Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

Москва Сирияда жаңы куралдарын сынады


Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Москванын Сириядагы аскерий кампаниясы жаңы курал-жарак жана атайын күч түзүмдөрүн сыноодон өткөрүүгө түзүлгөн жакшы мүмкүнчүлүк болгонун айтты.

22-февралда Мамлекеттик Думанын төмөнкү палатасында Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Сириядагы аскерий кампаниянын алкагында 162 жаңы курал-жарак системасы сыноодон өткөрүлгөнүн, алардын ону гана күтүлгөн жыйынтыкты бербегенин кошумчалады.

Министр ырастагандай, орусиялык учкучтардын токсон пайыздайы Сирияда аскерий тажрыйбаларын бекемдей алышты.

- Бир катар геосаясий маселелерди чечтик. Сириядагы эл аралык террористтик уюмдарга олуттуу зыян келтирилди. Алардын каржы булактары менен байланышты үзүп, камсыздоо системасын жарактан чыгардык. Сирия мамлекетинин кыйрашына жол бербедик. Жарандык согуш жана чет жактан башкарылган мыйзамдуу бийликти алмаштыруу аракети токтотулду. Жакынкы Чыгышта жана Африка өлкөлөрүн каптап бараткан түстүү революциялардын чынжырын үзө алдык.

Шойгу ошондой эле Орусиянын учак алып жүрүүчү "Адмирал Кузнецов" кемесинин Жер ортолук деңизинде ийгиликтүү сыноодон өткөнүн кошумчалады. Министр Орусиянын атайын күчтөрү жаңжалда өздөрүнүн эффективдүүлүгүн көрсөтүп, экстремисттик уюмдардын болжолдуу уюктарына соккуларды уруу менен террорчуларды жок кылууда маанилүү роль ойногонун билдирди.

- Алгачкы жолу Орусия менен Түркиянын аба-аскерий күчтөрү биргеликте иш алып барышты. Ушул эле жылы согушкерлерден Сирия аймагынын 1780 чарчы чакырымы тазаланды, 53 айыл куткарылды. Орус авиациясы 1700дөй учууларды жүргүзүп, террорчулардын болжолдуу уюктарына 5682 сокку урулду. Согушкерлердин 40тан ашуун машыгуу лагерлери жок кылынып, курал-жарак чыгарган 45 завод жана ишкана жок кылынды, -деп билдирди Сергей Шойгу. Анткен менен министр Сирияда курман болгондор тууралуу сөз кылган жок.

Учурда Сириядагы орус аскерлеринин саны так белгисиз, серепчилердин боолгошунча, алар төрт миңдей болушу ыктымал.

"Адмирал Кузнецов" учак алып жүрүүчү аскердик кеме.
"Адмирал Кузнецов" учак алып жүрүүчү аскердик кеме.

Мыйзам чыгаруучулар маалымат согушу жана контрпропаганда тууралуу сурашканда Шойгу Орусияда маалымат операциялары үчүн атайын күч түзүмдөрү негизделгенин билдирди.

Анын бул сөздөрүн Мамлекеттик Думанын коргонуу боюнча комитетинин башчысы Владимир Шаманов да ырастап, маалыматтык операциялар үчүн күч түзүмдөрү адегенде “улуттук кызыкчылыктарды коргоо жана маалымат айдыңындагы чабуулдарга каршы туруу” үчүн негизделгенин айтты. Мурдараак орус бийликтери мындай маалыматтарды четке кагып келишкен.

Бир ай мурда "Коммерсант" гезити Zecurion Analytics эл аралык компаниясынын иликтөөсүнө таянып, Орусия кибераскерлердин саны жана аларга бөлүнгөн каражаттын көлөмү боюнча дүйнөдөгү беш өлкөнүн ичине кирерин жазган.

Батыш мамлекеттери Орусия пропаганда, киберчабуулдарды колдонуу менен чет өлкөлөрдүн саясатына кийлигишип, өз таасирин күчөтүүнү көздөп жатат деп айыптап келишет.

Сириядагы жарандык согушка алты жыл аяк басты. Андан кеминде 300 миңдей адам набыт болуп, миллиондогон адамдар үй-жайын таштап өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болушту.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG