Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:56

Түркиядагы саясий күрөш, тынымсыз кол салуулар жана тышкы саясаттагы олку-солку жагдайлар өлкөнүн маанайын өзгөрттүбү? Стамбул университетинин доцент-доктору, саясат таануучу Хакан Гүнеш "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Өткөн жыл Түркия үчүн оор жылдардын бири болду. Өлкөдө бир топ окуялар орун алды. Алардан кийинки Түркиянын азыркы абалын кантип сүрөттөр элеңиз?

Хакан Гүнеш: Тилекке каршы, экономиканын абалы начарлап баратат. Кризис азырынча билинбесе да артка кетүүлөр, стагнация жана инфляция байкалып жатат. Бул жагдай адамдардын жашоосун кыйындатып койду. Экинчиден, Жакынкы Чыгыштагы согуштун эпкини соңку эки жылда, өзгөчө өткөн жылы Түркияга катуу тийди. Террорчул чабуулдар орун алууда.

Үчүнчүдөн, саясий абал да чыңалып турат. Коомчулук топторго бөлүнүп, саясий партиялардын ортосунда катуу карама-каршылыктар бар. Түркияда саясат жаатында да, экономика тармагында да абал жакшы эмес. Мындай жагдай өзгөчө соңку эки жылда ачык байкалууда.

Режеп Тайып Эрдоган
Режеп Тайып Эрдоган

“Азаттык”: Түркиядагы мындай жагдайда жеңүүчү тарап барбы?

Хакан Гүнеш: Жок. Бирок ийгиликке жеткен же жылыш жасаган тараптар бар. Мисалы, президент Режеп Тайып Эрдоган жетиштүү добуш топтоп, бийлигин улантып келатат. Бирок бул эч кимге утуш алып келген жок. Менимче, бардык тарап утулуп жатат.

“Азаттык”: Эрдоганга келсек, Түркиядагы төңкөрүш аракетинен кийин анын өзгөчө улутчул атуулдардын арасындагы кадыр-баркы өскөнү белгиленип келет. Режеп Тайып Эрдоганга карата түркиялыктардын учурдагы мамилесин кандай мүнөздөйсүз?

Хакан Гүнеш: Чындыгында соңку мезгилде түрк коомунда ажырым пайда болду. Мурда мынчалык деңгээлде эмес эле. Коомдун бир катмары аны ушунчалык жакшы көрүшөт. Балким бул калктын 50-55 пайызын түзөт чыгар. Кайсы бир бөлүгү андан өтө алыстап кетти. Аны жек көрөбү же көрбөйбү билбейм, бирок абдан негативдүү ойлору бар. Андыктан бир тарабы өтө позитивдүү, экинчи тарабы өтө негативдүү маанайда. Андыктан эки ача пикир бар. Он жыл мурда Эрдоган жөнүндө бир аз оң, бир аз терс маанай бар болсо, азыр ашкере позитивдүү жана ашкере негативдүү пикирлер бар. Ортодо тургандар жок. Пайыз менен айтканда 50/50 же 55/45 деп айтса болот.

Эрдоганга өзгөчө секулярдуу көз караштагы адамдар каршы. Алар президент барган сайын өлкөнү исламдаштырып жатат деп ойлошот.

Президенттин Газиантептеги тарапкерлери
Президенттин Газиантептеги тарапкерлери

“Азаттык”: Жазында Түркияда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтүшү мүмкүн. Эгер Башмыйзам өзгөрсө, өлкөдө президенттик башкаруу орноп, Эрдоган мурдагыдан күчтүү болору айтылууда. Бийлик партиясы мындай өзгөрүү өлкөдөгү туруктуулук үчүн керек деп жатат. Бул референдум мезгилдин же калктын талабынан чыгып жатабы же Эрдогандын каалоосубу?

Хакан Гүнеш: Эрдогандын каалоосу экени бышык. Анткени ал өз партиясына да ишенбейт. Бир премьер-министр анын айтканына кошулбай коюшу мүмкүн. Эрдоган өзүнө жакын өкмөт башчы да кийинчерээк маселе чыгарышы ыктымал деген ой менен бардык бийликти президентке бергиси келип жатат. Себеби парламентте ансыз деле көпчүлүккө ээ болгон, күчтүү партиясы бар. Бул партия кийинки шайлоодо деле оңой эле алдыга озуп чыгышы мүмкүн. Каалаган мыйзамды кабыл алса болот.

Бирок Эрдоган үчүн бир маселе бар. Ал бийлигин өз партиясынан чыккан өкмөт башчы менен да бөлүшкүсү келбейт. Андыктан бул түрк калкынын талабы эмес. Тескерисинче президенттик система тууралуу талкуулар башталгандан бери Түркияда террорчул чабуулдар көбөйдү, экономика төмөндөп жатат, саясатта маселелер бар. Бул маселе Түркиядагы турмуш-тиричилигибизди кыйын абалга кептеди.

Конституциялык өзгөртүүлөр боюнча парламенттеги добуш берүү
Конституциялык өзгөртүүлөр боюнча парламенттеги добуш берүү

“Азаттык”: Эгер бул Эрдогандын гана каалоосу болсо, конституциялык өзгөртүүлөр парламентте кандайча колдоо тапты?

Хакан Гүнеш: Парламенттеги “Улуттук кыймыл” партиясы колдоо көрсөттү. Бийликтеги “Адилет жана өнүгүү” партиясы (АК партия) алардын добуштарын көзөмөлгө алышты. Ансыз деле фотолор, видеолор чыгып кетип, жаңжал болду. Алар башкача добуш берип койбосун деп депутаттарды да тескеп жатышат.

Авторитаризмге жол ушуга окшош болот. Башка ойлорго, башкача кадамдарга уруксат берилбейт. Андай адамдар болсо, алар олуттуу маселелерге туш болушу мүмкүн. Кызматынан айрылып, камакка да алынышы ыктымал. Андыктан Түркияда башкача ойлонгон топтор дээрлик калбай калды.

“Азаттык”: Түркиянын премьер-министри Бинали Йылдырым Конституцияны өзгөртүү маселесин түрк эли гана чечет деп айтты. Референдум өтө турган болсо эл кандай добуш бериши мүмкүн?

Хакан Гүнеш: Кайрадан эле ыктымалдуулук 50/50 пайыз болуп турат. Так белгисиз. Сурамжылоолор кээде “каршы” тараптарды бир канча упай алдыда көрсөтсө, айрым учурда өзгөртүүлөрдү колдогондор көбүрөөк упайга ээ болуп жатат. Бирок менин оюмду сурасаңыз, акыры Эрдоган каалаган “ооба” деген чечим чыгат.

Эрдогандын полицияга кайрылуусу, Анкара, 2016-жылдын ноябрь айы.
Эрдогандын полицияга кайрылуусу, Анкара, 2016-жылдын ноябрь айы.

Себеби ал утуларын билгенде башка ыкмаларды таап чыгат. Мисалы, 2015-жылдын июнь айындагы парламенттик шайлоодо анын партиясы көпчүлүккө ээ боло албай калды. Коалиция түзүлүшү керек болчу. Бирок коалицияга мүмкүнчүлүк берилген жок. Жаңы шайлоо өткөрүлмөй болду. Анын алдында Түркияда тынымсыз жардыруулар орун алды, адамдар мерт кетишти. Экономикада маселелер чыкты.

Натыйжада жарандар кайрадан ага добуш бере башташты. Болгону эки айдын ичинде... АК партияны колдогондордун бир бөлүгү жаңы Башмыйзамга каршы добуш бергиси келишет. Бирок өлкөдө ар кыл окуялар болуп кетсе, референдумда өтүп кетиши мүмкүн.

“Азаттык”: Президент Эрдоган “ооба” деген жооптуу алуу үчүн кандай карталар менен ойношу мүмкүн?

Хакан Гүнеш: Адатта “улутчулдук картасын” колдонот. Себеби “Улуттук кыймыл” партиясынын тарапкерлеринин жарымы “ооба”, жарымы “жок” деген позицияда турушат. Эгер улутчул сөздөр көбүрөөк айтылса, референдумду колдогондордун саны көбөйөт.

Бирок бул жерде бир туңгуюк бар. Мындай кырдаалда Эрдогандын күрт тарапкерлеринин саны азайышы мүмкүн.

Ошентсе да азыр тагыраак жоромол айтуу кыйын. Бирок акыйкат өнөктүк болобу деген маселе бар. Себеби эркин пропаганда жок. Оппозиция каалагандай митинг өткөрө албайт. Андыктан “жок” деген добушту жактагандар жакшы өнөктүк өткөрө албашы мүмкүн.

Стамбулдагы Жаңы жыл түнү болгон кол салуунун курмандыктарын акыркы сапарга узатуу.
Стамбулдагы Жаңы жыл түнү болгон кол салуунун курмандыктарын акыркы сапарга узатуу.

“Азаттык”: Дал ушул эркиндик тууралуу сурайын дегем. Өзгөчө июль айындагы төңкөрүш аракетинен кийин Түркияда миңдеген адамдар кармалды, маалымат каражаттары жабылды. Учурда Түркиядагы журналисттер, жарандык коомдун өкүлдөрү канчалык деңгээлде эркин же эркин эмес?

Хакан Гүнеш: “Адилет жана өнүгүү” партиясынын бийликтеги алгачкы жылдарында, 2003-2007-жылдары эл дагы эркинирээк эле. Барган сайын авторитаризм пайда болду. Башкача ойлонгон журналисттер дээрлик калбай калды. Ал түгүл Твиттер, Фейсбукка айырмаланган ойлорду жазган адамдар да кармалып жатат. Университеттерде да ошондой.

Өлкөдө өзгөчө кырдаал өкүм сүргөндүктөн сотко да кайрыла албайсыз. Өзгөчө кырдаал алынганда гана сотко арыздансаңыз болот. Басма сөз эркиндиги боюнча “Фридом Хаус” уюмунун рейтигинде Түркиянын упайлары барган сайын азаюуда.

“Азаттык”: Бирок мен көргөндөн сиз оюңузду эркин эле айтат турбайсызбы?

Хакан Гүнеш: Мындай, мен сыяктуу оюн эркин айткан адамдардын саны аз. Мисалы 60 миң профессордун миңи гана мен сыяктуу коркпой, ачык айтышы мүмкүн. Андан көп эмес.

Жардыруулардан улам Түркиядагы коопсуздук маселеси кабыргасынан коюлуп турат.
Жардыруулардан улам Түркиядагы коопсуздук маселеси кабыргасынан коюлуп турат.

“Азаттык”: Акыркы жылдары Түркияда көп сандагы кол салуулар болду. Андан ондогон жайкын тургундар мерт кетишти. Түркия коопсуздукту камсыз кыла алабы? Же барган сайын кооптуу мезгилге сүйрөлүп баратабы?

Хакан Гүнеш: Мен ошол тарапка сүйрөлүп баратат деп ойлойм. Саясатта тынымсыз туура эмес кадамдар жасалып жатат. Анан президент же премьер-министр “биз туура эмес кылган экенбиз” деп айтып жатышат. Жоопкерчилик жок. Мисалы, беш жылдан кийин расмий түрдө “Сирия боюнча саясатыбыз туура эмес экен” дешти. Өкмөттүн жаңы программасы жарыяланды.

Беш жыл мурда Сирия боюнча саясатты жаңылыш деп атасаңыз, чыккынчы деген атка конмоксуз. Мисалы, Орусиянын учагы атып түшүрүлгөндө университетте бир гана мен бул туура эмес дедим. Мени чыккынчы деп аташты. Кийинчерээк Путин менен тил табышып, “учакты атып түшүрүү туура эмес болгон” дешти.

Бул багытта саясатчылар, окумуштуулар туура ойлонбой жатышат. Себеби башкача ойлоно турган болушса, маселеге кабылышы мүмкүн.

Коопсуздук темасына келсек, эки маселе бар. Түркиянын коопсуздук жана атайын кызматтарында Гүлен кыймылынын көп сандаган тарапкерлери бар эле. Алардын баары иштен айдалып, система бузулду. Албетте, зарылчылык жок болчу деп айтпайм. Себеби гүленчилер болобу же секуляризмди колдогондор болобу, бир мамлекеттин ичинде башка бир мамлекет болбошу керек.

Бирок муну шашпай, туура жасашкан жок. Себеби атайын кызматтарда жана армияда олуттуу бир боштук пайда болду.

Экинчиден, Түркия тобокелчилиги көп тышкы саясатты карманып, ага ылайык кадамдарды таштады. Орусия, Иран, АКШ сыяктуу бир топ өлкө менен татаал жана аралашма бир саясаты бар. Кайсы өлкөнүн атайын кызматы же кайсы уюм эмне иш менен алек болуп жатканын так айтуу кыйын.

Диярбакырдагы камоолордон кийинки нааразылык.
Диярбакырдагы камоолордон кийинки нааразылык.

“Азаттык”: Буга чейин айтылган жагдайлардын баарын эске алганда Түркияда алдыңкы жылдарда кандай өзгөрүүлөрдү күтөсүз?

Хакан Гүнеш: Бир канча жылдык жоромол жасоо өтө кыйын. Мен бир канча апта тууралуу гана божомолумду айта алам. Мурда мүмкүн болчу, азыр анте албайм. Азыр Түркияда сюрприздерди күтсө болот. Мисалы, референдумда түрк эли “жок” деп добуш берсе эмне болорун билбейм. Эрдоган демократиялык жол менен кетеби, ал да белгисиз. Кетпеши мүмкүн.

Керек болсо референдум да өтпөй калышы ыктымал. Сурамжылоолордо “жок” деген добуш көп болорун билишсе, референдумдан баш тартышы мүмкүн. Бирок “референдум өтөт жана Эрдоган утат” деген жоромол күчтүүрөөк.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG