Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:05

Назарбаев: Астана Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даяр


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана Орусиянын президенти Владимир Путин.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Орусия, Иран жана Түркия ортосунда өтчү Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү Астана өткөрүүгө даяр экендигин билдирди.

Бул тууралуу ал 26-декабрда Санкт-Петербург шаарында Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушууда билдирди.

“Казинформ” маалымат агенттиги жазгандай, мурдараак Назарбаев менен сүйлөшүүсүндө Түркия менен Ирандын президенттери бул жолугушууга барууга макулдугун айтышкан.

Путин 23-декабрда жасаган билдирүүсүндө Орусия, Иран, Түркия жана Сириянын президенти Башар Асад Астана нейтралдуу тарап катары Сирия боюнча жаңы тынчтык сүйлөшүүлөрүнө аянтча болуп бериши керектигин айткан.

Путиндин айтуусунда, бул үч өлкө Алепподогу ок атышууну токтотуу жана жайкын тургундарды башка жакка көчүрүүнү ишке ашырып ортолук мунасанын натыйжалуулугун көрсөттү.

Орусиянын президенти бул үч өлкө Сириянын жалпы аймагында ок атышууну токтотуу режимин жайылтып, кеңири диалог баштоого аракет кылышарын ырастады.

XS
SM
MD
LG