Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Түркия "өзгөчө абалда" жашоого өттү


Президент Эрдогандын жактоочулары Анкарадагы демонстрацияда. 20-июль, 2016-жыл.
Президент Эрдогандын жактоочулары Анкарадагы демонстрацияда. 20-июль, 2016-жыл.

Түркияда бийликтер үч айлык мөөнөт менен өзгөчө абал тартибин киргизишти. Мындай чечим өлкөнүн Улуттук Коопсуздук кеңешинин отурумунан кийин кабыл алынды. Аскерий төңкөрүш аракетинен кийин өлкөдө “тазалоо” деп мүнөздөлгөн иш-чаралар, кармоолор токтой элек.

Түркиядан түшкөн кабарларда айтылгандай, үч айлык мөөнөткө өзгөчө абал тартиби расмий жарыялангандан кийин президент Режеп Тайып Эрдоган адаттан тыш кадамга барып, Анкарада президенттик сарайы ичиндеги мечиттен бейшемби күнкү багымдат намазы үчүн азанды үн күчөткүчтөр аркылуу өзү дагы айтты.

Анын алдында Улуттук Коопсуздук кеңешинин беш саатка созулган отурумунан соң түрк президенти телевидениден түз ободо берилген сөзүндө буларга токтолгон болчу:

- Өзгөчө абалды жарыялоонун максаты - демократияга, мыйзам үстөмдүгүнө, биздин жарандардын эркиндиктери менен укуктарына каршы багытталган бул коркунучка каршы ыкчам жана натыйжалуу чараларды көрүү. Бул иш демократияга, мыйзам үстөмдүгүнө, эркиндикке каршы эмес. Тескерисинче, мына ушул баалуулуктарды коргоп, чыңдайт. Батышта аскерий төңкөрүш аракетинин шартында биз жасагандарды, биздин чечимдерди сындагыдай укук жок. Алар адегенде өздөрүн карап алышсын! Биз кимдир бирөөнүн мактоосун каалабайбыз, болгону алар биздин жолдон алыс турушсун. Бул өлкөдө өз тагдырын өзү аныктагыдай күч-кубат бар. Муну баары билип коюшсун!

Муну менен Эрдоган Батыш өлкөлөрүнүн, Европа биримдигинин, Улуттар уюмунун Түркия бийлигинин дарегине айтылган эскертүүлөрүнө, чакырыктарына жооп кайтаргандай болду.

Расмий Анкаранын дарегине аскерий төңкөрүш аракетине пропорционалдуу жооп берүү, мыйзамдарды, адам укуктарын сактоо боюнча эскертүүлөр айтылган.

Мисалы, Түркия өлүм жазасын кайра киргизсе, Евробиримдикке мүчөлүгү боюнча сүйлөшүүлөр токтой турганын эскерткен Германиянын тышкы иштер министри Франк-Вальтер Штайнмайер өзгөчө абал жөнүндөгү жаңылыктан кийин буларды билдирди:

- Биз акыркы сааттарда түшкөн кабарларга өтө тынчсызданып жатабыз. Армиядан, соттордон миңдеген адамдар кызматтан четтетилгенден тышкары университеттердин профессорлоруна четке чыгууга тыюу салынып, телеканалдар жабылып жатыптыр. Бул бизди тынчсыздандырат. Биз албетте аскерий төңкөрүш аракетине саясий, укуктук баа берилиши керектигин түшүнөбүз. Бирок мыйзам үстөмдүгү баарынан жогору турушу абзел.

Түрк бийлиги аскерий төңкөрүш аракети артынан тазалоо деп мүнөздөгөн иш-чаралардын алкагында кармаган, камакка алган, кызматтан бошоткон аскерлер, полициячылар, соттор, мамлекеттик кызматчылар, мугалимдер саны 60 миңге чамалап калды. Түрк армиясында азыр кызматта турган 360 генералдын дээрлик үчтөн бирине жакыны кармалып, алардын 99уна расмий айып коюлду.

Тазалоого Түркиянын билим берүү сектору да кабылууда. Мектептерден иштен алынган 15 миңден ашуун кызматкердин "кара тизмесине" 20-июлда Билим берүү министрлиги дагы 6500дей адамды кошту. Өкмөт ошондой эле 600дөн ашуун билим берүү мекемесин жабуу жараянын баштады, алардын көпчүлүгү жеке менчик окуу жайлар. Буларга кошумча жеке менчик окуу жайларда иштеген 21 миңдей мугалимдин лицензиясы жокко чыгарылды, университеттердин 1500ден ашуун декандары да иштен кетүүгө мажбурланды.

Тазалоодо бутага алып жаткандардын көбүн түрк бийлиги АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленге жана анын кыймылына байланышы бар деп эсептейт.

Фетхуллах Гүлен. АКШ, 16-июль, 2016-жыл.
Фетхуллах Гүлен. АКШ, 16-июль, 2016-жыл.

Гүлен мурда Түркияда “параллель мамлекет” , “параллель структура” түзүп алган деп күнөөлөп жүргөн болсо, эми аскерий төңкөрүш аракетинен кийин президент Эрдоган анын адамдарын өкмөттүн бардык катмарына жайылып кеткен “вирус” деп да сыпаттоодо.

Анкара Гүленди өткөрүп берүү өтүнүчү менен АКШга расмий кайрылды. Гүлен өз тарабынан аскерий төңкөрүш аракетине кандайдыр бир тиешеси бардыгын кескин түрдө четке каккан. Анын өкүлү Алп Асландоган Түркиядагы кызматташтары кириптер болгон жагдайды кабарчыларга мындайча мүнөздөдү:

- Биз “Хизметтин” катышуучулары менен кызматчыларынын абалына абдан тынчсызданып турабыз. Негизи алар акыркы эки жылдан бери эле куугунтукталып келаткан. Эми болсо мамлекеттик төңкөрүш аракети басылгандан кийин кысым жана репрессиялар күчөп кетти. Эрдогандын жактоочулары иш жүзүндө телефон аркылуу ыкчам байланыш орнотушуп, адамдарды “Хизметке” жан тарткандар тууралуу маалымат берүүгө шыктандырып жатышат. Бул Европада фашизм учурундагы кырдаалды эске салып турат. Бул кооптондура турган белги.

Кечээ түндөн тартан киргизилген өзгөчө абал тартиби Түркияда эми президентке жана өкмөткө мыйзамдарды парламентти буйтап кабыл алууга, зарылчылык жаралса адамдардын укуктары менен эркиндиктерин чектөөгө мүмкүндүк берет.

Өкмөт ошондой эле коменданттык саат киргизүүгө, медиага тыюу салууга, жеке жыйындарды токтотууга, үйлөрдө тинтүү жүргүзүүгө укук алат.

Эрдоганды жана өкмөттү колдогон демонстрация. Анкара, 20-июль, 2016-жыл.
Эрдоганды жана өкмөттү колдогон демонстрация. Анкара, 20-июль, 2016-жыл.

Эрдоган жана башка бийлик башчылары өзгөчө абалдан жарандардын эркиндиги чектелбейт, мунун бизнеске эч зыяны жок деп ынандырууга да аракеттенишүүдө. Бирок аскерий төңкөрүш аракетинен кийин түрк лирасынын башка дүйнөлүк валюталарга алмашуу курсу али олку-солку болуп турат, Стамбулдун биржасындагы негизги индекстер 20-июлда 9,5% төмөндөп кетти. Бул 2013-жылдан берки эң жаман көрсөткүч.

Standart & Poors рейтинг агенттиги болсо өлкөнүн кредиттик рейтингин бир ченемге ылдыйлатты.

Стамбулда төрт-беш жылдыздуу мейманканалардын башкаруучулары баалар эки эсе арзандаганын айтып жатышат.

  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG