Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

БУУ Палмира шаарындагы тарыхый жайлардын талкаланышын айыптады


БУУнун маданий уюму Палмира шаарындагы тарыхый жайларды талкалаган “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун аракеттерин айыптады.

Аталган экстремисттик топ тарыхый жайларда сакталып келаткан кол жазмаларды жана буюмдарды жок кылганын тастыктаган фотосүрөттөрдү интернетке жарыялаган. Арасында биздин заманга чейинки 1-кылымга таандык, бийиктиги он футтан ашуун “Ал лат арстаны” деп аталган белгилүү айкел да бар. ЮНЕСКОнун башкы директору Ирина Бокова жихадчылар көөнө эстеликтер атайылап, аёосуз кыйратылып жатканын баса белгиледи.

Жихадчылар акыркы бир жыл аралыгында Ирак, Сирия, Ливия жана Йемендеги көөнө археологиялык эстеликтерди таш-талкан кылган.

“Ислам мамлекети” тобунун согушкерлери Палмираны май айында ээлеп алган. Алар буга чейин ЮНЕСКОнун тарыхый мурастар тизмесине кирген бир катар байыркы курулуштарды, мазарларды жок кылышкан.(КE)

XS
SM
MD
LG