Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:39

Пальмира согушкерлерден бошотулду


Сирия, Пальмира.
Сирия, Пальмира.

Сирия өкмөттүк күчтөрү орус учактарынын аба соккуларынын колдоосу менен байыркы Пальмира шаарын “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлеринен бошотту.

Сирия президенти Башар Асад Пальмира калаасы кайтарылышын өз армиясынын террорго каршы күрөштөгү “маанилүү жеңиши” деп баалады. Башар Асад 27-мартта Дамаскта Франция парламентинин мүчөлөрү менен жолугушуп жатып: “Байыркы шаардын “Ислам мамлекети” тобунан бошотулушун “маанилүү жетишкендик” жана армия менен анын өнөктөштөрүнүн терроризмге каршы согуштагы стратегиясынын ийгилиги катары сыпаттады.

Сирия президенти ага катар бул жолугушууда “Ислам мамлекети” тобуна каршы алтымыштай өлкө кирген жана АКШ баштаган коалицияны терроризмге каршы күрөшкө “олуттуу” көңүл бурбай жатканы үчүн да сынга алган.

Пальмираны колдон чыгаруу Сирия менен Ирактын бир канча аймагын ээлеп алып, 2014-жылы өз алдынча халифат жарыялап жиберген “Ислам мамлекети” тобу үчүн чоң жоготуу болду. Согушкерлер бул шаарды 2015-жылы май айында басып алган эле. Сирия өкмөттүк күчтөрү үч аптага созулган катуу уруштун натыйжасында эми шаарды кайра тартып алды.

Мамлекеттик телеканал шаарга толук көзөмөл орнотулгандан кийин аскерлер Пальмираны согушкерлер таштап кеткен минадан жана бомбадан тазалоого киришкенин кабарлады.

- Пальмирага коопсуздук жана туруктуулук кайтып келди. Армия көп сандаган согушкерлерди жок кылуу менен шаардын тегерек-четине чейин көзөмөл орнотту, - деди Сирия армиясынын өкүлү.

Байыркы Пальмира шаары бошотулду
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:07 0:00

Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча обсерваториясынын маалыматына караганда, жекшемби күнү эртелеп шаардын чыгыш тарабында атышуулардын үнү угулуп, “Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери чегингени байкалган. Эми Пальмираны бул террордук топтун таянычы саналган Ракка шаары менен байланыштырган жол өкмөттүк күчтөрдүн колуна өттү. Бул согушкерлер чыгышты көздөй, Ирактын чек арасы тарапка гана чегине алат дегенди билдирет.

Сирия армиясынын башкы командачылыгы Пальмира эми Ракка жана Дайр уз-Зур шаарларындагы согушкерлерге каршы операцияларды ишке ашыруунун чордону катары кызмат кыларын айтты.

Орусия эки апта илгери Сириядан куралдуу күчтөрүнүн негизги бөлүгүн чыгарып кетсе да, Пальмира үчүн салгылашта орус учактары менен тик учактары ондогон чабуулдарды ишке ашырды. Орус маалымат агенттиктеринин жазышынча, Орусия Коргоо министрлиги 27-мартта акыркы 24 саатта өз аба күчтөрү Пальмира үстүндө 40 жолу учуу жасап, 117 сокку урганы жана андан 80ден ашуун согушкер тындым болгонун билдирген.

Кремль ошондой эле өлкө башчысы Владимир Путин Сирия президенти Башар Асадды Пальмиранын бошотулушу менен куттуктаганын кабарлады.

Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктары боюнча обсерваториясынын башчысы Рами Абдулрахмон Пальмира урушунда 400 чакты согушкер, өкмөттүк күчтөрдүн 180дей аскери мерт болгонун, бул “Ислам мамлекети” тобу үчүн 2014-жылы халифалык жарыялагандан берки эң оор жоготуу экенин маалымдады.

Согушкерлер шаарды басып алган бир жыл аралыгында андагы бир канча байыркы тарыхый эстеликтерди “бутпарастык” деген негизде талкалоого үлгүргөн. Маселен, эки миң жылдан ашык тарыхы бар Бел храмын жана Рим империясы менен Персияны байланыштырган жолдун тоомунда жайгашкан тарыхый дарбаза – триумфалдык арканы жардырып жиберишкен.

Сириянын тарыхый баалуулуктар боюнча кызматынын башчысы Маамун Абдулкарим эми тарыхый эстеликтерди калыбына келтирүү үчүн кеминде беш жыл керек болорун айтып чыкты. Ал 28-мартта археологдор байыркы эстеликтерге келтирилген зыяндарды байкоого келишкенин, жалпысынан тарыхый эстеликтер сакталып калганын, өкмөт мындан жаман абалды элестеткенин билдирди.

Бириккен Улуттар уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун да 27-мартта Иордания борбору Аммандагы маалымат жыйынында Пальмира бошотулушун кубаттап, андагы байыркы эстеликтер калыбына келтирерине үмүт артты:

- Сириянын өкмөттүк күчтөрү Пальмираны кайтарып алганына кубанып жатабыз. Мени Сирия бийлиги эми шаардагы тарыхый эстеликтерди жөн гана коргобостон, кайра калыбына келтиребиз дегени да сүйүнттү. Бул алардын колунан келет деген ниеттемин.

ЮНЕСКО согушкерлердин тарыхый жайларды талкалоосун наадандык катары баалап, аны согуштук кылмышка теңеген.Бул шаар тарыхый-маданий комплекс катары ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG