Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:54

Лозаннадагы Сирия боюнча сүйлөшүү жыйынтыксыз аяктады


Алеппо.
Алеппо.

Лозаннада ишемби күнү Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри менен Орусия тышкы иштер министри Сергей Лавровдун сүйлөшүүсү өттү. Сүйлөшүү төрт жарым саатка созулду. Ага Түркия, Сауд Арабия, Катар жана Ирандын өкүлдөрү катышты. Жолугушуу жыйынтыгында бирдиктүү билдирүүлөр жасалган жок.

Керри менен бирге жыйынга катышкан америкалык дипломат журналисттерге бул жолугушуу башынан эле пикир алмашуу гана максатын көздөгөн айтып берди.

Жон Керри сүйлөшүүнү Сирия кризисин чечүү үчүн «акыл калчоо» болгонун, кезектеги жолугушуу 17-октябрда өтөрүн маалымдады.

Сергей Лавров да сүйлөшүү жакынкы күндөрү уланарын кабарлады.

Буга чейин Балдарды коргоо, ОКСФАМ интернэшнл, Эл аралык коргонуу комитети, Качкындар боюнча Норвегия кеңеши сыяктуу гуманитардык уюмдары Алепподо тезинен ок атууну токтотууго чакырышкан. Алар айыгышкан күрөш жүргөн бул шаардан жараат алгандарды чыгарып, гуманитардык жардам көрсөтүү зарылдыгын айтышууда.

XS
SM
MD
LG