Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:03

Орусиянын Түркиядагы элчиси атып өлтүрүлдү


Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов
Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов

Анкарада Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карлов белгисиз адамдын огунан каза болду.

Орусиялык жана батыш маалымат каражаттары Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захаровага шилтеме берип, Карлов алган жараатынан өзүнө келбей каза болгонун жазышты.

Көргөзмөдө жүрүп, окуяга күбө болгон Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Ибрагим Жунусов "Азаттыкка" буларды айтты:

- Өзбекстандын элчиси, мен жана Андрей Карлов көргөзмөдө катар сүйлөшүп турганбыз. Бир жигит ары-бери басып жүргөн. Аны жан сакчы деп ойлоптурмун. Карлов сөз алып, сүйлөй баштаганда эле тарсылдатып туш тарапка аткылай баштады. "Аллах акбар, баарыңар жерге жаткыла" деп кыйкырды. Мен айдоочум менен эле баргам, жарадарлардын арасында кыргыздар жок. Көргөзмөдө жалпысынан 150дөй адам бар болчу.

Элчи Ибрагим Жунусов (солдо)
Элчи Ибрагим Жунусов (солдо)

Жергиликтүү НТВ телеканалы элчи менен кошо дагы үч адам жарадар болгонун билдирди. Оор жаракат алган Карлов оор абалында ооруканага жеткирилип, көп өтпөй каза болгон.

Anadolu агенттиги ок аткан адам жеринде жок кылынганын жазды. Ар кандай кабарларга караганда кылмышкер кеминде сегиз жолу ок чыгарган.

Орусия бул кол салууну террордук акт катары баалады. Тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Мария Захарова буларды айтты:

- Биз муну террордук акт деп эсептейбиз. Терроризм жеңе албайт жана биз ага каршы чечкиндүү күрөшөбүз.

Көргөзмөдө жүргөндөрдүн бири тартып калган видеодон костюм-шым кийип, галстук тагынган куралчан адам элчиге ок чыгаргандан кийин алгач араб тилинде, андан соң түркчө сүйлөгөнүн көрүүгө болот.

Түркиядагы орус элчиси өлтүрүлдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:45 0:00

“Аллах акбар! Биз жихад жүргүзөбүз деп Мухаммед пайгамбарга убада бергендербиз. Аллах акбар! Муну Алеппо жана Сирия үчүн жасап жатабыз”,-деп арабча сүйлөгөн.

Андан соң түрк тилинде “Силер биздин аймакта жасаган бардык ишиңер үчүн жооп бересиңер. Биз коопсуз болмоюнча силер да коопсуз болбойсуңар. Кеткиле, өз жериңерге кайткыла. Бул жерден менин сөөгүм гана чыгат”, - деп кыйкырган.

Hurriyet Daily News басылмасына Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу билдиргендей, Орусия элчиси Андрей Карловго бир нече ок аткан адам 22 жаштагы түрк полициячысы Мевлют Мерт Алтынташ экени алдын-ала аныкталды. Маалыматтарга караганда, Айдын провинциясында төрөлгөн жигит кийин Измирдеги полициячылардын окуу жайында билим алган. Түркия бийликтери анын ата-энесинин үйүн тинтүүгө алып, жакындарын суракка алганы кармап кетишкени кабарланды.

62 жаштагы элчи Андрей Карлов Орусиянын Тышкы иштер министрлигинде 1976-жылдан бери иштеп келаткан. Ал 2013-жылдын июль айында Москванын Түркиядагы башкы дипломаты болуп дайындалган.

Бул чабуул Орусия, Түркия жана Ирандын коргоо жана тышкы иштер министрлери Москвада чогулуп, Сириядагы кырдаалды талкуулаарына бир күн калганда орун алды.

Орусия Сириянын президенти Башар Асаддын күчтөрүн колдоо максатында 2015-жылдын сентябрь айынан бери ал жактагы оппозициячыл козголоңчулар менен куралдуу радикал топторго каршы аба чабуулдарын жүзөгөт ашырып келет.

  • 16x9 Image

    Элиза Кененбаева

    "Азаттыктын" Прага шаарындагы кеңсесинин кызматкери, "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу (2011-2013). Кыргыз-Орус (Славян) университетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG