Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:11

"Уулум Сирияда болушу мүмкүн"


Сирияда согушуп жүргөн борборазиялыктар.
Сирияда согушуп жүргөн борборазиялыктар.

Расмий маалыматтар боюнча, быйылкы жылы Сирияга кеткен кыргызстандыктардын саны кыйла азайды.

Талас шаарынын тургуну Сабира Каратаеванын уулу, 29 жаштагы Бакытбек Өмүралиев былтыр жайында Бишкектеги мечитке кеткен боюнча кабарсыз. Ал уулу бирөөлөрдүн азгырыгына кирип, Сирияга кетип калган болушу ыктымал деп күмөн саноодо. Анын айтуусунда, Бакытбек 14 жашынан бери талма оорулуу болчу. Андан айыгуу үчүн молдолорго дем салдырып жүрүп, динге берилген:

- Балам талма оорусуна чалдыккандан кийин дем салдырабыз деп мечиттерге, молдолорго көп каттадык. Ошондон уламбы, сакал коюп, диний китептерди окуп, түрдүү дубаларды жаттап жүрчү. Ар кандай шаан-шөкөттөрдөн көрө мечитке барып, молдокелер менен сүйлөшүп, алардан ар кандай баяндарды угууну жакшы көрчү. Дааватка чыгайын деп көп аракет кылды. Бирок оорулуу баланы алып барышпайт окшойт, алышчу эмес. Мен кошо барайын десем, убактым жок. Кээде мага да “имамдарга айтыңызчы, мени да дааватка алып барышсынчы” деп суранчу. Күн сайын эки жолу дары иччү, ошонусуна карап, мен да жиберчү эмесмин.

Сузактын тургуну жанкечтиликке барган уулун тааныды

Сузактын тургуну жанкечтиликке барган уулун тааныды

Сириянын Фуа шаарында өзүн жардырууга бел байлап жатып ыйлап жиберген жигит Кыргызстандын жараны болуп чыкты.

29 жаштагы Бакытбек Өмүралиев 2015-жылы 14-июлда үйүнөн мечитке чыгып кеткен боюнча дайынсыз кеткен. Апасы аны издеп, күч кызматтарына, көзү ачыктарга кайрылган. Буту жеткен жерге чейин издеп барган. Дээрлик бир жарым жылдан бери кабар бербеген уулу Сирияга кетип калган болушу ыктымал, анткени акыркы кездерде динге көбүрөөк берилип, ою да өзгөрө баштаган дейт апасы:

- Мен телевизордон сериал көрүп отуруп калсам, “апа, ушундан көрө Куран окуп, дуба жаттабайсызбы” деп айтып калчу. Өзү да намаз окубаганы менен дуба китептерден көзүн алчу эмес. Жоголордун астында да Бишкектеги мечитке каттап жүргөн. Мен мечитке кетти деп отура бериптирмин, көрсө ал жакка барбаптыр. Мына бир жарым жыл болуп калды, ошол боюнча дайынын билгизбеди.

Күч кызматтары 29 жаштагы Бакытбек Өмүралиевдин Сирияга кеткени тууралуу маалымат жоктугун билдиришүүдө. Алардын кабарлашынча, мындай адам Кыргызстандын аймагынан сыртка чыккан эмес.

Быйыл Сирияга кеткендер аз

Коопсуздук кызматынын маалыматы боюнча, жалпысынан 2013-жылдан бери Кыргызстандан Сирияга 600 чамалуу киши кеткен болсо, алардын 70тен ашууну ошол жакта өлгөн.

Сирияга кеткен кыргызстандыктардын басымдуу бөлүгү өлкөнүн түштүк облустарынан. Өткөн жылы Чүй жана Ысык-Көл облустарынан да кеткендер болгон. Жакында эле Ысык-Көлдөн Сирияга барган бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү согушта набыт болгону тууралуу маалымат интернетте тарап, бирок облустук күч кызматтары ал бышыктала электигин кабарлоодо. Таластан Сирияга баргандар катталган эмес.

Расмий маалыматтар боюнча, 2016-жылы Сирия, Ирактагы согуштарга кеткен кыргызстандыктардын агымы кыйла сээлдеди. Күч кызматтары буга Сирияга барып кайтып келген кыргызстандыктар аркылуу жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери таасир бергенин айтышууда. Эксперттер болсо, НАТО, АКШ, Орусия, Түркия сыяктуу өлкөлөрдүн биргелешкен күчтөрүнүн соккусунан улам, ИМ тобу алсырап баратканы Сирияга азгырыктар азаюусуна себеп болууда деп эсептешет.

Талкаланган Сирия.
Талкаланган Сирия.

Диний терроризмди бир нече жылдардан бери иликтеп келе жаткан адис, Ош облустук ИИБнын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаевдин айтуусунда, быйыл облустун аймагынан Сирияга кеткен кыргызстандыктар катталган эмес:

- Акыркы эки жылдан бери түшүндүрүү иштеринин натыйжасында Сирияга азгырылгандардын саны азайды. Биз Сирияга барып, кайра келген кишилер менен чогуу аймактарда түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Мындан тышкары, ал жакта жанкечтилик кылып жана башка жолдор менен өлгөн мекендештер жөнүндө видеолор чыгып жатат. Ошолордун таасиринен улам, быйыл Ош облусунан Сирияга кеткендер катталган жок.

Адистин айтуусунда, ошентсе да, интернеттеги социалдык тармактар аркылуу мекендештерин Сириядагы согушка үндөгөн кыргызстандык жарандар али да болсо катталууда. Август айында милициянын онунчу бөлүмү тарабынан Кара-Суу районунун тургуну, “Абдуллох” деген каймана аты бар 18 жаштагы жигит башка жарандарды Сириядагы согушка үндөп жүргөнү аныкталып, кармалган. Кийинчерээк сот аны эч жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде бошоткон. Учурда териштирүү жүрүп жатат.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG