Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:56

Түркия: оппозиция лидерине кол салуу болду


Түркиядагы негизги оппозициялык партиянын лидери Кемал Кылычдароглунун өмүрүнө кол салуудан кийин.
Түркиядагы негизги оппозициялык партиянын лидери Кемал Кылычдароглунун өмүрүнө кол салуудан кийин.

25-августта Түркия Сирия аймагында операциясын улантты. Бул күнү Түркиядагы негизги оппозициялык партиянын лидери Кемал Кылычдароглунун өмүрүнө кол салуу болгону кабарланды.

Түркия Сирия аймагындагы “Ислам мамлекети” аталган экстремисттик уюмга жана күрт бирикмелерине каршы операцияны 24-августта эртең менен баштаган.

25-августта ал операция уланып, Сириянын Жераблус шаары террордук аталган уюмдардан тазаланганы, Түркия операцияга кошумча дагы танктарды жөнөткөнү кабарланды.

Түркия Сирия аймагында операциясын жүргүзүп жаткан мезгилде, 25-августта өлкөдөгү башкы оппозициялык партиянын лидери Кемал Кылычдароглунун өмүрүнө кол салуу болду.

Ал бул күнү Түркиянын түндүк-чыгышында иш сапарда жүргөн. Бул тууралуу Рейтер маалымат агенттиги кабарлады.​

Кемал Кылычдароглу
Кемал Кылычдароглу

​Түркиянын ички иштер министри Ефкан Аланын билдирүүсү боюнча, кол салууда Кемал Кылычдароглу жабыркаган эмес. Үч аскер жарадар болгон. Министрдин айтымында, кол салгандар Күрт жумушчу партиясынын жоочулары жана аларды кармоо аракеттери жүрүп жатат.

Түрк өкмөтү өлкөнүн түштүк-чыгышында август айында орун алган бир нече кандуу теракттарга Күрт жумушчу партиясын айыптаган. Отуз жылдан бери куралдуу каршылык көрсөтүп келаткан партия теракттардын бирине, полиция бекетине чабуулга жоопкерчилик алган.

Бейшемби күнү болгон окуяга Күрт жумушчу партиясы реакциясын билдире элек.

Түркиянын NTV жана CNN turk каналдары кол салуу болгон Артвин шаарынан алыс эмес жерден репортаж уюштурган. NTV телеканалына берген маалыматында Кылычдароглу “Тынчсызданбай эле койгула. Бизде баары ордунда. Коопсуз жерге келдик” деген. Кылычдароглу түрк өкмөтү Сирия аймагында "Ислам мамлекети" террордук тобуна жана күрт бирикмелерине каршы операцияны колдоого алганын түрк маалымат каражаттары кабарлаган.

Кылычдароглу жетектеген Республикалык элдик партиянын расмий өкүлдөрү партия лидеринин автоунаалары аткыланганын билдиришти. Окуя тууралуу жергиликтүү губернатор президент Режеп Тайип Эрдоганга жана өкмөт башчы Бинали Йылдырымга маалымат берген.

Түркияда оппозициянын жогорку лидерлери полициянын коштоосунда жүрөт. Бирок ага карабай мындай кол салуулар орун алууда.

Түркия Күрт жумушчу партиясынын тарапкерлери менен өз аймагында эле эмес, Сирия аймагында да күрөшүп жатканы белгилүү. 24-августта Сирияда башталган операция “Ислам мамлекети” аталган террордук уюм менен катар күрт бирикмелерине да каршы багытталган. Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу:

- ИМ тобу менен Күрт демократиялык биримдик партиясынын күн тартиби белгилүү болгон. Биз муну бүгүн белгилегибиз келет. Ошондой YPG же Сирия күрт кошууну Ефраттын чыгыш жагына жылышы керек. Кошмо Штаттар да аны колдоду. Эгерде ал аткарылбаса, анда Түркия керек болгонду жасайт.

АКШ вице-президенти Жо Байден 24-августта Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым менен сүйлөшүүдөн кийин эгерде күрттөр Ефрат дарыясына карай чегинбесе, АКШнын колдоосунан ажырап каларын эскерткен:

-YPG же Сирия демократиялык күчтөрүнүн бөлүктөрүнө биз ачык эскерттик, алар Ефрат дарыясына карай чегиниши керек. Эгерде алар муну аткарбаса, анда Американын колдоосунан ажырайт.

Жо Байден Түркияга сапары учурунда 15-августтан кийинки төңкөрүштөн соң Анкарага толук колдоо билдирди. Бирок президент Режеп Тайип Эрдоган менен сүйлөшүүдө диниятчы Фетхуллах Гүленди кайтаруу маселеси күн тартибинде турган. Вице-президент бул маселе АКШнын мыйзамдарына жараша чечилерин билдирген.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG