячыл күчтөрдүн жактаган Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда олуттуу макулдашуулар иштеп кете элек. Маселен, 2012-2016-жылдар аралыгында Улуттар уюмунун демилгеси менен өткөрүлгөн үч тынчтык сүйлөшүүсү ийгиликсиз аяктады.

Алеппо шаары
Алеппо шаары

АКШнын БУУдагы элчиси Никки Хейли жаңжалдын токтобой жатышынын себебин эмнеден көрөөрүн 29-мартта Нью-Йорктогу жыйында айтты:

- Асад калышы керекпи же кетиши керекпи деген суроого кайрылгым келбейт. Бирок ал алдыга карай жылууда чоң тоскоолдук. Иран да чоң тоскоолдук.

Орусиянын 2015-жылдын сентябрь айында Сирияда аба чабуулдарын баштаганы президент Асад үчүн бир катар өзгөрүүлөрдү жасады. Маселен, өлкөнүн коммерциялык борбору болгон Алеппо шаары көтөрүлүшчүлөрдөн президентке өттү.

Мындан тышкары Орусия Иран жана Түркия менен бирге Астанада тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп, Сириядагы ок атышпоо келишимин бекемдөө аракетин көрүүдө. Ал сүйлөшүүлөр Сириянын өкмөтүн да, оппозицияны да, сырткы күчтөрдү да канааттандырган жыйынтыктарды азырынча көрсөтө элек. Ошентсе да орус президенти Владимир Путин кызматташтыкка үмүт артып турат.

- Кепилдик берген өлкөлөр катары Орусия, Иран жана Түркиянын Астанадагы сүйлөшүүлөргө катышуусу Сирияда тынч жол менен саясий мунаса табууга маанилүү салым, - деди Путин бул аптада Иран президенти Хасан Роухани менен Москвадагы жолугушуусунда.

Орус президенти Владимир Путин жана Иран президент Хасан Роухани
Орус президенти Владимир Путин жана Иран президент Хасан Роухани

Иран өз позициясын көп деле өзгөртпөсө, Түркия мурдагы талаптарын жумшартты. Мисалы, жыл башында түрк премьер-министринин орун басары Мехмет Шимшек “Түркиянын Асадсыз келишимге келүү талабы реалдуу болбой калганын” билдирди.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп болсо Сирияда “адамдар үчүн коопсуз аймак түзөрүн” жарыялаган.

БУУнун расмийлери "Сириядагы жаңжалды Экинчи Дүйнөлүк согуштан берки адамзат башынан өткөргөн эң чоң алаамат" деп мүнөздөгөн. Азырынча ал "алааматтын" аягы көрүнө элек.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG