Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:17

БУУ Сириядагы аскер кылмыштарын иликтейт


Алеппо
Алеппо

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Сириядагы аскерий кылмыштарды иликтөө үчүн атайын орган түзүүнү чечти. Лихтенштейн тарабынан сунушталган чечим Орусиянын каршылыгына карабай көпчүлүк добуш менен жактырылды.

Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы Орусия жана Сириянын кескин каршылыгына карабай Сириядагы аскер кылмыштарын жана адам укуктарынын бузулушун иликтөө үчүн атайын топ түзүүнү чечти.

21-декабрда Лихтенштейн тарабынан даярдалып, 58 өлкө демөөрчү болгон резолюцияны 105 өлкөдө колдоду. 15 өлкө анын ичинде Кыргызстан, Орусия, Беларус каршы добуш берсе, Казакстан баштаган 52 өлкө добуш берүүдөн карманды. Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан добуш берүүгө келген эмес.

Орусия "Башкы ассамблея БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишине аралашып жатат" деп каршылык билдирди.

Коопсуздук кеңешинде болсо Орусия Сирия маселеси боюнча бир нече жолу вето коюп келатканы белгилүү.

Иран жана Кытай Башкы ассамблеяда кабыл алынган чечимге каршы добуш берди.

Бириккен Улуттар Уюмундагы Лихтенштейндин элчиси Кристиан Венавезер

- Биз жооп берүү болорун туюндурган маанилүү чечимдерди кабыл алууну көп жолу жана узак убакыт бою токтотуп келдик, бул өз кезегинде Сирияда өтө катаал чараларды колдонуу эч нерсеге алып келбейт, баары боло берет деген түшүнүккө жеткирди, - деп айтты.

Кытайдын БУУдагы өкүлүнүн орун басары У Хайтао Башкы ассамблея жазасыз калуу проблемасын өлкөнүн соттук эгемендүүлүгүн бузбай чечиши керек деген жүйө келтирди:

- Ал проблеманы саясий жол менен чечүү үчүн бардык аракеттерди кырдаалга жараша координациялоо керек. Эл аралык коомчулук тарабынан кабыл алынган ар кандай чечимдер Сириянын эгемендүүлүгүн, көз карандысыздыгын жана аймактык бүтүндүгүн сыйлап, Сириядагы кризисти саясий жол менен чечүүгө салымын кошуп, конструктивдүү ролду ойношу керек. Маселени татаалдантууга жол бербей, Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө өлкөлөрдүн биримдигин камсыздоодо пайдалуу болууга тийиш.

Орусиянын БУУдагы өкүлү Башкы ассамблея тергөө жана иликтөө органдарын түзүүгө укуксуз экенин, ал Коопсуздук Кеңешинин гана ыйгарым укугу экенин белгиледи.

Сириянын Бириккен Улуттар Уюмундагы элчиси Башар Жафар чечим мыйзамсыз кабыл алынганын жана ал Сириядагы жаңжалды жөнгө салууга зыянын тийгизерин билдирди.

Ал эми "Хьюман Райтс Уотч" уюмунун өкүлү Балкис Ярах Башкы ассамблеянын чечимин кубаттап, бул Сириядагы аскерий кылмыштарды иликтөөдө Коопсуздук кеңеши тушуккан туңгуюктан чыгууга жол болгонун белгиледи.

Сириядагы аскерий кылмыштарды иликтөө боюнча Башкы ассамблея тарабынан түзүлгөн топ Улуттар Уюмунун иликтөө комиссиясы менен биргеликте иштейт. Бул комиссия буга чейин эле Сириядагы согуш учурундагы жырткычтыктар, химиялык курал колдонуу боюнча бир нече баяндамаларды даярдаган.

Башкы ассамблеянын мындай чечими кабыл алынардан бир күн мурда Орусия, Түркия жана Ирандын тышкы иштер министрлери Москвада жолугуп, Сирия жаңжалын чечүүдө кызматташууну кеңешти. Анда министрлер бул жаңжалды саясий жол менен чечүүгө басым жасоону макулдашты.

АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Жон Кирби АКШнын мамлекеттик катчысы мындай аракетти кубаттарын билдирген:

Жон Кирби
Жон Кирби

- Мамлекеттик катчы Сирияда ок атууну токтотуу боюнча бардык аракеттерди колдойт. Бул өзгөчө Алепподо калган адамдар үчүн жана саясий сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн маанилүү. Ал Орусия жана Түркия тышкы иштер министрлери менен сүйлөшкөндө саясий сүйлөшүүлөрдү мүмкүн болушунча эртерээк жолго салууну жактады.

Жон Кирби ошондой эле Кошмо Штаттар Сирия жаңжалы башталгандан бери маселени саясий жол менен чечүүгө басым жасап келатканын кошумчалады.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикиwр калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG