Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

Алеппо: тынчтык келишими туңгуюкта


Алеппонун чыгышы
Алеппонун чыгышы

Сириянын Алеппо шаарында кайра тутанган кагылышуулар ок атышпоо келишимин жана эвакуациялоо планын туңгуюкка кептеди.

Алеппонун чыгыш тарабында жыйырмадай автобус эвакуациялоо ишинин башталышын күтүп жаткан эле. Козголоңчулар менен карапайым тургундар качан чыгарылаары ансыз да белгисиз болуп турганда шаарда кармаш кайра тутанганы белгилүү болду. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы Алеппонун тегерегинде снаряддар атылып, катуу кармаш башталганын тастыктады.

Түрк өкмөтү келишимди бузду деп Сириянын режимин жана башка топторду айыптады. Орусиянын Коргоо министрлиги болсо көтөрүлүшчүлөр макулдашууну бузганы үчүн Сириянын армиясы аскердик операциясын кайра баштаганын билдирди.

Орусия жана Түркиянын ортомчулугу менен түндө жетишилген ок атышпоо келишимине ылайык, Алеппонун чыгышындагы козголоңчулар менен жөн-жай тургундар Идлибге карай көчүрүлмөк. Натыйжада төрт жылдан бери көтөрүлүшчүлөр көзөмөлдөп келген Чыгыш Алеппо толугу менен өкмөттүн колуна өтмөк.

Эвакуация үчүн Алеппонун чыгышына келген автобустар.
Эвакуация үчүн Алеппонун чыгышына келген автобустар.

Кечээ Орусия Сирия армиясынын Алепподогу операциясы токтогонун, эвакуация үчүн корридорлор ачылганын билдирген. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров Алепподогу кырдаал чечилерине аз калганы ишара кылган эле:

- Алдыдагы эки-үч күндө Алеппонун чыгышындагы кырдаал чечилет деп үмүттөнөм. Миңдеген жайкын тургундар чыгып кетиши үчүн гуманитардык коридор түздүк. Жоочулардын өз эрки менен чыгып кетишине да мүмкүнчүлүк берилди. Азчылык топ бул сунушту четке какса, бул алардын өздөрүнүн тандоосу болот.

Орус тараптын билдиришинче, соңку 24 сааттын ичинде алты миңдей карапайым тургун козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактан чыгып кеткен жана 300дөн ашык көтөрүлүшчү куралдарын тапшырган. Бирок Алеппону колго алуу үчүн жан үрөп жаткан президент Башар Асаддын күчтөрүнө олуттуу кине тагылууда. БУУнун Адам укуктары боюнча агенттиги Сириянын өкмөттүк күчтөрү 80ден ашык карапайым тургунду өлтүргөнүн, алардын 11 аял, 13 бала экенин билдирген.

АКШнын БУУдагы элчиси Саманта Пауэр "Алеппонун тургундарына тузак жайып жатат" деп Сирия өкмөтүн, Орусияны жана Иранды айыптады:

- Бул силердин тузагыңар. БУУнун үч мүчөсү жайкын тургундардын тузакка түшүүсүнө кол кабыш кылып жатат. Бул силерди уялтышы керек эле. Анын ордуна силерди шыктандырып жатат. Кийинки чабуулдарыңарга даярданып жатасыңар.

Алепподогу чабуулдарга каршылык билдирген топтун Иорданиядагы нааразылык акциясы, 13-декабрь.
Алепподогу чабуулдарга каршылык билдирген топтун Иорданиядагы нааразылык акциясы, 13-декабрь.

Орусия менен Иран Сирияда беш жыл мурда тутанган, кеминде чейрек миллион адамдын өмүрүн алган жарандык согушта өкмөттүк күчтөргө колдоо көрсөтүп келет. Орус армиясы өткөн жылдын сентябрь айында аба чабуулдарын баштагандан бери президенттин Асаддын күчтөрү бир топ жылыштарды жасады. Андыктан байкоочулар Алеппонун өкмөттүн колуна өтүшү президент Асаддын гана эмес, орус тараптын да, Ирандын да жеңиши болуп калаарын айтышууда.

Кезинде Алеппо Сириядагы эң көп калк жашаган шаар жана өлкөнүн финансылык борбору эле. Өкмөттүк күчтөр Алепподо жылыш жасаганы менен байыркы Пальмира шаарын “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна кайра тарттырып жиберди.

Ал ортодо Химиялык куралдарга каршы эл аралык уюм президент Асадга ыктаган күчтөр Пальмиранын жанында химиялык курал колдонду дегенге негиздер бар экенин кабарлады.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG