Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:09

Сирия кризиси Лондондо талкууланды


Жон Керри, Борис Жонсон (ортодо) жана Йемендин БУУдагы өкүлү Исмаил Улд Шейх Ахмад
Жон Керри, Борис Жонсон (ортодо) жана Йемендин БУУдагы өкүлү Исмаил Улд Шейх Ахмад

АКШ менен Британия Орусияны Алепподогу гуманитардык кризисти токтотууга чакырды.

Жекшемби күнү Лондондо Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон Сирия кризисинен чыгуу боюнча жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда Орусияга карата кошумча экономикалык санкциялар болушу ыктымалдыгы айтылды.

Лондондогу жолугушууга АКШ менен Британиядан тышкары Франция жана Германия өкүлдөрү катышты. Жыйынтыгында Керри менен Жонсон биргелешкен билдирүү жасап, Алепподо гуманитардык кризис курчуп баратканын айтышты.

"Алепподо кырдаал күндөн күнгө оорлоп жатат", - деди британ министри. Анын белгилешинче, «бул үчүн биринчи кезекте негизги жоопкерчилик Сирия президенти Башар Асадда жана ага колдоо көрсөтүп жаткан Орусия менен Иранда».

Путиндин Сирия жүрүшүнүн сыры

Путиндин Сирия жүрүшүнүн сыры

Буга чейин орусиялык РБК агенттиги Москванын Сириядагы бир күнкү аскерий чыгымын 2,5 миллион доллар деп болжолдосо, IHS Jane’s деген иликтөө борбор 4 миллион доллар деп эсептеген.

Өз кезегинде Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Жон Керри Алепподогу азыркы кырдаалды гуманитардык катастрофа деп атады:

- Бул Экинчи Дүйнөлүк согуш аяктагандан берки ири гуманитардык катастрофа. Кырдаал эртең таңдабы же кечиндеби, өзгөрүшү ыктымал. Болгону бул үчүн Орусиядан жана Асаддын режиминен эч болбогондо эң жөнөкөй адептүүлүктүн нормаларын сактоо талап кылынат. Бирок алар мындай жолду тандабай жатат. Алардын кылганын күн сайын адамзатка каршы жасалган кылмыш деп атаса болот. Алар Алепподо жана башка райондордо ооруканаларды, балдарды бомбалап, химиялык конвенция мыйзамдарын бузуп, адамдарга каршы газ колдонуп жатышат, - деди Керри.

Соңку кезде түзүлүп жаткан кырдаалга байланыштуу Лондондогу жолугушууда Британия менен АКШ Сирия президенти Башар Асадга жана аны колдогондорго каршы кошумча экономикалык санкцияларды киргизиши ыктымалдыгы дагы айтылды.

Ал эми өткөн ишемби күнү дээрлик алты жылдан бери токтобой келаткан Сирия маселеси Щвейцариянын Лозанна шаарында АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Сауд Арабия, Катар, Иран, Ирак, Иордания, Египет, Түркия дипломаттарынын катышуусунда талкууланган.

Дээрлик беш саатка созулган талкуудан кийин анын катышуучулары кандайдыр бир чечим кабыл алынбаганын айтып, дипломаттар ортосунда сүйлөшүулөрдү улантуу керектиги тууралуу гана кыска билдирүү жасап, тарап кетишкен.

Керринин айтуусунда, Лозаннадагы жолугушууда жаңы идеялар талкууланды жана ал ойлор Сириядагы тынчтык процессин сүйлөшүүгө жаңы жолдорду алып келиши ыктымал.

Орусиянын тышкы иштер министри Ларов Швейцарияда талкууланган идеялар кызыктуу болгонун билдирди.

Жалпысынан орус бийлиги ага Сирия боюнча айтылган айыптардын баарын негизсиз деп атап, четке кагып келет.

Ал арада Сирияда Түркия колдогон козголоңчулар Дабик шаарын өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топтон бошотту.

Сириядагы адам укуктарына Британиядан мониторинг жүргүзгөн уюмдун кабарлашынча, операция түрк аскерий учактары жана артиллериясынын жардамы менен жүргүзүлүп, согушкерлер айыгышкан салгылашуудан кийин бул аймактан чыгып кетти.

Дабик шаары Сириянын Түркия менен чектеш аймагынан 10 чакырым аралыкта жайгашкан. Аны террорчулар 2014-жылдын август айында ээлеп алган болчу. Дабик шаарына чабуул Сириянын түндүгүндө түрк аскерий күчтөрү колдогон козголоңчулардын кеңири операциясынын бир бөлүгү.

Алты жылга чамалап калган жарандык согуш Сирияда 300 миңдей жай тургундун өмүрүн кыйды. Миллиондогон адамдар өлкө ичинде же чет жактарда качкын болуп жүрөт.

XS
SM
MD
LG