Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Алепподон элди чыгаруу башталды


Алеппо
Алеппо

Алепподо ок атпоо келишими кайрадан күчүнө кирди. Жоочулар жана алардын үй-бүлөсүн эвакуациялоо планы ишке ашырыла баштады. Сирия бийлиги бул үчүн автобустарды даярдап, медициналык жардамга муктаж адамдар түшкөн биринчи унаа кербендери жолго чыкты.

Чыгыш Алепподогу куралдуу оппозиция жана алардын жакындарын оппозиция көзөмөлдөгөн Идлиб провинциясына чыгаруу боюнча жаңы макулдашуу күчүнө кирип, эвакуациялоо башталууда. Бул үчүн 20 автобус жана 10 тез жардам автоунаасы бөлүндү.

Жаңы келишимге жетишүү 14-декабрда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин мүмкүн болгону кабарланды. Алепподогу кырдаалды АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу дагы сүйлөшкөнүн түрк маалымат каражаттары маалымдады.

Түркия жана Орусиянын ортомчулугу астында жетишилген мурунку келишимге ылайык, эвакуация 14-декабрда таң эрте башталышы керек эле. Бирок ал келишим бузулуп, Чыгыш Алепподо кайрадан катуу кармаш чыгып кеткен. Ал үчүн Сирия бийлиги оппозицияны айыптаса, козголоңчулар бийлик жана анын тарабындагы куралдуу кошуундарды күнөөлөгөн. Түркия жана Орусия президенттеринин сүйлөшүүсү менен жаңы келишим жетишилип, 15-декабрда эвакуация башталды.

Британиядагы адам укуктары боюнча Сирия уюму медициналык жардамга муктаж адамдар түшкөн унаа кербени Чыгыш Алепподон чыгып кете баштаганын маалымдады.

Орусиянын коргоо министрлиги президент Владимир Путиндин буйругуна ылайык, орус дрондору автокербенди коштоп барарын, Сирия бийлиги да козголоңчулар жана алардын үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна кепилдик бергенин билдирди.

Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым Алепподон чыгып кетүүнү каалаган адамдарга гуманитардык коридор ачып, аларга жардам берүүгө, Сирия бийлигине таасир этүүгө орус өкмөтүн чакырды. Ал Идлибге келгендерге Түркия жардам берүүнү караштырып жатканын да билдирди:

- Эгерде адамдар шаарды таштап чыгып кеткиси келсе, 100 миңдей качкын Идлибге карай багыт алат. Бизде 15 миң чатырга муктаждык пайда болду.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Алепподон чыккан адамдарга жардам берүү жагын колго алууну Улуттар Уюмунан өтүндү. Улуттар Уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын маалымат катчысы Руперт Колвилл Сирия жана анын союздаштары эл аралык укуктарга ылайык адамдардын коопсуз жерге чыгып кетишин камсыздашы керек деди:

- Адамдар чыгып кетүүнү кааласа, анда ага жол берүү Сирия өкмөтү жана анын союздаштарынын милдети деп ойлойм. Башкача айтканда, эл аралык укуктарга ылайык аларга медициналык жардам көрсөтүү менен коопсуз жерге жеткирүү Сирия бийлигинин милдети. Жарадарларга, бейтаптарга медициналык жардам берүү да бийликтин юридикалык милдети. Алар келишимге жетишип, кетүүгө баары даяр учурда аткылоолорду кайра баштоо бийликтин одоно түрдө мыйзам бузуусу.

Кошмо Штаттардын мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби мамлекеттик катчы Жон Керри сүйлөшүүлөрдө кан төгүүлөрдү, зордук-зомбулуктарды токтотуу жана адамдардын чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридор ачууга басым жасап жатканын белгиледи.

Иранда болсо Алепподо Сирия бийлигинин жеңишке жетишүүсү АКШны жеңүү катары майрамдалууда. Иран президенти Хасан Роухани Сирия президенти Башар Асадды Алепподогу жеңиши менен куттуктап, “Тегеран Асад бардык душмандарын жеңгенге чейин колдой берерин” билдирген. Асаддын душманы аталган куралдуу оппозиция катарында Кошмо Штаттар жана батыш өлкөлөрү колдогон оппозициялык күчтөр дагы бар.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG