Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Ирак күчтөрү Мосулдун жанындагы телестанцияны ээледи


Мосул операциясынан бир көрүнүш
Мосул операциясынан бир көрүнүш

Ирак өкмөтүнүн атайын күчтөрү Мосулдун чыгышындагы Гогжали конушуна кирип, аймактагы жалгыз телестанциянын имаратын көзөмөлгө алды. Бул тууралуу армиянын генералы Сами ал-Ариди билдирди.

Бул конуш Мосулдун Карама районунан 800 метр гана алыстыкта. Ирак күчтөрү акыркы эки жылда биринчи жолу Мосулга мынчалык жакын келишүүдө.

Генералдын айтымында, Ирак күчтөрү Карама районундагы ИМ террордук тобунун тосмолорунан өтүүгө аракет кылган. Бирок катуу атышуулар буга тоскоол болгон.

Мосулду "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунан бошотуу операциясы эки апта мурда башталган. (KKs)

XS
SM
MD
LG