Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:50

Түркия Сириядагы куралдуу топторго сокку урду


Түркиянын Манбиж шаары
Түркиянын Манбиж шаары

Түркия Сириянын түндүгүндөгү “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмунун болжолдуу уюктарына сокку урду. Ошондой эле түрк армиясы Жараблус жана Манбиж шаарларындагы күрт куралдуу кошуундарына да каршы чабуулга өткөнү маалым болду.

Түркия Сириядагы экстремисттерге жана күрт козголоңчуларына кош соккуну 23-августка караган түнү урду. Түрк бийлигин мындай чечкиндүү кадамына өлкө түштүгүндө жайгашкан Газиантеп шаарындагы жардыруу түрткү болду. Анда үйлөнүү той өтүп жаткан имарат жардырылып, 50дөй адамдын өмүрү кыйылган. Кандуу окуя үчүн эч ким жоопкерчилик алган эмес.

Түрк бийлиги теракттын артында “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу турушу мүмкүн деп шектенүүдө.

Буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Газиантептеги жанкечти 12-14 жаштагы өспүрүм болушу мүмкүн деп айткан. Бир аз кийинчерээк премьер-министр Бинали Йылдырым бул күбөлөргө эле таянып айтылганын, азырынча ырастала элек маалымат экенин кошумчалады.

Сирия түндүгүндөгү соккуларга сириялык козголоңчулар да көмөктөшөрү кабарланууда. Ар кыл маалымат боюнча бир жарым миңдей сириялык козголоңчу Анкаранын колдоосу менен чабуулга даяр турат. Алардын басымдуу бөлүгү жогоруда сөз болгон Газиантеп шаарында жайгашканы маалымдалды.

Бир күн мурда Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сириянын түндүгү толугу менен экстремисттерден тазаланышы зарылдыгын билдирген эле.

Ал тапта Түркия Австриядагы өз элчисин чакыртып алганы маалым болду. Буга Австрия бийликтеринин күрт козголоңчуларына Венада митинг өткөрүүгө уруксат бергени себеп болгонун өлкөнүн тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу билдирди.

- Тилекке каршы Австрия бийликтери Күрт жумушчу партиясына жана алардын тарапкерлерине Венада митинг өткөрүүгө уруксат беришти. Бул чынчылдыкка жана ак ниеттүүлүккө жатпайт. Алардын терроризмди колдоп жаткан позициясына биз көңүлкош карай албайбыз.

Күрттөрдүн Венадагы акциясы
Күрттөрдүн Венадагы акциясы

Күрт жумушчу партиясы Түркияда жана бир катар батыш мамлекеттеринде экстремисттик деп таанылган. Уюмду бардык өлкөлөрдө тыюу салуу керектигин түрк бийликтери ар дайым айтып келет. Мына ушундай шартта күрт жикчилдеринин Венада ээн-эркин акция өткөргөнү Түркиянын ачуусун келтирди.

Австриянын Wiener Zeitung басылмасынын маалымдашынча, күрт топторунун митинги Венанын борбордук аянтында өткөн. Алар Түркиядагы адам укуктарынын бузулушуна жана Күрт жумушчу партиясынын лидери Абдулла Өжалаңдын камалып жатышына өз нааразылыгын билдиришкен.

Күрттөрдүн акциясы тууралуу түрктөрдүн мамлекеттик Анадолу агенттиги да жазган. Андагы маалыматка караганда, акцияга 500дөй адам катышкан. Алар Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоганга каршы ураандарды кыйкырышкан.

Бир апта мурда Венада өткөн ушундай эле митинг маалында түрктөр менен күрттөр кагылыша кеткен. Соңку кездери Түркия менен Австриянын дипломаттарынын ортосунда бир катар кайым айтышуулар да болгон. Австрия Түркияны диктатурага баратат деп айыптаса, Анкара Венаны расистик көз караштарын сындап, жооп кайтарган.

XS
SM
MD
LG