Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:25

Газиантептеги жардыруунун курмандыктары 51ге жетти


Жардырууну жанкечти аял ишке ашырган деген божомол бар.
Жардырууну жанкечти аял ишке ашырган деген божомол бар.

Түрк бийлигинин соңку маалыматы боюнча, Газиантеп шаарындагы жардыруунун курмандыктары 51 адамга жетти. 90го чукулу ар кандай жаракаттарды алышты. Катуу жардыруу 20-августтун түнү үлпөт тойго келген адамдар майрамдоо үчүн көчөгө чыкканда болгон.

Аны жанкечти аял ишке ашырган деген божомол бар. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган окуя үчүн өзүн "Ислам мамлекети" деп аталган экстремисттик топту айыптады.

Газиантеп Сирия менен Түркия чек арасынан 64 километр алыстыкта орун алган шаар. Былтыр негизинен күрттөр байырлаган аймакта бир нече жолу жардыруулар катталган. Расмий Анкара бул үчүн "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу менен күрт жикчилдерин айыптап келген.

"Азаттыктын" азери кызматынын видеосу
Газиантеп: курмандыктар саны 50гө жетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:48 0:00

XS
SM
MD
LG