Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:28

Ирак бийлиги Анкараны сындады


ИМ тобунан бошотулгани жерде мунай куурлары өрттөнүүдө. Сүрөттө Ирак аскерлери. 1-ноябрь, 2016-жыл
ИМ тобунан бошотулгани жерде мунай куурлары өрттөнүүдө. Сүрөттө Ирак аскерлери. 1-ноябрь, 2016-жыл

Иракта Мосулду бошотуу операциясы жүрүүдө. Бул арада Түркия Ирактын чек арасына танк, артиллериясын жайгаштырып, Мосул үчүн операция туура эмес багытта баратса катышууга даярдыгын билдирди. Ирак өкмөтү Анкаранын мындай ниетин кескин сынга алып, эки ортодо конфронтация эпкини пайда болду.

Ирак-Түркия чатагы ырбайбы?

Ирактын өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади Анкаранын Мосулга жакын жерге танк жана артиллериясын жайгаштыруусун сындап, чагымга алдырбоону эскертти. Ирак телекөрсөтүүсүнө берген билдирүүсүндө, Багдад Анкара менен конфронтация же согушту каалабасын айтып, бирок чатак чыгып кетсе, Ирак күчтөрү ага даяр экенин белгилеген.

Хайдар ал-Абади Түркия Мосул үчүн күрөшкө аралашпоосу керектиги эскертилгенин, эгерде ал жүрүп жаткан согушка кирип кетсе, анда душман катары кабылданарын кошумчалаган.

Түркия болсо Ирактын түштүк-чыгыштагы чек арасына жакын жерге оор куралдарын жана аскерлерин жайгаштырып, зарылдык болсо алар Ирактын ичине жөнөтүлөрүн билдирген.

Түркия Ирак чек арасына жакын Силопи жергесине 1-ноябрда танк, артиллериясын жайгаштырган. Силопи Ирактын стратегиялык жолуна жакын жерде, Мосулдан 130 чакырым түштүк тарапта жайгашкан. Түркиянын коргоо министри Фикри Ишик Түркия аскерлерин өз чегинде гана кармоого милдеттенме албаганын билдирсе, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу коопсуздукка коркунуч сезилген болсо, Анкара Иракта операция баштарын, ал үчүн бардык ресурсун, анын ичинде жөө аскерлерин жөнөтөрүн айткан.

Ирак күчтөрү болсо бул арада Мосулду бошотуу операциясын ийгиликтүү улантып, шаардагы кичи райондорду тазалап жатканы кабарланууда.

Ирак өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади “жыландын башы жанчыларын” билдирди:

- Биз ИМ тобунун кача турган бардык жолдорун жабууга аракет кылып жатабыз. Бардык тургундарга айтарым, Кудай буюруса, жыландын башын жанчыйбыз. Мосулда жашаган эл жана күрөшүп жаткан каармандарыбыз ИМ тобунун башын алат. Мына ошону менен токтойбуз. Алар качып кутула албайт колго түшөт же өлөт.

Ирак күчтөрү күрттөрдүн пешмерга жана АКШнын абадан колдоосу менен 17-октябрда Мосулду бошотуу операциясын баштаган.

Сирияда дагы 10 саатка тыныгуу жарыяланды

Жакынкы Чыгыштагы экинчи бир жалындап жаткан Сириянын Алеппо шаарында Орусия президенти Владимир Путин 4-ноябрда дагы 10 сааттык гуманитардык тыныгуу сунуштаганын Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу 1-ноябрда маалымдады. Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн штаб башчысы Валерий Герасимов тыныгуу тууралуу чечим Сирия бийлиги менен макулдашылганын билдирди. Анын айтымында, гуманитардык тыныгуу учурунда тынч жарандар жана куралдуу оппозиция өкүлдөрү Алеппонун чыгышынан Идлиб провинциясын көздөй чыгып кете алат.

Сергей Шойгу Орусиянын аба күчтөрү 16 күндөн бери абадан сокку урбай жатканын айтып, ошол эле учурда АКШ баштаган коалиция келишкис куралдуу оппозицияны колдоп жатат деп айыптады. Шойгу Алепподо гуманитардык коридор аркылуу чыгууну каалаган тынч жарандарды жоочулар атып салууда деди:

- Гуманитардык коридорго келүүгө аракеттенген ондогон адамдарды күн сайын жоочулар атып салууда. Ушулар келишимге жетише турган оппозициябы? Сирияда террорчуларды жок кылуу үчүн өнөктөрдү буттан чалбай, биргелешип аракеттенүү керек. Анткени жоочулар аны өз кызыкчылыгына колдонуп жатышпайбы.

Алепподогу кырдаалды 1-ноябрда Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн штаб башчысы менен Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн штаб башчысы Хулуси Акар Москвада талкуулашты. Орусиянын Коргоо министрлигинин маалыматы боюнча, эки өлкөнүн штаб башчылары Сирия, ошондой эле Ирактагы кырдаал боюнча да пикир алмашкан. Түркия да, Орусия да Сирия аймагында аскерий операция өткөрүүдө.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG