Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:24

Алепподо бейкүнөө ажал тапкандар


Алепподогу гуманитардык кризистен улам башка жакка көчүүгө аргасыз болгон тургундар.
Алепподогу гуманитардык кризистен улам башка жакка көчүүгө аргасыз болгон тургундар.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алепподогу жайкын тургундардын үйүнө кирип барып атып салган учурлары болгон. Бул тууралуу өз булактарына таянып БУУнун өкүлү Руперт Колвилл 13-декабрда билдирди.

Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча башкармалыгынын өкүлү Руперт Колвиллдин айтуусунда, Сириянын өкмөттүк күчтөрү 12-декабрда эле Алепподо ондогон жайкын тургундарды атып өлтүргөн.

- Биз көптөгөн жайкын тургундар өкмөттүк күчтөр тарабынан камакка алынып жатканы тууралуу маалыматтарды алып жатабыз. Биз ошондой эле өкмөттүк армия жарандардын үйүнө кирип, ошол жактан эле аларды атып өлтүрүп жатканы тууралуу кабардар болдук. Алардын арасында аялдар жана балдар да бар. Көптөгөн булактар кечээ, 12-декабрда ондогон жайкын тургундар өлтүрүлгөнүн маалымдашты.

Колвилл өкмөттүк күчтөр кеминде 82 карапайым тургунду жок кылганын, алардын 11 аял, 13 бала экенин тактады.

- Бизге түшкөн коркунучтуу маалыматтарга ылайык, көчөлөр адам сөөгүнө толуп кетиптир. Ал жактагы тургундар аба соккулардан улам жана кимдир бирөө атып өлтүрөт деген коркунучтан улам сөөктөрдү алып кете албай жатышат.

Анткен менен Колвилл айрым маалыматтар далилденбегенин моюнга алып, бул суук кабарлар көбүртүлгөн болушу мүмкүн деген да үмүттө экенин кошумчалады.

БУУнун өкүлү Руперт Колвилл.
БУУнун өкүлү Руперт Колвилл.

Франциянын президенти Франсуа Олланд да Германиянын канцлери Ангела Меркел менен жолуккан соң журналисттерге берген маалымат жыйында Алепподогу кырдаалга токтолду.

- Франция да туруктуу мүчө болгон Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин Алепподогу кырдаал боюнча сунушу Орусия вето киргизгени үчүн ишке ашкан жок. 120 миңдей адам барымтада калды. Бул жерде андан башка сөз жок. Алар аба чабуулдардын, репрессиянын курмандыктары.

Мурдараак Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын чабарманы Ян Эгеланн өзүнүн Твиттердеги баракчасына Алепподогу кылмыштардын баарына Орусия менен Сирия өкмөтү жоопкер экенин жазган.

Эгеланндын билдирүүсүнө шейшембиде Орусиянын президенти Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков жооп берди.

- Байкашыбызча, Эгеланн мырза Алепподо учурда эмне болуп жатканынан кабардар эмес окшойт. Болбосо ал жакта террорчул топтор жасап жаткан ырайымсыздыктарга да көңүл бурмак.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 13-декабрда Сербиядагы иш сапары маалында журналисттердин алдында “Москва америкалык кесиптештерибиздин наалыган сөздөрүн уга берип чарчады” деди. Ал ошондой эле Вашингтонду калаадагы байистүү оппозицияны “террористтерден” бөлүү үчүн эч кандай аракет көрбөгөнү үчүн айыптады.

Алепподо өкмөттүк күчтөр жеңишин майрамдап жатышат.
Алепподо өкмөттүк күчтөр жеңишин майрамдап жатышат.

Орусия Сириядагы жарандык согуш башталганы президент Башар Асадга колдоо көрсөтүп, аскерий жана дипломатиялык жардам берип келет. 2015-жылдын сентябрь айында Москва Сирияда аба чабуулдарын баштаган. Кремл аба соккулар негизинен “Ислам мамлекети” радикал тобунун согушкерлерине каршы багытталганын айтканы менен, АКШ баштаган бир катар мамлекеттер чабуулдар негизинен байистүү оппозицияга каршы жүргүзүлгөнүн айтып келишет.

Төрт жылдан бери Сириянын президенти Башар Асадга каршы согушуп жаткан оппозиция күчтөрүнүн негизги уюгу деп эсептелген Алеппо шаары соңку бир ай ичинде өкмөттүк күчтөрдүн карамагына өттү. Шаардын чыгыш бөлүгүндөгү бир нече район гана учурда козголоңчулардын колунда кала берүүдө.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG