Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:42

Британ тышкы иштер министри Орусияны Асадга кысым жасоого үндөдү


Сирия.
Сирия.

Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Орусияны Сирия президенти Башар Асадды кызматтан кетирүү үчүн басым жасоого чакырды. Тышкы мекеменин жаңы жетекчиси бүгүн Лондондо биринчи жолу Германия, Франция, Италия, Европа биримдиги жана АКШнын тышкы иштер министрлери менен жолугушту.

- Асад бийликте кала берген чакта Сирия элинин азап чегүүлөрү токтобойт деп так айта алам. Эл аралык коомчулук, анын ичинде Орусия бул жаатта биригүүгө тийиш, - деди Жонсон кездешүүнүн алдында.

Өткөн жылы эле Борис Жонсон: "Британия “кансыз согуш” дооруна мүнөздүү ой жүгүртүүдөн баш тартып, Асад менен иштеши керек, себеби ал “Ислам мамлекети” радикал уюмуна караганда жакшыраак альтернатива",- деп билдирген болчу.

Орусия дагы бир өнөктөшү Иран менен биргеликте Асад жаңы өкмөт курууга жол ачкан шайлоо өткөндө гана Сирия президенти кызматынан кетүүгө тийиш деген позициясын карманып келатат.

XS
SM
MD
LG