Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

Түркия-Орусия: таарыныч менен жарашуунун баасы


Түркия менен Орусия президенттеринин Стамбулдагы жолугушуусу.
Түркия менен Орусия президенттеринин Стамбулдагы жолугушуусу.

Түркия-Орусия 10-октябрда мурда үзүлгөн мамилелерин дээрлик калыбына келтирди. Түрк азык-түлүктөрүн орус базарына сатууга уруксат берилди. "Түрк агымы" келишимине кол коюлду.

Негизи ушу тапта Стамбулда Бүткүл дүйнөлүк энергетикалык конгресс өтүүдө. Ар үч жылда бир болчу бул жыйында дүйнөлүк энергетика көйгөйлөрү талкууланат. Бирок анын алгачкы күнү журналисттердин көңүлү көбүнесе орус-түрк мамилесине бурулду.

Эки тарап адегенде өздөрүнүн энергетикалык көйгөйүн чечишти. Тагыраагы 2014-жылдын соңунда көтөрүлүп, өткөн жылдагы чатактан кийин токтоп калган “Түрк агымы” долбоорун куруу келишимине кол коюшту.

2019-жылы ишке берилет делген куурдун ар бир бутагы жылына 16 млрд кубга жакын газ өткөрөт. Ал Орусиядан Кара деңиздин түбү аркылуу өтүп, бир бутагы Түркияны газ менен камсыздайт. Түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган анын өз өлкөсү үчүн маанисине учкай токтолду:

- Биз Балкан аркылуу Орусиядан азыркыга чейин алып турган газ эми Кара Деңиз аркылуу түз келиши керек. Ага байланыштуу "Түрк агымы" долбоору боюнча ишибиз уланууда.

Балкан демекчи, Түркияга орус газынын бир бөлүгү мурдатан Украина, Молдова, Румыния жана Болгария аркылуу узун жолду басып келет. Бирок, орус-украин алакасынын бузулушу бул жолдун келечегине күмөн жаратууда.

Түркия газды кыска жана түз жол менен алгысы келсе, Орусия Украинадан көз карандысыз багыт аркылуу көгүлтүр отунун батышка өткөрүүнү каалайт. Ошол максатта салынчу “Түрк агымынын” экинчи бутагы Грекия чегине жетет. Ал жерге газ хабы курулуп, аны Европага сатуу планы бар.

Мындан тышкары, орус президенти Владимир Путин өтө маанилүү багыттар боюнча олуттуу сүйлөшүү жүргөнүн белгилеп, анын натыйжасын ортого салды:

- Биздин эки тараптуу байланышты толук калыбына келтирүү үчүн мындан ары да аракеттерди көрүүнү макулдаштык. Ушундан улам Орусия Федерациясынын өкмөтү бир топ түрк товарларын орус базарына кое берүү чечимине келди. Бул айыл чарба товарлары, данектүү жана цитрус азык-түлүктөрү.

Ошондой эле Орусия 2010-жылдан бери куруп жаткан “Аккую” түрк АЭСинин курулушун тездетүүнү макулдашканы да расмий айтылды.

Өткөн жылдын ноябрында Түркия аба мейкиндигибизди бузду деп, Сириядагы аскердик операцияга тартылган орус учагын атып түшүргөн. Ошондон кийин эки тарап араздашып, быйыл июнда Эрдоган кечирим сурап, кайра жарашкан. Андан соң орусиялык туристтердин түрк жеринде эс алуусуна уруксат берилгени менен мамилелер толук калыбына келелек болчу.

Геосаясий кырдаалга тыкыр байкоо салгандар Түркия-Орусиянын жакындашуусуна экономика эле эмес, саясий кырдаал да себеп дешет.

Ушу тапта Европа Орусияга каршы санкцияларын улам узартууда. Сирия чатагын биргелешип жөнгөрүү келишими жокко чыккандан кийин Европа да, АКШ да Орусияга жаңы санкцияларды киргизүүнү караштырууда.

Түркиядагы июлдагы төңкөрүш аракетинен кийин аны уюштурууга айыпталган Фетхуллах Гүленге байланыштуу Вашингтон Анкара алакасы да сууп кетти. Качкындар кризисин чечүүдө Европа менен Түркия дале жыйынтыктуу тил табыша элек.

XS
SM
MD
LG