Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:18

Сузактын тургуну жанкечтиликке барган уулун тааныды


Чабуул алдында Бабурдун ыйлап жибергенин көрүүгө болот. Видеодон алынган сүрөт.
Чабуул алдында Бабурдун ыйлап жибергенин көрүүгө болот. Видеодон алынган сүрөт.

Сириянын Фуа шаарында өзүн жардырууга бел байлап жатып ыйлап жиберген жигит Кыргызстандын жараны болуп чыкты.

УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын билдиришинче, 1994-жылы туулган Бабур Исраилов 2013-жылдын ноябрь айында Орусияга иштегени кетип, андан ары Сириядагы согуштук аракеттерге тартылган. Туугандарынын айтуусунда, Бабур ошол бойдон дайынын билгизген эмес.

Интернетте 18-сентябрда тараган тасмада өзбек тилинде сүйлөгөн согушкерлер Жафар ал-Тайар аттуу жигитти БТРге отургузуп, жардыруу ишине мажбурлап жөнөтүп жатканы тартылган. Бомбага шыкалган БТРга түшүп жаткан жанкечти согушкерлер мактап, сүрөп турган кезде ыйлап да жибергенин көрүүгө болот. Видеонун андан кийинки кадрларында жигит башкарган БТР "душмандын" аймагындагы имаратка барып жарылганы көрсөтүлгөн, ал эми Жафар өзү "шейит" болгону айтылат.

Видеотасмадан кийин жанкечти Өзбекстандын жараны болушу мүмкүн деген жоромолдор айтылган.

Бирок андан бир айга чукул убакыт өткөн соң ал Кыргызстандын жараны Бабур Исраилов экени маалым болду.

Буга чейинки маалыматтарда ал былтыр ооган талиптерине кошулгандыгын жарыялаган “Имам Бухари” деген террорчу жамааттын мүчөсү болгону айтылган.

"Баламды кайненеме бергениме өкүнөм"

Маркумдун атасы Тахир Рахитов баласын бирөөлөрдүн телефонундагы видеону кокустан көрүп калып, тааныганын айтууда. Ал Бабур таенесинин колунда чоңойгонун айтып, ага аталык тарбия бербей калганына өкүт кылууда.

ИМге кошулган Бабур. Сүрөт видеодон алынган
ИМге кошулган Бабур. Сүрөт видеодон алынган

- Биринчи аялым 1995-жылы каза болгон. Баламды кайненем "кызымдан калган жалгыз таберик" деп сураганынан берген элем. Андан кийин үйлөнүп, эки кыз, үч уулдуу болдум. Бабур 18 жыл бөлөк тарбияда чоңойсо да, жүрөгүм сыздап жатат. Балким кайненеме бербегенде уулум бул жагдайга туш болмок эмес.

Энесинен эрте ажыраган Бабурду Сузактагы таенеси багып, ал каза болгондон кийин таекеси Хамидулла Бакиров тарбиялаган. Ал жээни эки жыл мурун Орусияга иштегени кеткенин айтты:

- Апам 2010-жылы каза болуп, эжемдин баласы биздин колубузда калган болчу. "Орусияга барып иштейт элем" деп суранып туруп алды. Жок дей албай 2013-жылы ноябрда жөнөткөнбүз. Ал жакта жакшы эле иштеп жаткан, анча-мынча тапканын жөнөтүп да турду. Акыркы жолу 2014-жылдын март айында сүйлөшкөн элек. Ошол бойдон дайыны билинбей кетти. Аман болсо бир күнү келет деп күтүп жатканбыз. Бул бала кантип бул жолго азгырылып кеткенин билбей турабыз. Эжемдин баласын сактап кала албай калганыма өзүмдү абдан күнөөлүү сезип жатам.

Расмий маалымат боюнча Бабурга окшоп, Сириядагы согуштук аракеттерге катышкан жалалабаддык 14 киши мерт болгон. Дагы 84ү ошол жакта жүрөт. Алардын төртөө жашы жете элек өспүрүмдөр.

УКМК: Сирияда жүргөндөр дагы көбүрөөк өлүшү мүмкүн

УКМКнын облустук башкармалыгынын башчысы Канжарбек Бокоев Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн Сириядагы согушту жайгарууга жасаган аракеттери өлүм санын көбөйтүшү мүмкүн экенин айтууда. Ошол себептүү ал коомчулук Сирияда жүргөн туугандарын артка кайтарууга аракет кылышы керек деди:

"Ислам мамлекети" тобу
"Ислам мамлекети" тобу

- Орусия Федерациясы октябрь айынан баштап Сирия мамлекетине жардам берип, кайсыл жерде террорчулар бар болсо, ошол жерлерди бомбалап баштады. Эгерде ал жакта согуштук аракеттерге катышып жаткан жарандар өз ыктыяры менен бизге келсе, бул сөзсүз түрдө эске алынат, ал эми алар бул маалыматты бербей, кайрылбай жатса мыйзам чегинде жоопко тартылат.

Дин аалымдары болсо жаштар диний билимдин тайкылыгынан Сирияга азгырылып кетип жатканын айтып, тобокелдикке барбоого чакырып келет. Облустук казыяттын фатва бөлүмүнүн башчысы Бакытбек Түнкатаров Бабурду күчтөп танкага отургузган согушкерлерди айыптады:

- Кудай таала мажбурлоо болбосун деп айткан. Видеодогу жаш баланы мажбурлап танкага отургузуп, жардырууга даярдоо шариятка жат көрүнүш. Бул бала кимдир бирөөнүн азгырыгына кирди. Балдарды чет жакка жиберүүдө биринчи кезекте ата-энеде жоопкерчилик болуш керек. Ошондуктан бул жагдайларда ата-энелер балдарын жакшылап көзөмөлдөп турса деген максат. Жаштардын диний жактан билиминин тайкылыгы да буга себеп болууда.

Тартип кызматтарынын маалыматтары боюнча, тынымсыз аракеттердин натыйжасында Жалал-Абаддын алты тургуну Сирия аймагынан чыгарылып, 15 адам ал жакка баруу ниетинен баш тарткан. Согуштук аракеттерге азгырган 13 киши аныкталып, бешөө камакка алынган. Бул багытта аларга карата 11 кылмыш иши ачылган.

XS
SM
MD
LG