Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:11

АКШ Сирия келишимин кубаттады


Орусия, Иран жана Түркиянын башкы дипломаттары Сергей Лавров, Жавад Зариф жана Мевлүт Чавушоглу.
Орусия, Иран жана Түркиянын башкы дипломаттары Сергей Лавров, Жавад Зариф жана Мевлүт Чавушоглу.

Ошол эле маалда АКШ Сирия боюнча келишимдин ишке ашарынан күмөн саноодо.

20-декабрда Орусия, Иран жана Түркиянын тышкы иштер министрлери ок атышууну токтотуу, Сириядагы жаатташкан тараптардын сүйлөшүүлөрүн жандантуу боюнча билдирүү кабыл алышкан.

АКШ тышкы мекемесинин маалымат катчысы Жон Кирби мамлекеттик катчы Сириядагы кан төгүүнү токтотуу боюнча бардык аракеттерди кубаттарын билдирди:

​- Ок атышууну токтотуу аракети өзгөчө Алеппо шаарында калган эл үчүн, ошондой эле саясий диалогду жандантуу жаатында сезилээрлик жыйынтыкка алып келиши ыктымал. Мамлекеттик катчы Жон Керри орусиялык жана түркиялык тышкы иштер министрлери менен 20-декабрдагы келишимди талкуулаганда сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча тезирээк жандантуу керектигине басым жасады.

Орусия, Иран жана Түркиянын башкы дипломаттары Сергей Лавров, Жавад Зариф жана Мевлүт Чавушоглу Москвадагы жолугушуудан кийин Сириядагы ок атышпоо режимин кеңейтүү, гуманитардык жардамды жеткирүүнү ыкчамдатуу жана болочок тынчтык келишимине жетишүүдө кепил катары аракеттенүүгө даярдыгын билдиришти.

- Иран, Орусия жана Түркия Сирия жаңжалынын аскерий жол менен чечилбесине терең ишенет. Кризисти жөнгө салууда БУУнун маанилүү ролун белгилешет. Министрлер ошондой эле Сирияны колдоо боюнча эл аралык топтун чечимдерин эске алат. Эл аралык коомчулукту сөз болгон документтерде камтылган бардык чечимдерди аткаруудагы тоскоолдуктарды жоюу үчүн кызматташууга чакырат.

Орусия жана Иран алты жылдан бери уланып келаткан жарандык согушта Сирия режимин колдосо, Түркия козголоңчулар тарабында болуп келет. Кирби Москва декларациясынын таасири тууралуу сөз кылуу эрте деп айтты.

Сирия: Алеппонун урандыда калган балдары

Сирия: Алеппонун урандыда калган балдары

Сириянын Алеппо шаарында авиасокку тийген үйдүн урандысынан табылган бала дүйнөнүн үрөйүн учурду. Ушуга удаа Улуттар Уюму гумжардам жетпей, согуш жүрүп жаткан аймактан чыгалбай жаткан эл ачка калганын айтып, коңгуроо какты.

“Мамлекеттик катчы жеке тажрыйбасына таянып, президент Башар Асад ок атышпоону жарыялоо жана кырдаалды саясий жол менен чечүүгө багытталган буга чейинки аракеттерге бут тосуп келгенин белгиледи”.

Асад режимине таасир этүү убадалары улам кайталанып келатат, бирок андан майнап чыга элек. Андыктан күтө туруп, кездешүүнү жыйынтыктары кандай болорун жакынкы күндөрү көрөбүз, - деди Кирби.

- Биз азырынча биргелешкен билдирүүнү гана көрдүк. Албетте Сириянын өзүндө, Алепподо өзгөрүүлөргө күбө боло элекпиз. Макулдашуунун ийгликтүү болушун айтуу эрте.

Москва жолугушуусуна тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү негизги оюнчу АКШ камтылбаганы менен Вашингтон ал процесстен четтеп калган деген ойго кошулбайт.

“Биз сыртка чыгып калган жокпуз. Бир жыйынга катышпай калганыбыз АКШнын таасиринен же лидерлик ролунан кол жууп калды дегенди туюндурбайт”, - деди Кирби.

Алеппо
Алеппо

Ошентсе да Москвадагы жолугушууда президент Асадды кулатууга эмес, террорчуларга каршы күрөшүүгө артыкчылык берүү жөнүндө маклулдашылды. Вашингтон болсо Сирия режимин жана өнөктөштөрүн согуш кылмыштары, жайкын тургундардын азап чегүүлөрү, кан төгүү үчүн айыптап келатышат.

Буга чейинки тынчтык сүйлөшүлөрдө Кошмо Штаттар жаңжалды саясий жол менен жөнгө салуу үчүн Асад кызматтан кетүүгө тийиш деп басым жасап келген. Ал эми Орусия, Иран жана Сирия бул шартты четке кагышууда.

Президенттин тагдыры боюнча олуттуу пикир келишпестиктер Улуттар уюмунун сүрөөнчүлүгү менен өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдү далай жолу туңгуюкка такаган. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва кездешүүсүнөнө кийин үчилтиктин сүйлөшүүлөрүнө чоң үмүт артарын айтты.

“Бүгүнкү формат эң эффективдүү. Бул – өнөктөштөрүбүздүн аракеттерине көлөкө түшүрүү аракети эмес, жөн гана фактылар тууралуу сөз кылып жатам”, - деди министр.

Лавров Москва менен Анкаранын арачылыгы менен жетишилген Алеппо шаарындагы карапайым адамдар менен козголоңчулардын эвакуациясын согушка аралашкан тараптардын натыйжалуу иш алып барганынын мисалы катары келтирди.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG