Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

Түркиядан дары алдыргандар арбыды


Иллюстрация
Иллюстрация

Социалдык тармактарда апта сайын кеминде эки-үч мекендешибиздин "Түркиядан дары берип жиберет элем, ала кеткилечи" деген кайрылуусу чыгат.

Дарыны адатта аэропортко барып Кыргызстанга жол тарткан мекендештердин колуна тапшырып жөнөтүшөт. Өзгөчө онкология, диабет илдеттеринин дарыларын күткөндөр көп. Негизинен дарыларды мындай жол менен аэропорттон алып өтүү мыйзамсыз, бирок көлөмү аз болгондуктан ал байкалбайт. Ал эми Кыргызстанда дары күткөн бейтап үчүн ал өтө маанилүү.

54 жаштагы Сайнаш Алканованын бөйрөгүн Анкара шаарында алмаштырган. Эми күн сайын иче турган дарыларын Стамбулдагы кызы сатып алып, Бишкекке кеткендер аркылуу жөнөтүп турат.

- Дарыларыбыз да кымбат. Өмүр бою ичебиз. Бир дарынын баасы эле 200 доллардын тегерегинде. Дагы бир дарыбыз 100 доллар турат. Дозалары күчтүү, көп ичем. Бир дары бир аптага араң жетет. Экинчиси жарым айга жетет. Кыргызстанда бир жылда бир берилет экен. Мен жакында эле операция болгондуктан ала элекмин.

Үстүбүздөгү жылдын 20-февралынан баштап Түркиянын Саламаттык сактоо министрлиги ооруканалардагы кабыл алуу төлөмдөрүн 20 пайызга кымбаттатты. Аны менен бирге өкмөт дары-дармектер 10 пайызга кымбаттайт деген чечим чыгарды. Түркия онкология жана кант диабетинин дарыларын АКШ, Германия жана Белгиядан импорттойт.

Дары-дармек кымбаттайт

Дарыканалар биримдигинин өкүлү Доган Имрен Саламаттыкты сактоо министрлигинин дары-дармектер кымбаттай турганын алдын ала эскерткенинен фармацевтикалык фирмалар гана пайда көрөт дейт:

- Министрликтин катасы - дарылар кымбаттайт деген чечим чыгарып, бирок ал 20-февралда күчүнө кирет дегени болду. Бул убакыт ичинде дары чыгарган же импорттогон фирмалар товарларын катып, сатыкка чыгарбайт. Анткени бир айдан кийин кымбат баа менен сатам деп ойлойт. Дарыканалар фирмалардан дары сурайт, фирмалар бербейт, бейтаптар ара жолдо калат. Өзгөчө чет өлкөдөн келген бейтаптар азыркы тапта кээ бир дарыларды издеп таппай турган убагы. Бизге албетте чет элдиктерге дары сатуу пайдалуу, анткени өз баасына сатабыз. Ошондой кылып саталы десек да азыр табылбай жатат.

Ибрахим Долапчыоглу Кыргызстан менен медициналык туризм жаатында иш алып барат. Анын пикиринде, дарылардын кымбатташы доллардын курсунун өсүшүнө байланыштуу.

Кыргызстандан Түркияга келген бейтаптар догдурлар жазып берген дарыларды кымбат болсо да сатып алганга мажбур. Өзгөчө ал алып келген бейтаптар онкологиялык оорулардын, кант диабетинин дарыларын Кыргызстандан Түркияга караганда кеминде дегенде 15-20% кымбатка аларын, анан калса аны табуу да азап экенин айтышат:

- Онкологиялык оорулардын дарылары Түркияда өтө аз чыгарылат. Көбүнесе башка өлкөлөрдөн импорттолот. Кыргызстандык бейтаптар онкология, трансплантология жана дерматология бөлүмдөрүнө көп кайрылат. Бул бөлүмдөрдүн дарылары негизинен эле кымбат. Мисалы, онколог жазган дарылардын дээрлик баары Түркияга Америкадан келет. Импорт болгондуктан кымбатыраак. Бирок алганга туура келип калат. Министрлик евронун курсун туруктуу бир курска байлап дарыларды импорттосо, көп айырмачылык деле чыкпайт го деген үмүттөмүн.

Дарыны Түркиядан арзан алабыз

Бишкектин тургуну Анвар Эстемесов кант диабети менен беш жылдан бери ооруйт. Бир жылдан бери дарыны Стамбулдагы досунан алдырат. Анын айтымында, алган дарылары Бишкекте болжол менен он эсе кымбат турат.

- Мен колдонгон "Глюковера" дарысы Бишкекте бир жылдан бери жок. Алматы, Ташкент, Москавдан заказ кылганга аракет кылгам. Бирок ал жактан да алдыра албадым. Анын ордуна "Амарил 4 мг" колдонсо болот. Мага досум Стамбулдан салып жиберет. Анткени ошол эле "Амарил" Стамбулда 100 сом болсо, бизде 1350 сомдон сатышат. Андан тышкары Бишкектеги "Амарилди" колдонуп, сапатын жактырбадым. Күндө эртең менен канымды өлчөгөндө чоң айырмачылык байкаган жокмун. Ал эми Стамбулдан алган дары жакшы жардам берип жатат.

Саламаттыкты сактоо министрликтери ортосундагы келишимге ылайык, ар жылы Кыргызстандан Түркияга мамлекеттик квота боюнча 100 бейтап операция жасатып кетет. Андан тышкары өз каражаты менен келип дарыланган мекендештер да көбөйүүдө. Дарылануу менен катар колдонгон дары-дармактери, медициналык анализдери көп эле каражатты талап кылат.

Бөйрөгүн алмаштырган Сайнаш Алканова да өзү мамлекеттик кызматкер болгондуктан кызы Түркияда иштеп, ага такай керектүү дары-дармек салып турарын айтып отурду.

- Өзүм мамлекеттик кызматтамын. Жолдошум пенсияда. Уулум да мамлекеттик кызматта иштейт. Кызым дарыларымды алам деп Стамбулда мигрант болуп жүрөт.

Саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу келишимге ылайык, Кыргызстандан Түркияга мамлекеттик квота боюнча 100 бейтап келип бекер дарылана алат. Алардын жарымын министрлик, жарымын түрк элчилиги тандайт. Алардын бардык чыгымдарын түрк тарап көтөрөт. Ал эми өз каражатына келип дарыланган бейтаптардын саны жүздөп саналат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG