Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:03

Сирияда химиялык курал текшерилет


Эркин Сирия армиясынын аскери
Эркин Сирия армиясынын аскери

Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши Сирияда химиялык курал колдонуу боюнча иликтөө комиссиясынын мандатын узартты.

Орусия комиссиянын буга чейинки отчетун четке кагып, Сирия армиясы хлорин газын колдонгон деген далилдер жетиштүү эмес, санкцияларды киргизүүгө негиз жок деп билдирген.

Коопсуздук кеңеши 31-октябрда АКШ сунуш кылган резолюцияны бир добуштан колдоп, иликтөө комиссиясынын мөөнөтү 18-ноябрга чейин узарды. Бул маалда 2014 жана 2015-жылдары Сириянын кыштактарында болгон химимялык чабуулдарды териштирүү ишин жандантууга сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.

Өткөн аптада Сирия армиясы үч химиялык чабуул койгон деген БУУнун отчетун Орусия “ынандырбайт” деп четке каккан жана санкция киргизүү үчүн далилдер жок деп эсептээрин билдирген.

Улуттар уюму менен химиялык куралга тыюу салуу боюнча уюм биргелешкен баяндамасында Сириянын өкмөттүк күчтөрү 2014 жана 2015-жылдары бир нече айылда хлор газын колдонушканын бышыктаган далилдерди келтиришкен. Бирок Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин Коопсуздук кеңешинин жабык жыйынынан кийин жазалоочу чараларды колдонуу үчүн чогултулган фактылар ишенимдүү эмес деп билдирди. Элчи Чуркиндин жүйөсүндө "күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, далилдер жетишсиз, карама-каршылыктар көп, андыктан ынандырбайт”.

Ал эми АКШ, Британия жана Франция санкция киргизүү керектигине басым жасашууда. ​

Британиянын БУУдагы элчиси Мэтью Райкрофт Коопсуздук кеңеши “Сириядагы химиялык курал колдонууга тиешеси бар адамдардын жазасыз калбашын камсыздоого тийиш” деп билдирди.

Франциянын өкүлү Франсуа Делаттр болсо комиссиянын мандатын эки жумага чоюу биринчи кадам деди.

"Баарыбыз билгендей, Сирияда химиялык курал пайдалануунун бир топ учурлары болгон. Андыктан иликтөөнү бир жылга узартуу өтө маанилүү болду", - деди француз элчиси.

Коопсуздук кеңеши хлоринди колдонунун артында ким турганын аныктоо үчүн атайын топту 2015-жылдын август айында түзгөн. Андай курал колдонууга Химиялык куралдар боюнча конвенция тыюу салат. Сирия ал келишимге 2013-жылы Орусиянын кысымы астында кошулган.

Москва комиссия Сирияга көңүл бурууга тийиш деген баштапкы макулдашууга көнгөнү менен, орус элчиси Виталий Чуркин 31-октябрда бардык топтор тарабынан жасалган "химиялык терроризм" иликтенүүгө тийиш, алардын мандаты кошуна Иракка да жайылышы керек деп билдирди.

Бул маселени саясатташтыруу комиссиянын ишине тоскоол болуп келди. Бул - кимдир бирөөнүн Сирия өкмөтүн дагы бир жолу сындоо максатын ишке ашыруу үчүн оюнчук эмес. Анын үстүнө Дамаск комиссиянын тыянагы боюнча өз алдынча, улуттук деңгээлде тергөө баштаган.

Комиссия буга чейин аныктагандай, “Ислам мамлекети” радикал уюму 2015-жылдын август айында Сирия аймагында сары кычы газын курал кылып пайдаланышкан.

Экстремисттер ошондой эле Иракта күрт аскерлерине каршы газ колдонушкан деген маалыматтар бар.

АКШ элчисинин орун басары Мишель Сайсон комиссиянын мандатын кеңейтүү сунушун четке кагып, бул миссиянын ишин чачыранды кылат деген жүйөсүн айтты.

- Иликтөө тобу Сирия үчүн өзгөчө бир себептерден улам түзүлгөн, ошондуктан көңүл Сирияга гана бурулууга тийиш. Алдыңкы күндөрү талкууларды дагы улантабыз. Комиссиянын мындай олуттуу жана аягана чыга элек ишти улантуусу өтө маанилүү, - деди дипломат.

Сирияда согуш башталган беш жылдан бери 300 миңге жакын адамдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG