Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:36

Сирия армиясы Пальмираны колдон чыгарды


"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери
"Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери

Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алеппо шаарында ийгиликке жетишүүдө. Бирок бул арада “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун жоочулары байыркы Пальмира шаарын кайрадан басып алганы кабарланды.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү кан күйгөн Алеппонун 90% ашуун аймагын көзөмөлүнө алды. 12-декабрда армия Алеппонун чыгышындагы Шейх Саид кичи районун көзөмөлгө алганын Британияда жайгашкан Сирия адам укуктары уюму ырастады.

Уюмдун башчысы Рами Абдел Рахман муну менен өкмөттүк күчтөр буга чейин оппозициялык күчтөр көзөмөлдөп келген аймактын 90 пайыздан ашуунун көзөмөлгө алганын айтты.

Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлү Игорь Конашенков Сирия күчтөрү Алеппонун 93% көзөмөлдөп турганын ишемби күнү билдирген:

- Бүгүнкү күндө Сирия бийлиги Алеппо шаарынын 93% көзөмөлдөп турат.

Талкаланган Пальмира шаары
Талкаланган Пальмира шаары

Сириянын өкмөттүк күчтөрү негизги көңүлдү Алеппого буруп жатканда “Ислам мамлекетинин” жоочулары Алеппонун түштүк жагында 200 чакырым алыстыкта жайгашкан байыркы тарыхый эстеликтерге бай Пальмира шаарын кайрадан көзөмөлүнө алганы кабарланды. Сирия бийликтери Пальмиранын 80% калкы эвакуацияланганын билдирди.

Пальмира шаарын Сирия күчтөрү Орусиянын катуу колдоосу менен “Ислам мамлекетинин” жоочуларынан быйыл март айында бошоткон эле. Ал бошотуунун урматына Орусия байыркы тарыхый аренасында ачык асман астында концерт да уюштурган.

Бирок 10-11-декабрда 4 миңдей жоочу Пальмирага кол салып, Сирия аскерлери шаардын четине чегинүүгө аргасыз болду. Байыркы шаардагы борбордук имараттардын бирине “Ислам мамлекетинин” кара байрагы илингенин маалымат каражаттары көрсөттү.

Пальмирадагы концерт
Пальмирадагы концерт

Пальмираны кайра бошотууну Сирияда терроризмге каршы күрөштөгү негизги жетишкендиги катары көрсөтүп келген Орусия Пальмираны кайра бошотуу үчүн бардык аракеттер жасаларын билдирди. Анда билдирүү менен Орусиянын Тышкы иштер министрлиги 12-декабрда чыкты.

Алеппо шаарында болсо оппозициялык күчтөр көзөмөлдөгөн аймактардан миңдеген тынч жарандар өкмөт көзөмөлдөгөн аймактарга чыгарылды. Бирок дагы миңдеген адамдар кармаш жүрүп жаткан жерлерде кала бергени кабарланууда. Оппозиция жарадарларды, тынч жарандарды чыгаруу үчүн беш күндүк тыныгуу жарыялоону сунуштаган. Бирок Сирия жана Орусия козголоңчулар тыныгууну күч топтоо үчүн жумшайт деп, аны четке кагышкан.

Бул арада Кошмо Штаттардын коргоо министри Эш Картер 11-декабрда Иракка келип, премьер-министр Хайдар ал-Абади менен сүйлөшүү өткөрдү. Пентагондун маалымдоосу боюнча, эки тарап Мосулду бошотуу, анын учурунда Ирак күчтөрү менен күрт күчтөрүнүн өз ара кызматташуусун сүйлөштү. Эш Картер ошондуктан Ирактагы күрттөрдүн лидери Масуд Барзани менен да жолугушту.

АКШ коргоо министри Эш Картер Мосул үчүн согуш жеңил болбой жатканын билдирди:

- Бул жеңил күрөш эмес, жеңил күрөш болбойт дагы. Бирок биз бүгүн бул маселени премьер-министр Хайдар Абади менен талкууладык. Бул жакшы жолугушуу болду. Анда биз мындан бир нече ай мурун талкуулаган планды ишке ашыра берүүнү макулдаштык.

Ирак армиясы АКШ баштаган коалициянын абадан колдоосу менен Мосул шаарын бошотуу операциясы 17-октябрда баштаган. Биринчи мезгилде абдан ылдам бараткан операция акыркы кезде жайлап калды. Буга “Ислам мамлекетинин” жоочуларынын шаар борборунда катуу каршылыгы жана түрдүү коргонуу чараларын колдонуп жатканы себеп болууда. Маселен, алар жер төлөлөрдү казып, жардыруучу заттарды даярдап жана башка чараларды көрүшкөн. Ирак күчтөрү Мосулду алуу операциясы башталгандан бери шаардын ¼ бөлүгүн ээлешкен.

АКШнын Ирактагы аскерий командачысы Стивен Таунсенддин маалыматы боюнча, Мосулда “Ислам мамлекетинин” 3,5 миңден 6 миңге чейин жоочусу болгон. Операция башталгандан бери алардын 2 миңдейи өлдү же жараланды. Ошондуктан азыркы кезде орто эсеп менен Мосулда 3,5 миңден 5 миңге чейин жоочу бар.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG