Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:57

Сирия: Сайеднаядагы "өлүм ордосу"


Сирия өкмөтү 13 миңден ашуун кишини жашыруун түрдө өлүм жазасына тартканы белгилүү болду. Басымдуу көпчүлүгү оппозициянын жактоочулары саналган карапайым жарандар баш калаа Дамаскка жакын жердеги аскерий абакта даргага асылганы "Эмнести интернешнл" уюмунун жаңы чыккан баяндамасында жарыяланды.

Лондон шаарында баш кеңсеси жайгашкан "Эмнести интернешнл" уюму 2011-жылдын сентябрынан 2015-жылдын декабрына чейин Асаддын бийлиги өлүм жазасына тарткандарды документтештирип иликтөө жүргүзгөн. Аны менен катар укук коргоочулар Дамасктын сыртындагы Сайедная аскер абагында дагы деле согуш кылмыштары уланып жатат деп шектенишет.

"Эмнести интернешнлдин" иликтөөчүлөрү Сайедная абагынын мурдагы сакчыларын, анда кармалгандарды жана абактын мурдагы расмийлерин кошкондо 84 киши менен сүйлөшүп, “өлүм ордосуна” айланган жайда апта сайын 20дан 50гө чейин киши даргага асылып турганын аныкташкан. Өткөн төрт жылда 5 миңден 13 миңге чукул кишини өлүм жазасына чегерүү Сириянын жогорку бийлигинин буйругу менен ишке ашканы айтылат.

Башар Асад
Башар Асад

"Эмнести интернешнл" уюмунун Бейруттагы кеңсесинин аткаруучу директору Лин Маалуфа баяндамадагы маалыматтар Сирия өкмөтү системалашкан түрдө адамдарды өлүмгө буюруп турганын көрсөтөрүн белгилейт.

"Ар аптанын дүйшөмбү жана шаршемби күндөрү 20дан 50гө чейинки кармалгандарды карапайым адамдар отурган жайларга которуласыңар деп камералардан чыгарышкан. Бирок алар Сайеднаянын ичиндеги эле башка имараттагы камерага киргизилип, даргага асылган", - деген Лин Маалуфа Сайеднада ушул тапта эмне болуп жатканын көз карандысыз жана ачык-айкын иликтеп чыгууга Улуттар Уюмун чакырат.

Укук коргоочулар 2015-жылдын декабрынан кийин Сайеднаяда өлүм жазасы ишке ашырылып жатканы боюнча далили жок болсо дагы ушул тапта бул түрмөгө адамдар камалып, Дамасктагы Ал-Кабун районундагы аскерий сотто чечим чыгып жаткандыктан жашыруун адам өлтүрүү токтогонунан шектенишет. Андыктан докладдын авторлору 2015-жылдын декабрынан бери эле миңдеген адамдар өлтүрүлгөн болушу мумкүн деп санашат.​

"Абак, кыйноо жана өлүм"

Сайедная түрмөсүндөгү эки борбордо 10 миңден 20 миңге чейин киши кармалат. “Кызыл корпус” деп аталган бөлүгүндө Сирияда алты жылга аяк баскан согуш башталагандан бери карапайым адамдар жатат. “Ак корпуста” болсо 2011-жылдан бери Сирия армиясынын аскерлери менен офицерлери камалган.

«Кызыл корпуста кармалган миңдеген адамдар жан чыдагыс кордуктан кийин соттун өкүмүсүз эле жашыруун өлтүрүлгөн. Бул массалык даргага асуу аркылуу ишке ашканы» докладда баяндалат.

Сириялык демонстранттар.
Сириялык демонстранттар.

Даргага асуудан мурун Дамасктын Ал-Кабун районунда жайгашкан аскерий базанын соту өлүмгө өкүм чыгарган. Эң жогорку жазаны чегерген «соттук отурум» адатта үч мүнөткө созулган.

«Сайедная баштаган өкмөттүн көзөмөлүндөгү түрмөлөрдө Асаддын бийлиги менен көз карашы келишпейт деген шек менен кармалгандар жатат. Булар болсо Сирия коомунун бардык катмарынын өкүлдөрү. Көптөгөн демонстранттар, саясий диссиденттер, укук коргоочулар, журналисттер, дарыгерлер, гуманитардык уюмдардын кызматкерлери менен студенттер» деп белгиленет баяндамада.

Өлүм жазасы ишке ашырылгандан кийин чоң машинелерге жүктөлгөн сөөктөр Дамасктагы Тишрин аскер госпиталына берилген. Ал жерден атайын каттоодон кийин аскер базанын аймагындагы массалык көрүстөнгө көмүлгөн.

Президент Башар Асаддын өкмөтү абакта кармалгандарды кыйноо жана өлтүрүү боюнча айыптарды мойнуна албайт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG