Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:54

Разаков: Сирияда тынчтык орнотуу оор


АКШ президенттигине Доналд Трамптын келиши менен Жакынкы Чыгыштагы кырдаал кайсы жагына оошу ыктымал? "Азаттык" бул тууралуу коопсуздук маселелери боюнча эксперт Талант Разаковду кепке тартты.

“Азаттык”: Талант мырза, АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп Сирия маселеси боюнча турумун билдирип, Башар Асадга эмес, өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топко каршы күрөшөрүн айтты. Обама Асад кетмейинче согуш токтобойт деген турумда эле. Орусия, белгилүү болгондой, Асаддын тарапкери. Демек, Трамптын келиши менен Сирия жаңжалы токтойт деген көз караштар канчалык жүйөлүү?

Разаков: Албетте, шайлоодон кийин өзгөрүүлөр болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок Сириядагы согуш эми бат эле токтоп калат деген ой – жаңылыштык. Анткени Сириядагы абал азыр өтө опурталдуу.

Ракканы бошотуу операциясы башталды

Ракканы бошотуу операциясы башталды

Сирияда АКШ колдогон күрт жана араб күчтөрү Ракка шаарын “Ислам мамлекети” террорду тобунан бошотуу операциясы башталганын жарыялады. Ракканы бошотууда кимдин ролу кандай болуусу керектиги соңку апталарда АКШ менен Түркия ортосунда талкууланып, айрым пикир-келишпестиктер да чыккан эле.

Биринчиден, ал жерде исламдын кылымдардан бери тынч келаткан эки бутагынын, шииттер менен суннилердин ортосунда от жагылган. Каршылыкты күчөтүү боюнча айрым чоң державалар тарабынан көп иштер жасалган экен. Иракта да ушул маселелер биринчи планга коюлуп жатат.

Мосул операциясы башталганда бир жумадай ошол жерде жүрдүм. Жергиликтүү тургундар, качкындар, Сириядан келгендер, айрым бир саясий ишмерлер, парламенттин айрым мүчөлөрү менен жолугуп сүйлөштүм, пикирин уктум. Алардын айтуусунда, өз ара диалог жүргүзүү, бир бүтүмгө келүү маселеси азырынча көрүнө элек.

Ошол эле учурда өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган топтун маселеси да абдан курч турат. Анткени, келишпестиктерден пайдаланып алар өздөрүнүн террордук таасирин күчөтүүдө.

Албетте, Сириянын жетекчилиги Орусияга айрым согуштук базаларын берген. Орусиянын ал жерде өзүнүн кызыкчылыгы бар. Ошол эле учурда башка улуу державалардын да кызыкчылыгы бар.

Айрым учурда террорчуларга сокку урууда жай тургундар чоң зыянга учурап жаткан фактылар көп экен. Бул террорчулардын пайдасына иштеп жаткандай.

Негизи террорчулукка каршы бүт дүйнө биригип калган. Бирок айрым маселелер боюнча эки тарапка бөлүнүп алышкандыктан бир келишимге келүү кыйын болууда.

“Азаттык”: Сиз айтып жаткан тараптардын биринде мына бийлик алмашты, көз караш өзгөрмөй болууда. Ошол фактор канчалык таасирин тийгизет?

Разаков: Чоң деле таасир тийгизе албаса керек.

“Азаттык”: Эмне үчүн?

Разаков: Бул азыр канталап турган жара да. Аны Орусия да, АКШ да бүтүрбөй туруп таштап кете албайт азыр. Эгер алар Сириядан баш тарта турган болсо “Ислам мамлекети” тобуна чоң жардам болот. Алар кайра күчөп кетиши мүмкүн.

Ошондуктан, террорчулукка каршы күрөш улана берет. Бирок, кандай деңгээлде болоору, катыштык маселеси каралышы мүмкүн. Бул эми, баягы, тактикалык өзгөрүүлөр гана болушу ыктымал. Бирок Сириядагы согуш ушуну менен бүттү деп үмүт кылыш кыйын.

Талант Разаков.
Талант Разаков.

“Азаттык”: Анда Сириядагы кырдаалдын өзгөрүшүнө кандай факторлор таасир этет?

Разаков: Бул жерде илгертеден эле улуу державалардын таасир чөйрөлөрү бар да. Ар ким ошол чөйрөсүндө калышы керек. Күчкө салып, кимдир бирөөнү ал жерден сүрүп чыгарам дей турган болсо, анда конфликт ырбап кетиши мүмкүн.

Кыскасы, эки тарап бир келишимге келип, биригип, террорчуларга каршы чабуулду ошондо күчөтүш керек.

Азыркы тирешүүнүн пайдасыз экенине алардын көзү жетсе жакшы болот эле.

“Азаттык”: Демек, ошол аймакта кызыкчылыгы бар өлкөлөр өз ара сүйлөшүү жолун тандашы керек деген пикирдесиз...

Разаков: Ооба. Буга чейин Орусия менен Кошмо Штаттар бир аз сүйлөшүп келди эле. Алар кийин жокко чыгарылып калбадыбы. Эми сүйлөшүүлөр дагы уланат болушу керек.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG