Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Азага айланган той


"Тез жардам" жарадар болгондорду ооруканага жеткирүүдө.
"Тез жардам" жарадар болгондорду ооруканага жеткирүүдө.

Жекшембиге караган түнү Түркиянын Газиантеп шаарында үлпөт той болуп жаткан учурдагы жардыруу 51 кишинин өмүрүн алды.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жардырууну 14 жаштагы өспүрүм ишке ашырганын айтып чыкты. Түрк бийлиги буга “Ислам мамлекети” террорчул тобун айыптоодо. Аталган уюмдун өзү жардыруу үчүн жоопкерчиликти ала элек.

Газиантептин Шахинбай районундагы катуу жардыруу үйлөнүү тоюна келип, кафенин ичинде шаңдуу музыкага бийлеп жаткан коноктордун үрөйүн учурду. Кафенин ичиндеги коноктор эмне болуп кеткенин шыр түшүнө албай, жардыруунун үнүнөн кулактары тунжурап, жаш балдар ыйлап, аялдар коркконунан кыйкырып, эшикке карай качышты. Ал эми кафенин сыртында жүргөндөрдүн тагдыры, тилекке каршы, аянычтуу аяктады. Жекшембиге караган түнү үйлөнүү тою учурунда болгон жардыруудан 51 киши курман болуп, дагы 90го чукулу ар кандай жарааттар менен ооруканага жеткирилди. Түркиянын премьер министри Биналы Йылдырым “үлпөт тойду аза күтүүгө айландырды” деп террорчуларды айыптады.

Жарадар болгондордун туугандары оорукана алдында.
Жарадар болгондордун туугандары оорукана алдында.

Каза тапкандарга жаназа намазы окулуп, сөөктөрү ошол эле күнү, 21-августта жерге берилди.

Түркиянын Газиантеп шаары Сирия чек арасынан 64 чакырым алыстыкта жайгашкан. Акыркы жылдары күрт жикчилдери жана “Ислам мамлекети” террорчул тобу тарабынан ишке ашырылган жардыруулар өлкөнүн түштүк-чыгышындагы бул аймакты бушайманга салып келет.

Жардыруу болгон кафенин терезеси.
Жардыруу болгон кафенин терезеси.

Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган жекшембиде Стамбулда маалымат жыйынын өткөрүп, жардырууга 12-14 жаштагы өспүрүмдүн тиешеси бар экенин билдирди. Анын айтымында, өспүрүм жанкечти бомбаны өзү же бирөөнүн жардамы менен жардырып ийген.

- Кечээ үйлөнүү үлпөт тоюнда 94 адамды жарадар кылган жардырууну 12-14 жаштагы бала ишке ашырды. Ал жардыргыч затты өзү же бирөө аркылуу ишке келтириген. Азыркы учурда жарадар болгон 94 адамдын айрымдары ооруканадан чыгарылды, 69у дагы эле ооруканада. Алардын 17синин абалы оор бойдон калууда. Биздин маалыматыбыз боюнча, жардыруу 51 кишинин өмүрүн алган.

НАТОго мүчө мамлекет Түркия Сирияда жана Иракта Батыш коалициясы менен биргеликте “Ислам мамлекети” террорчул топко каршы согушуп келет. Ошол эле учурда ал Сириядагы айрым козголоңчу топторго да колдоо көрсөтүүдө.

“Ислам мамлекети” террорчул тобу АКШнын колдоосуна ээ болгон сириялык күрт козголоңчуларына да каршы урушуп келатат. Ал эми Түркия сириялык күрттөрдү террорчул топ катары сыпаттайт. Түркия бийлиги “Ислам мамлекетине” каршы согушта сириялык күрттөрдүн жеңишке ээ болуусу Түркиядагы күрт аскерлеринин күчтөнүшүнө алып келет деп кооптонот.

Айрым серепчилердин айтымында, бул чабуул менен “Ислам мамлекети” аталган терорчул топ эки максатты көздөгөндөй. Алар күрттөрдүн тойунда жардыруу жасап сириялык күрттөрдөн өч алып, ошол эле учурда Түркиянын Сириядагы ИМге каршы чабуулдары үчүн да өч алып жаткандай дейт Түркиянын офицери Метин Гуржан.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жардырууга өзүлөрүн Ислам мамлекети атап алган, же арапча аталышы ДАИШ уюмун айыптоодо.

- Алдын ала жүргүзүлгөн тергөө иштери көргөзгөндөй, чабуул ДАИШ же "Ислам мамлекети" терорчул тобу тарабынан ишке ашырылган. ДАИШтин мүчөлөрү Газиантепте да бар экени жана бул жакта жайгашууну каалаганы эми анык болду.

Жардыруу уюштургандарды Түркиянын оппозициячыл партиялары жана АКШ, Франция, Швеция, Катар, Грекия жана Бахрейн сыяктуу өлкөлөрдүн өкмөттөрү кескин айыптады.

XS
SM
MD
LG