Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:54

Жакынкы Чыгыштын оюнчулары Москвада


Израил премьер-министри Беньямин Нетаняху Орусия президенти Владимир Путин менен, Москва, 9-март 2017-жыл.
Израил премьер-министри Беньямин Нетаняху Орусия президенти Владимир Путин менен, Москва, 9-март 2017-жыл.

Жакынкы Чыгыштагы эки негизги оюнчу - Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаняху менен Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган 9-10-мартта орус президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Түркия менен Израил лидерлеринин иш сапары Москваны бул аптадагы дипломатия чордонуна айлантты. Премьер-министр Биньямин Нетаньяху Израил Иран күчтөрүнүн Сирияда узак убакытка турушуна каршы экенин президент Путинге жеткирүүнү көздөйт. Нетаньяху Израил менен Иран күчтөрүнүн ортосунда чыгып кетиши мүмкүн чатактардын алдын алуу керектигин жума башында айткан:

- Биздин сүйлөшүүлөрдө Сирияга жана ал жерде келишимге жетүү маселесине көңүл бурулат. Тынчтык келишиминин алкагында болобу же анын чегинен тышкарыбы, айтор, Иран Сирияда туруктуу кала берүүгө аракет кылып жатат. Бул кургактагы аскерлери же деңиз аркылуу болушу мүмкүн. Бара-бара Иран Голан дөңсөөсүндө бизге каршы фронт ачкысы келет.

Иран Израилдин айткандарын негизсиз деп эсептейт. Кезинде Сирияга таандык болгон Голан дөңсөөсүн 1967-жылдан бери Израил көзөмөлдөйт. 2015-жылы Ирандын "Революция сакчыларынын" бир генералы Израил тараптан келди делген аба чабуулунан мерт кеткени кабарланган.

Сирияда алты жылга созулган жарандык согушта Орусия менен Иран өкмөттүк күчтөрдү, президент Башар Асадды колдоп келет. Бул өлкөнүн тегерегиндеги маселелер түрк президенти Режеп Тайип Эрдогандын президент Путин менен 10-марттагы жолугушуусунда да талкууланмакчы.

Путин менен Эрдогандын 2016-жылдын октябрь айындагы жолугушуусу, Стамбул.
Путин менен Эрдогандын 2016-жылдын октябрь айындагы жолугушуусу, Стамбул.

Түркия Сириядагы согушта Башар Асадга каршы чыккан оппозициячыл күчтөрдү колдогон. 2015-жылы Түркия өзүнүн аба мейкиндигин бузуп кирди деген негизде орус аскердик учагын атып түшүргөндөн кийин орус-түрк алакасы кескин начарлап кеткен. Бирок эки өлкө Түркиядагы 2016-жылдын июль айындагы төңкөрүш аракетинен бери мамилени жакшыртып, андан бери Эрдоган менен Путин бир нече ирет жолугуп, ири экономикалык долбоорлорго кол коюуга жетишти.

- Түрк тарап Орусия менен мамилеси кризиске учураган 2015-жылдагы шарттарга кайтып барбайт деп ойлойм. Бул кризис Түркия менен Орусиянын ортосундагы мамилени түп-тамырынан бери өзгөртүп койду,- дейт Анкарадагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин профессору, эл аралык мамилелер боюнча эксперт Хусейн Багжы.

Түркия Орусия менен алакасын жакшырткандан кийин Сирия боюнча бир катар мурдагы позицияларынан баш тартты. Жыл башында Тегеран, Москва, Анкаранын катышуусунда Сирия сүйлөшүүлөрү өтүп, Түркия Сирияда ок атышпоо келишимине жетишүүгө көмөкчү болду. Түрк премьер-министринин орун басары Мехмет Шимшек “Түркиянын Сирияда президент Башар Асадсыз келишимге келүү талабы реалдуу болбой калганын” да билдиргени бар.

Сирия, Аль-Баб шаары
Сирия, Аль-Баб шаары

Галатасарай университетинин профессору Али Фаик Демир Түркия Орусия мунаса тапкысы келген маселеге токтолду:

- Чындыгында, Башар Асад кетеби же кетпейби, бул маселе чечилген. Күрт демократиялык партиясынын маселеси туңгуюкка кептелип турат. Бул сезимтал маселе. Буга чейин орустар күрттөрдү жолугушууга чакырганы бар.

Түркия Ирактын Курдистан аймагында иш жүргүзгөн Күрт демократиялык партиясын террорчул уюм деп санайт. Орусия менен АКШ Түркиянын бул багыттагы позициясын бөлүшпөй келет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG