Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:05

Орусия Алеппону бомбалоону убактылуу токтотту


Алеппо, Сирия
Алеппо, Сирия

Орусиянын Башкы штабы жарыялаган гуманитардык тыныгуу күчүнө киргенге чейин Алеппого абадан сокку урулбайт. Бул арада жай тургундар менен жарадарлар шаардан чыгып кетиши зарыл.

Орусия шаарга абадан сокку уруу сегиз саатка токторун, бул мезгилде жоочуларга жана тынч жарандарга шаардан чыгып кетүүгө мүмкүнчүлүк берилерин 17-октябрда жарыялаган.

Бирок 18-октябрда өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу абадан сокуу уруу 20-октябрга чейин токторун билдирди.

- Орусия менен Сириянын авиация күчтөрү Алеппого сокку урууну таңкы саат 10дон тарта токтотту. 20-октябрга чейин гуманитардык тыным киргизүү үчүн абадан сокку урулбайт, - деди Шойгу.

​Орусия Сириядагы аскерий кубатын кеңейтет

​Орусия Сириядагы аскерий кубатын кеңейтет

Орусия Сириядагы Тартус портуна деңиз флоту үчүн туруктуу база түзүү планын жарыялады. Сириядагы аскерий кубатын күчтөндүрүп жаткан Москванын соңку чечими Алеппо шаарындагы бомбалоолор боюнча Батыш өлкөлөрүнүн айыптоолору күчөгөн учурга туш келди.

Министрдин айтымында, көтөрүлүшчүлөр шаардан чыгып кеткиче Сириянын өкмөттүк күчтөрү Алепподон сырткары жерде турат.

Шойгу убактылуу тыным Алеппонун чыгыш тарабынан жай тургундарды жана жарадарларды чыгарып кетүүгө жардам берет деп ишендирүүдө. Буга чейин АКШ Москванын Алеппону бомбалоону токтотуусун кечиккен чечим деп баалаган.

БУУ Алепподогу бардык тыныгууну колдорун уюмдун басма сөз катчысы Стефан Дужаррич билдирди:

- Зомбулукту жана согушту токтотууга жасалган бардык аракеттер кубаттоого татыйт. Биз гуманитардык жүк жеткирүү үчүн кеминде 48 саат сураганбыз, - деди Стефан Дужаррич.

Лондондо жайгашкан Airwars иликтөө тобу Сириядагы аба соккулардан канча киши өлгөнү тууралуу маалыматты чогултуп, иликтеп келет. Топтун башчысы Крис Вудс “Азаттыктын” орус кызматына берген маегинде АКШ баштаган коалиция күчтөрү менен Орусиянын согуш жүргүзүү ыкмасында айырма барына токтолду.

- Биздин маалыматка карасак, акыркы 26 айда АКШ баштаган коалиция күчтөрү жүргүзгөн соккудан 900 киши өлгөн. Орусиялык авиа чабуулдан согуштун биринчи жылында эле 3600 жай тургун өлүп жатат.

Сирия: Алеппонун урандыда калган балдары

Сирия: Алеппонун урандыда калган балдары

Сириянын Алеппо шаарында авиасокку тийген үйдүн урандысынан табылган бала дүйнөнүн үрөйүн учурду. Ушуга удаа Улуттар Уюму гумжардам жетпей, согуш жүрүп жаткан аймактан чыгалбай жаткан эл ачка калганын айтып, коңгуроо какты.

Крис Вудс мунун баары Орусиянын “акылсыз бомбаны” колдонгонунун кесепети деп билет:

- Орусия Сирияда АКШга караганда көп чабуул жасап жатат. Бул жергиликтүү элдин көп өлүшүнө алып келүүдө. Экинчиден, Орусиянын Сирияда колдонгон согуштук куралдары эски. Орусия ушул күнгө чейин “акылдуу бомба” колдонуу деңгээлине жете элек. "Акылдуу бомба" GPS жана лазер менен жабдылган. Батыш коалициясы азыр ушуну колдонуп жатат. Мунун артыкчылыгы бутага таамай тиет жана жайкын тургундар анча жабыркабайт. Орусия болсо тескерисинче “акылсыз бомбаларды” жана снаряддарды болушунча колдонууда. Мындан согушка тиешеси жоктор көп жабыркайт.

Крис Вудс мындан сырткары Орусияны мурдагыдай бомбалоо тууралуу отчет бербей калганын айыптады. Анын пикиринде, жергиликтүү эл жакынын ким өлтүргөнүн билүүгө акылуу.

Ал арада Европа Биримдиги орус жана Сирия аскерлеринин авиа чабуулдарын кескин айыптап чыкты. Билдирүүдө оорукана, мектеп жана шаар инфраструктурасын ар түрдүү бомба жана химиялык курал менен талкалоо “согуш кылмышына” тете экени айтылган. Бирок Москва менен Дамаск бир нече адамдын өлүмүнө алып келген аба соккуларга тиешеси барын танып келет.

Сирияда согуш башталган беш жылдан бери 300 миңге жакын адамдын өмүрү кыйылган.

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG