Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:27

Орусия Сириядагы аскерий кубатын кеңейтет


Тартустагы орус кемеси.
Тартустагы орус кемеси.

Орусия Сириядагы Тартус портуна деңиз флоту үчүн туруктуу база түзүү планын жарыялады. Сириядагы аскерий кубатын күчтөндүрүп жаткан Москванын соңку чечими Алеппо шаарындагы бомбалоолор боюнча Батыш өлкөлөрүнүн айыптоолору күчөгөн учурга туш келди.

Орусия Жер ортолук деңиздин жээгинде жайгашкан Сириянын Тартус портундагы техникалык камсыздоо пунктун туруктуу базага айландырууну пландап жатканын Коргоо министринин орун басары Николай Панков жарыялады. Ал даярдык дээрлик аяктап калганын, жакын арада тиешелүү документтер ратификациядан өтөрүн Федералдык кеңештин жыйынында билдирди.

Министрдин орун басарынын сөзүн жаңы шайланган Мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Леонид Слуцкий “Россия-24” каналына тастыктап, бул базанын өзгөчүлүгүн түшүндүрүп берди:

- Тартустагы деңиз базасында толук аскердик инфраструктура түзүлөт. Ал жер кемелер токтогон гана жай болбойт. Анда абадан коргоону системасы болот. Жакында ал жерге бекеринен S-300 ракеталык системасы жөнөтүлгөн жок. Ар бир базанын максаты аскердик курамдар топтолгон жерди коргоо болуп саналат. Бул жерге кемелерден коргонуу системасы да жайгашат. База жөө аскерлер жана аскердик деңиз күчтөрүнүн кызматташуусуна жол ачат.

Алепподогу аба чабуулу, сентябрь, 2016-жыл
Алепподогу аба чабуулу, сентябрь, 2016-жыл

Тартус портунда Орусиянын кемелерди материалык жана техникалык жактан камсыздоочу пункту 1977-жылдан бери иштеп келген. Эми анын базага айланышы менен бул порт Орусиянын деңиз флоту жайгашкан Жер ортолук деңиздеги негизги аймак болуп калмакчы. Тартустун түндүгүрөөк жагында орус аба күчтөрү Сириядагы чабуулдарында байма-бай колдонгон Латакия аба базасы бар. Өткөн аптада орус тарап Тартуска учактарды атып түшүрүүчү S-300 ракеталарын жөнөткөн эле.

Согуш кылмышы боюнча айыптар айтылууда

Орусиянын Сириядагы аскердий кубатын бекемдөө аракети Алеппо шаарындагы бомбалоолор күчөп, Батыш өлкөлөрүнүн кескин сыны айтылган мезгилге туш келди. Британиянын тышкы иштер министри Майкл Фэллон орус тарап Сирияда мурдагыдан агрессивдүү согуш жүргүзүп жатканын, Орусия Батыш менен өнөктөштүн ордуна атаандаш болууну чечкенин билдирди.

Франциянын тышкы иштер министри Жан Марк Эро Сирияда согуштук кылмыштар жасалып жатканын айтып, ал боюнча иликтөө баштоо сунушу менен чыкты.

- Сирияда согуш кылмыштары жасалып жатат. Муну Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы да айткан. Биз ага ким жооптуу экенин аныкташыбыз керек. Эл аралык мыйзамдар бар, Эл аралык кылмыш соту бар. Франция бул соттун башкы прокуроруна кайрылып, иликтөөнү баштоо мүмкүнчүлүктөрүн караштырат.

Тышкы иштер министрдин сөзүн улай француз президенти Франсуа Олланд кийинки аптада Парижге келе турган орус президенти менен жолугушуудан баш тартууну көздөп жатканын, Орусия Алеппо шаарындагы чабуулдары үчүн согуш кылмыштары боюнча жоопко тартылышы мүмкүндүгүн айтты.

Орусия жана АКШнын ортомчулугу менен кабыл алынган Сирияда ок атышууну токтотуу келишими сентябрь айында бузулгандан кийин Алеппо шаарында бомбалоолор күчөдү. Андан бери көтөрүлүшчүлөр байырлаган Алепподо жүздөгөн жөн-жай тургундар чабуулдардан мерт болгону кабарланууда.

Батыш Сириянын режимин колдоп жатат деп Орусияны айыптаса, Москва дооматтарды четке кагып келет.

Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Батыш жана орус дипломаттарынын сүйлөшүүлөрүнөн да майнап чыкпай жатат.

Өткөн аптада Алеппо шаарындагы аба чабуулдарын токтотууну көздөгөн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына Орусия вето койгон. Франция сунуштаган бул резолюцияны Москва “саясатташкан жана бир жактуу” деп мүнөздөгөн.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG