Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

АКШ жана Орусия Сириядагы абалды талкуулоодо


Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.
Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров.

Швейцариянын Женева шаарында Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жолугушуусу өтүүдө.

Сүйлөшүүлөрдүн негизги максаты – Сириядагы өзүн «Ислам мамлекети» деп атап алган террордук топко каршы биргелешип күрөшүү жолун талкуулоо.

Керринин айтуусунда, жолугушуу Сириядагы согушту токтотуп, бул өлкөдө жаңы өкмөт куруу тууралуу сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо максатын көздөйт.

Апта башында Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШ «ал-Каида» террордук уюмунун Сириядагы бөлүгү деп эсептелген «ал-Нусра» тобуна каршы күрөшпөй, эки тараптуу макулдашууну токтотуп жатканын айтып чыккан.

Бирок көп өтпөй, 25-августта Орусиянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлү бул билдирүүнү бир аз жымсалдап, Москва «Сириядагы химиялык курал колдонуу жана башка маселелер боюнча Вашингтон менен мурдагыдай эле кызматташууга даяр» деген.

Ошону менен катар орус тарап согуш токтобой келаткан Алеппо шаарындагы жергиликтүү тургундарга БУУнун гуманитардык жардамын жеткирип, таратып берүүгө мүмкүнчүлүк ачуу үчүн 48 саат ок чыгарбай турууну убада кылды.

Вашингтон жана БУУ бүгүнкү жолугушуу Сирия президенти Башар Асадды колдоп келаткан Орусия менен бул өлкөдө шайлоо жолу аркылуу тандала турган жаңы бийлик келгенче өткөөл өкмөт түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жакшыртат деп үмүттөнүүдө.

Улуттар Уюмунун Сирия боюнча атайын өкүлү Стеффан де Мистура Женевада 25-августта журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып Керри менен жолугушуу маанилүү экенин жана бул жараян Бириккен Улуттар Уюмунун Сирия боюнча сүйлөшүү жараянын жаңыртууга байланыштуу саясий демилгесине таасирин тийгизерин айтты.

Улуттар Уюму быйыл апрель айында Алепподо согуш кайрадан тутанганда тынчтык сүйлөшүүлөрүн убактылуу токтоткон.

Ал арада Сириядагы өкмөттүк күчтөр менен козголоңчулардын талаа командирлери 25-августта Дамасктын жанындагы Дарая шаарынан жай тургундарды эвакуациялоону макулдашты. Болжол менен беш миңдей адамды шаардан алып чыгуу пландалган.

Согушкерлер куралын алып шаардан чыгууну, ал эми тургундарды качкындар лагерине жөнөтүүнү убада кылышкан.

Дараяда өкмөттүк күчтөр 2012-жылдан бери турушат. Президент Башар Асаддын резиденциясынан жети чакырым аралыкта жайгашкан бул шаар көптөгөн аткылоо жана бомбалоолорго кабылып келатат.

XS
SM
MD
LG