Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:24

Иликтөө: Сирияда тажик жанкечтилери көп


Cирия менен Ирактагы “Ислам мамлекети” террордук тобунун катарындагы жанкечтилердин көбүн Тажикстандан баргандар түзөт.

Бул тууралуу Голландиялык терроризмге каршы эл аралык борбордун баяндамасында айтылат. Андагы маалыматка караганда, террорист жанкечтилер көп чыккан өлкөлөрдүн сап башында Сауд Арабиясы жана Марокко турат.

“Ислам мамлекети” террордук тобундагы жанкечтилердин “рейтингин” аныктоодо Сирияда жана Иракта 2015-жылдын декабрынан 2016-жылдын ноябрына чейин жанкечтилер жасаган иштер, кылмыш фактылары иликтенген.

Тажикстандан 27, Сауд Арабиясынан 17, Мароккодон 17, Тунистен 14, Орусиядан 13, Египеттен 11, Палестинадан 9, Бириккен Араб Эмираттарынан жана Бельгияден барган 1 согушкер өзүн-өзү жардырганы айтылат.

Баяндаманын авторлору “Ислам мамлекети” террордук тобунун жанкечтилери көпчүлүк учурда, тактап айтканда, 70 пайызы эл көп топтолгон жерлерде автоунаанын ичинде өзүн жардырышканын белгилеген.

Буга чейин Дүйшөмбүдө өткөн маалымат жыйынында тажик ички иштер министри Рамазон Рахимод өткөн жылы 36 террордук аракетке бөгөт коюлганын билдирген эле. Министр Дүйшөмбү шаарында жана башка Тажикстандын аймактарында чабуул жасоого аракеттенген 50 адам кармалганын да айткан.

Бул өлкөдө өткөн жылы жалпы 34 уюшкан кылмыштуу топтун бети ачылып, алардын 169 мүчөсү колго түшкөн. Расмий маалыматтар боюнча, Тажикстандан Сирия жана Ирактагы согуш жүрүп жаткан аймактарга 1100 жаран кетсе, алардын 160тан ашыгы каза тапканы айтылат.

Тажик бийлиги 2016-жылы өткөн жылдарга салыштырмалуу экстремисттик жана террористтик топторго тартылгандардын саны азайганын билдирүүдө.

Ирак менен Сирияда дүрбөлөң салган "Ислам мамлекети" террордук уюму Борбор Азиядан согушкерлерди өз катарына тартууда. 2015-жылдагы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстандан 500гө жакын, Казактан менен Өзбекстандан 2000ден ашуун жаран Сириядагы от күйгөн согушка аттанган. Кыргыз бийликтери 100го жакын жараны уруштарда өлгөнүн маалымдаган. Бирок коопсуздук боюнча эксперттер бейрасмий сан мындан жогору болушу ыктымалдыгын белгилешет. 2015-жылы Өзбекстанда Орусия менен Түркиядан кайткан ондогон мигранттар «Ислам мамлекети» террордук тобунда болгон деп айыпталып камалганы белгилүү.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG