Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:14

Түркия Сирияда тазалоо операциясын баштады


Жераблус, 23-август, 2016
Жераблус, 23-август, 2016

Түркия Сириянын чек аралаш аймагында террордук топторго каршы "Евфрат калканы" операциясын жүргүзүүдө. Түрк бийлиги Жераблус шаарында жүрүп жаткан бул аскерий операцияны АКШ вице-президенти Жо Байдендин Анкарага сапарын утурлай уюштурду.

Сириянын түндүгүндө, Түркия менен чек арадан бир чакырым аралыкта жайгашкан Жераблус шаарын сириялык оппозиция күчтөрү 2012-жылдын июль айында ээлеп алган. Бир жылдан кийин аларды өзүн “Ислам мамлекети” деп атап алган террордук топ сүрүп чыгаргандан бери шаар ошолордун колунда.

Согушкерлер үчүн ал өтө чоң мааниге ээ, себеби тарттырып жиберсе, бул уюмдун борбору деп жарыяланган Раккага жол ачылат.

Шаршембиде таңкы саат төрттө Түркия армиясы Жераблустагы операциясын артиллериялык аткылоодон баштады. Артынан аскерий учактар бутага алынган объектилерге абадан сокку уруп, андан кийин жөө аскерлерин бастырып киргизди.

Түркиянын куралдуу күчтөрү жана АКШ баштаган эл аралык антитеррордук коалиция Жераблусту ИМ тобунан тазалоо операциясын баштаганын президент Режеп Тайип Эрдоган жар салды:

- Сирия тараптан бизге жасалган чабуулдар... Газиантеп, Килис жана башка чек ара аймактары... Мунун баары биздин чечкиндүү кадамдарга барышыбызды шарттады. Биздин чыдамыбыз түгөндү. Муну токтотуу керек.

Эрдоган "Евфрат калканы" деп аталган бул чабуул "Ислам мамлекети" террордук тобу гана эмес, Түркияда экстремисттик деп жарыяланган Күрт жумушчу партиясынын аракеттерине да каршы уюштурулуп жатканын белгиледи.

Түрк бийлиги азыркы чабуулун Америка Кошмо Штаттарынын вице-президенти Жо Байдендин Анкарага башталган сапарын утурлай уюштурду.

Ал 15-июлдагы ишке ашпай калган мамлекеттик төңкөрүш аракетинен кийин Түркияга келген алгачкы америкалык жетекчи болуп калды.

20-августта Түркиянын түштүгүндө жайгашкан Газиантеп шаарында үйлөнүү тою жүрүп жаткан маалда террордук чабуул жасалып, 54 адамдын, арасында жаш балдардын өмүрү кыйылган. Дагы ондогон адам жараат алган.

Бул кандуу окуянын эртеси түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Сирия менен чектеш аймак ИМден толугу бойдон тазаланышы керек деп: “Биз ИМге жана башка террордук уюмдарга каршы аягына чейин күрөшөбүз. Аларга каршы согушуп жаткан мамлекеттерге жардам берүүнү улантабыз. Өзүңөргө белгилүү болгондой, Сирия оппозициясы биз менен чек арадагы Ал-Раи шаарында террорчуларга каршы операциясын ийгиликтүү аяктады», деп билдирген жана Түркия менен Сирия ортосундагы чек ара тилкеси террорчулардан толугу менен тазаланышы керектигин баса белгилеген.

Азыркы маалга карага түрк артиллериясы жана аскерий учактары АКШнын аба техникасынын колдоосу астында Сирияда 200дөн ашуун жайды аткылаганы маалым болду.

Мындан тышкары Түркия тараптан Сирияга инженердик-сапердук жабдуусу бар 20 танк кирип барды.

XS
SM
MD
LG