Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

Сирия согушуна чекит коюу аракети


Алеппо
Алеппо

Сирияда бүтүндөй өлкөдө ок атышууну токтотуу боюнча келишимге кол коюлду. Орусия президенти Владимир Путин мындан ары тынчтык сүйлөшүүлөрү башталарын айтууда. Бул алты жылга созулган жарандык согуш токтойт дегенди билдиреби?

Орусия жана Сирия бийлигинин маалыматына ылайык, тынчтык келишими 30-декабрга оогон түнкү саат 12де башталат.

Ошентсе да Владимир Путин келишимдин боосу али бекем эместигин эскертип, аны сактоого бар аракетти жумшоого чакырды. Анан мунасанын маңызына токтолду:

- Үч документке кол коюлду. Биринчиси - Сирия өкмөтү менен куралдуу оппозициянын Сирия араб республикасынын аймагында ок атышууну токтотуу жөнүндө. Экинчиси - ок атышпоо режимин көзөмөлдөө боюнча чаралар. Үчүнчүсү - Сирия чатагын жөнгө салуу боюнча тынч сүйлөшүүлөрдү баштоо даярдыгы тууралуу.

Келишимге оппозициядагы ири жети топтун таасирдүү жетекчилери кол коюшкан. "Франс-пресс" агенттигине Сирия оппозициясындагы ири топтордун бири, Улуттук коалициянын өкүлү Ахмед Рамадан келишимди колдогонун ырастады. Рамадан башка “Ахрар ал-Шам” жана “Ислам топторунун армиясы” деген кубатуу бирикмелер да кошулду дегени менен козголоңчулардын өздөрү бул маалыматты ырасташа элек.

Сирия өкмөтү келишим өздөрүн “Ислам мамлекети” жана мурда "Ан-Нусра", азыр "Фатех ал-Шам" атаган террордук топторуна тийиштүү эмес деди. Аларга каршы сокку улантылат.

Бул жолку келишим жаатташкан тараптар үчүн өтө маанилүү Алеппо шаары өткөн аптада толук өкмөткө өткөндөн соң жетишилди. Оппозиция 2012-жылы Алеппонун чыгышын ээлеп алган. Аларды бул аймактан сүрүп чыгаруу үчүн Сирия президенти Башар Асаддын армиясынын каны төгүлдү.

Сүйлөшүп, саясий жолдо маселе чечүүнүн ордуна козголоңчуларга кошо карапайым элди да кырып жатат деп Улуттар Уюму баш болгон укук коргоочу уюмдар, батыш мамлекеттери Асадды, аны колдогон Орусияны айыптап келишти.

Кыргын менен Алеппо бошотулганына карабай оппозиция биротоло сүрүлүп же талкаланган жок.

Орус коргоо министри Сергей Шойгунун айтымында, Сириянын борбордук жана түндүк жагынын басымдуу бөлүгүнө Асаддын бийлиги өтпөйт. Ал аймак оппозиция ээлигинде. Оппозициянын жогорудагы жети таасирдүү тобунун катарында 60 миңден ашуун жоокер бар дейт Шойгу. Эми кезектеги тынчтык сүйлөшүүлөрү Казакстандын борбору Астанада өтөрү күтүлүүдө.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров ал сүйлөшүүлөргө кошулуу Египетке да сунушталарын, Сауд Арабиясы, Катар жана Иордания да кошулса болорун билдирди. Ошондой эле АКШнын жаңы президентине да үмүт артууда:

- Дональд Трамптын администрациясы ишке киришкенден тарта бул аракеттерге кошулуп, бир багытта чогуу, ынтымакта иштейбиз деп үмүттөнөм.

Москва Асадга 2015-жылдын сентябрынан тарта абадан аскердик колдоо көрсөтүп келет. Ошол эле учурда НАТОнун катарындагы Түркия оппозицияны колдоп, Асаддын кызматтан кетишин жактайт. Ошентсе да акыркы айларда алар Сирия маселесинде тыгыз кызматташууга өттү.

Бул келишимдин сакталышына Орусия менен бирге кепил болорун айткан Түркия өз талаптарын да коюуда. Анын бири катары Сириядагы күрт жоочулары сүйлөшүүлөргө катыштырылбай турган болду. Ошондой эле түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Сирияга сырттан келген топтор, анын ичинде Асаддын шериктештери чыгып кетиши керектигин айтты:

- Сирияга келген түрдүү согушкер топтор эми өлкөдөн чыгып кетиши керек. Бул Ислам кызматташтык уюмунун Жиддадагы билдирүүсүндө жана башка билдирүүлөрдө так көрсөтүлгөн. Сирияга түрдүү өлкөлөрдөн агып кирген шиит топтору өлкөдөн чыгуусу зарыл. "Хезболла" да Ливанга кайтсын.

Ошол эле учурда Орусия Сириядагы аскер күчтөрүн азайта турган болууда. Бирок азырынча Сириядагы эки аба база тең чыкпайт.

Сирия чатагын жөнгө салуу боюнча АКШ, Орусия башындагы сүйлөшүү быйыл сентябрда бузулган. Анда Вашингтон макулдашууларды аткарбай, ок атышууну токтотпой жатат деп Москваны айыптаган. Москва күнөөнү АКШга оодарган.

29-декабрда жетишилген келишимге азырынча АКШ башындагы коалиция пикирин билдире элек.

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын мартында, бийлик демократияны жактап чыккан демонстранттарды күч менен баскандан кийин тутанган. Ушул убакытка чейин андан 300 миңдей кишинин өмүрү кыйылып, миллиондогон адам качкынга айланды.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG