Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:25

ИМдин "илип кетме" саясаты илгерилебей калды


Сириялык жоокер "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун туусун көрсөтүүдө.
Сириялык жоокер "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун туусун көрсөтүүдө.

“Ислам мамлекети” экстремисттик тобу суюлуп бараткан катарын калыңдатуу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонууга өттү.

Террордук топ өзүнө адамдарды тартуу максатында чыгарган видеороликтеринде Сириядагы согуш майданы үй-бүлө менен турууга ыңгайлуу жер катары сүрөттөлөт. Экстремисттердин бул үгүт-насааты негизинен Борбор Азия өлкөлөрү үчүн багытталгандай.

Жик салган казак жихадчылары

Экстремисттик топтун орус тилдүү канаты тараткан эки видеонун биринде 60 жаштардагы өзбек согушкери өз улутташтарын “Ислам мамлекети” тобунун карамагындагы аймакка согушка келүүгө чакырат. Жарым сааттык бул тасмадагы анын өзбекче сөзүнүн орусча котормосу субтитр менен берилип турат. Андан кыскараак экинчи тасмада эки казак киши менен алардын балдары казакстандык мусулмандарды Сирияга чакырат.

Соңку эки видео тасмада тең согушка үй-бүлөңөр менен келсеңер болот деген үндөө жатат. Казактар тууралуу видео бир өспүрүм бала, бир жеткинчек жана дагы бир наристе менен отурган согушкерлер түшүрүлгөн кадр менен башталат. Андагы эки каарман Сирияга бала-чакалары менен келгенин айтат.

Марат Мауленов (оң жакта)
Марат Мауленов (оң жакта)

“Азаттыктын” казак кызматынын маалыматына караганда, өзүн Марат Мауленов деп тааныштырган биринчи согушкер Түштүк Казакстан облусундагы Казыгурт айылындагы мектепте орус тилинен сабак берип жүргөн жеринен былтыр алты баласы менен аялын алып Сирияга кетип калган.

Анын аталган айылда жашаган инисинин зайыбы Айгүл бул видеодогу кайнагасын, кайнилерин жазбай тааныган:

- Алар качан кеткенин так билбейм. Мен анда Чымкентте ооруканада жаткам. Бир ирет абалымды сурап келишкен. Андан кийин көрбөдүм. Ушинтип кетип калышарын эч ким, биз да билген эмеспиз.

Марат Мауленовдун бир иниси, эки эжеси бар. Жакында эле узак оорудан кайтыш болгон атасын сурап да койбогон соң бир туугандары анын кайтып келеринен биротоло түңүлгөндөй.

Ринат Жумабеков аттуу экинчи согушкер Орусиянын Оренбург облусундагы Орск шаарынан келген казакмын деп тааныштырат. Маалыматтарга караганда, ал былтыр сегиз жаштагы уулу менен Түркияга кетип, ошондон кайра кайтпаган.

Алтымыштын ашын ашаган оштук согушкер

Өзбектерди Сирияга чакырган видеодогу Абу Амина деп тааныштырылган 60ка таяп калган аксакал түбү Оштон экенин, мурда көп күнөө иштерди кылганын, анан Оштогу мечиттердин бирине каттап жүрүп, аялы, бала-бакырасы менен Сирияга келгенин, халифалыкка үй-бүлөсү менен келип кошулчулар үчүн бардык шарттар бар экенин айтат. Видеодо анын эң кичине небереси менен отурган сүрөтү да көрсөтүлөт.

Бул тасмалар согушкерлер катарын борбор азиялыктар менен толуктоого белсене киришкенин аныктайт. Экстремисттердин мындай кадамы аталган аймактагы өлкөлөр коопсуздук чараларын күчөтүшү менен киши тартуусу кыйындап кеткенинен да кабар бергенсийт. Маселен, 30-мартта Москвада “Ислам мамлекети” тобуна киши жыйноо менен алектенген деген айып менен 18 адам кармалган. Алардын көбү өзбекстандыктар болуп чыкты.

Акыркы жылдары Борбор Азия өлкөлөрү Сирияга аттанганы жаткан жарандардын жолун тосуу үчүн диний радикализмге каршы күрөштү күчөткөнү байма-бай айтылып келет. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Буга чейин Сирияга Ала-Тоодон да үй-бүлөсү менен кеткендер тууралуу бир канча жолу айтылган. Ички иштер министрлигинин соңку маалыматына караганда, жалпысынан Кыргызстандан Сирия менен Ирактагы куралдуу кагылыштарга катышып жүргөндөрдүн саны 500дөн ашуун. Алардын 135и 10-18 жаштагы өспүрүмдөр.

“Ислам мамлекети” террордук тобунун катарында кошуна Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын да беш жүздөн миңге чейинки жараны бар экени айтылып жүрөт.

Обама: Жер менен жексен кылабыз

АКШ баштаган эл аралык коалиция бир жылдан ашуун убакыттан бери бул топко каршы операция жүргүзүүдө. Өткөн айда Брюсселде аталган топ жоопкерчилик алган террордук чабуулдардан кийин АКШ президенти Барак Обама “Ислам мамлекети” террордук тобу жер менен жексен болмоюнча аларга каршы күрөш улана берерин айтты:

Барак Обама
Барак Обама

- Биз “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы күрөштү бул уюм толук жексен болгончо чейин уланта беребиз. Аз күн мурда биз анын жетекчилеринин бирин жок кылдык. Аларга каршы күрөшүп жаткан Ирак менен Сирия күчтөрүн колдогон аба соккуларынын натыйжасында биз террордук топ ээлеп алган аймактын 40 пайызын бошоттук. Мосул чептеринде террорчуларга басым жасай баштаган Ирак күчтөрүн колдоп жатабыз. Биз "Ислам мамлекети" тобу толук жок болмоюнча токтобойбуз.

Орусия учактарынын аба соккуларынын колдоосу менен Сирия өкмөттүк күчтөрү да жакында байыркы Пальмира шаарын согушкерлерден бошотту. Ошентип өзүн “Ислам мамлекети” атаган террорчул топ барган сайын алсырап баратканы кабарланууда. 2013-жылы Сириянын Ракка шаарында негизделип, халифат орнотууну жарыялаган бул топту дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрү террордук уюм деп таанып, ишмердигине тыюу салган.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG