Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:48

Капитан аял ИМге кантип кошулду?


"Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп, кайра кайтып келген аял. Кыргызстан
"Ислам мамлекети" террордук тобуна кошулуп, кайра кайтып келген аял. Кыргызстан

Тажикстандын Ички иштер министрлигинин маалымат борборунун мурдагы кызматкери, жакынга чейин Бажы кызматынын маалымат катчысы болуп иштеген капитан Хумайро Мирова төрт баласы менен Сирияга кеткени белгилүү болду.

Ал “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кошулуп кеткен күйөөсү, тажик милициясынын атайын даярдыктагы тобунун мурдагы командири, полковник Гүлмурод Халимовдун жанына кеткени кабарланууда.

Террорчунун токолу

Буга чейин Ички иштер министрлигинде иштеген Хумайро Мирова Халимовдун экинчи аялы экени айтылууда. Муну бир аз мурда “Азаттыкка” качкын полковниктин эжеси да ырастаган эле.

Хумайро Мирова жакынга чейин Тажикстандын Бажы кызматында маалымат катчы болуп иштеп, Халимов Сирияга кетип калгандан кийин деле ишин улантып жүргөн. Кесиптештеринин айтымында, ал эч нерсе болбогондой эле иштеп жүргөн, укук коргоо органдарынын деле аны менен иши болбогон.

Хумайро Мирова Бажы кызматынын пресс жыйынында
Хумайро Мирова Бажы кызматынын пресс жыйынында

Бажы кызматынан “Азаттыкка” Мирова сегиз ай мурда төрөт алдындагы эс алууга кеткен бойдон дайыны чыкпай калганын 26-февралда билдиришти:

- Ал жети-сегиз ай мурда кош бойлуулугуна байланыштуу эс алууга кеткенге чейин иштеп турган. Андан кийин деле анда-санда кеңсеге келип калчу. Бирок акыркы убактарда таптакыр көрүнбөй калган. Каякта жүргөнүнөн кабарыбыз жок, - деди Бажы кызматынын азыркы маалымат катчысы Нурулла Шарипов.

Тажик бийликтери бул аялдын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун катарындагы полковник күйөөсүнүн жанына качан кеткенин так айтпаганы менен ал азыр Сирияда экени аныктыгын билдиришти. Азырынча анын бир канча жылдан бери согуш оту өчпөй, күн санап миңдеген адамдар качып чыгып жаткан бул өлкөгө эмне максат менен барганы айтыла элек. Деген менен ал төрт баласын алып, андагы күйөөсү Гүлмурад Халимовго кеткени тууралуу имиш кептер айтылууда.

Хумайро Мирова Ички иштер министрлигинин маалымат борборунда 2008-жылдан тарта иштеп баштаган. Ошол жерде ал кезде милициянын атайын тобунда иштеген Гүлмурад Халимов менен таанышат да, кийинчерээк ага экинчи аял болуп турмушка чыгат.

Террорго каршы күрөшкөн офицер өзү террорчу болуп кетти

Тажик милициясынын өзгөчө отряды - ОМОНдун командири, 40 жаштагы полковник Гүлмурод Халимов былтыр 23-апрелде иш ордуна кызматтык күбөлүгүн калтырып, дарегин айтпай дайынсыз жоголгон. Бир айдан кийин ал Сирияга барып, “Ислам мамлекети” террордук тобуна кошулуп кеткени ачыкка чыгат. Май айынын соңунда интернетте жарыяланган видеотасмада ал Ата Журтуна “жихадга” келерин эскертип, “Ислам мамлекети” тобуна кошулуу чечимине тажик өкмөтүнүн исламдын үрп-адаттарына каршы жүргүзгөн саясаты түрткү бергенин айтат. Кийин тажик коопсуздук кызматы Халимов эки шериги менен Түркия аркылуу Сирияга кеткенин билдирип, Башкы прокуратура кылмыш ишин козгойт жана эл аралык издөө жарыялайт.

Гүлмурод Халимов
Гүлмурод Халимов

АКШ мамлекеттик департаменти кийинчерээк полковник Гүлмурод Халимов 2003-2014-жылдар аралыгында Кошмо Штаттарда терроризмге каршы беш баскычтагы окуу-машыгуудан өткөнүн, ал бул окууга тажик бийликтеринин сунушу менен катышканын билдирген.

“Машыгуунун максаты – терроризмге каршы күрөшүүнүн заманбап ыкмаларын үйрөнүү эле. Террорчулукка каршы күрөшкө даярдалган Халимов эми өзү террорчу болуп кетти”, - деп кабарлаган эле CNN телеканалы мамлекеттик департаменттин өкүлүнө таянуу менен.

Американын атайын кызматынын мурдагы офицери Майкл Брин террорго каршы күрөшкөн жогорку даражалуу тажик офицери өзү террорчу болуп кетишин жакшы эмес көрүнүш деп баалап, ал терроризмге каршы операциялар кантип даярдаларын эң жакшы билерин айткан.

Полковник Халимов Тажикстандын Варзаб районунда 1975-жылы туулган. 1990-жылдардын башында бул өлкөдөгү жарандык согуш маалында президенттик гвардияда кызмат өтөгөн. Кийин Ички иштер министрлигине ишке кирип, сержанттыктан полковникке чейин жеткен. Сирияга кеткенге чейин тажик милициясынын атайын тобу - ОМОНдун командири болуп турган. Москвада жана АКШнын Луизиана штатында террорчулукка каршы күрөшүү боюнча машыгуудан өткөн.

Тажик бийликтери буга чейин өлкөнүн миңге жакын жараны Сирия жана Ирактагы согушка катышып жүргөнүн билдирген.

  • 16x9 Image

    Шайырбек Эркин уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, интернет редактор. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG