Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Мамлекет кайрымдуулукту колго алабы?


Айт намаздагы битир жардамга муктаждарга таратылат. 17-июль, 2015-жыл. Бишкек
Айт намаздагы битир жардамга муктаждарга таратылат. 17-июль, 2015-жыл. Бишкек

Кыргызстанда оор жана каражатты көп талап кылган операцияга муктаж жарандарга жардам берчү мамлекеттик кайрымдуулук фондун түзүү сунушталууда.

Жогорку Кеңеш иштеп чыккан токтомдун долбооруна ылайык, фонд Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында түзүлүп, камкордук кеңештер көзөмөлгө алат. Анткен менен медициналык жардамга өтө муктаждарды иргеп алуунун жол-жобосу ачык-айкын эмес дегендер да чыгууда.

Ушул тапта алты айлык Наристе Уланова операцияга муктаж. Наристенин атасы Улан Муратовдун “Азаттыкка” айтуусунда, ымыркай өтү жок төрөлүп, учурда боорун алмаштырууга туура келүүдө. Дарыгерлер бөбөккө боордун циррозу деген диагноз коюшкан. Муратов өзү жалгыз иштегендиктен, операцияга каражат табуу оңой эмес. Түркиядагы дарыгерлер балага жардам берүүгө убада беришкен, бирок ага 50 миң доллар каражат керек.

Улан Муратов операцияга муктаж кызы Наристе менен
Улан Муратов операцияга муктаж кызы Наристе менен

- Ооруканадан чыкканыбызга аз эле болду. Өтү жок төрөлгөнүн кызыбызга эки ай болгондо билдик. Кыргызстандан операция жасашты. Бирок азыр боору иштебей жатат. Дарыгерлер эки айдын ичинде бооруна операция жасаткыла дешти. 19-январда Түркиядан дарыгерлер келет дегенинен Саламаттыкты сактоо министрлигине арыз таштап келдик. Жакында Анкарадан догдурлар келип, операцияга 50 миң доллар кетет деген. Келинчегим өзү донор болмок. Учурда Индия менен да сүйлөшүп жатабыз. Кайсынысы арзанырак болсо ошол жагына баргандай кылып.

Кыргызстанда операция үчүн каражатка муктаж, чамасы чак адамдардын саны арбын. Жогорку Кеңеш ошондой жарандарга каржылык жардам көрсөтүүчү мамлекеттик кайрымдуулук фондун түзүүнү сунуштоодо. Бул үчүн “Мамлекеттик филантропияны өнүктүрүү" боюнча токтом долбоору иштелип чыгып, аны парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо комитети колдоого алды. Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин белгилешинче, фонд Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдында түзүлөт. Ага түшкөн жана коротулган каражат тыйынына чейин сайтта ачык көрсөтүлүшү керек.

Дастан Бекешов
Дастан Бекешов

- Депутаттарга, өкмөткө кымбат операцияларга жардам бергиле деп көп кайрылышат. Тилекке каршы, ага жете турган каражат жок. Саламаттыкты сактоо министрлигинин шарты жок. Ошондуктан мамлекеттик деңгээлде кайрымдуулук фонд түзсөк, анда иштегендер ар кандай кампанияларды өткөрсө деп жатабыз. Экинчиден, мамлекеттик лотереяларды уюштурса болот. Андан сырткары муфтият менен макулдашуу түзүүгө шарт болот. Анткени орозо маалында көптөгөн акча топтолот. Алар дагы бир аз жардамын берсе деп жатабыз. Эл арасында деле колунда бар, "акча жакшы ишке, туура жумшалса жардам берет элек", - деген адамдар жок эмес.

Эгер мамлекет өз көзөмөлүнө алып ушундай ишти баштаса эмнеге болбосун? Анткени бизге оор операцияларга деп 40 миң доллардан 150 миң долларга чейин каражат сурап кайрылышат. Чынын айтканда, биздин ага күчүбүз жетпейт.
Хабиб Арзыкулов

Ушул тапта жүрөк, боор, бөйрөк, рак оорулуулар арасында чукул операцияга муктаж адамдардын саны өлкөдө ондоп саналат. Айрым операцияларды Кыргызстанда жасоого мүмкүн болбогондуктан Казакстан, Орусия, Түркия, Индия, Кытай өңдүү өлкөлөргө барууга мажбур. Мындан сырткары Кыргызстан жана Түркия өлкөлөрүнүн өкмөт аралык келишимине ылайык, жылына жүз кыргызстандык бекер дарылануу мүмкүнчүлүгүн алышкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 2015-жылда дарылануу үчүн 450 арыз түшкөн. Министрликтин өкүлү Талантбек Арстанкуловдун белгилешинче, бүгүнкү күнү кезекте тургандардын саны 300гө жетти.

Кыргызстанда айрым көз карандысыз кайрымдуулук фонддору, уюмдар ден соолугунан жабыркап, операцияга муктаж болуп турган жарандарга кол сунуп келет. “Элим барсыңбы” кайрымдуулук уюмунун өкүлү Хабибулла Арзыкуловдун белгилешинче, аларга жардам сурап кайрылгандардын 70% ден соолугуна байланыштуу каражат сурагандар.

"Элим барсыңбы?" кайрымдуулук фондунун акциясы
"Элим барсыңбы?" кайрымдуулук фондунун акциясы

- Элдин талабын да аткара албай калган учурда мамлекеттик иштерге көпчүлүк адамдар ишенбей калышат. Балким тааныштары эле ошол жумуштарга орношуп алат деген пикирлер айтылышы мүмкүн. Эгер мамлекет өз көзөмөлүнө алып ушундай ишти баштаса эмнеге болбосун? Анткени бизге оор операцияларга деп 40 миң доллардан 150 миң долларга чейин каражат сурап кайрылышат. Чынын айтканда, биздин ага күчүбүз жетпейт. Мамлекет колго алса, бул маселени социалдык көйгөйлөр да жеңилдемек.

Булардан сырткары президент, премьер-министр өз фондунан муктаж адамдарга 100-200 миң сомдой каражат бөлүп келет. Бирок мындай адамдар саналуу гана. Айрымдар бөлүнгөн каражат деле толук, өз убагында алуу кыйын экенин белгилешүүдө.

Буга чейин сыркоолордун укуктарын коргоочу Темир Султаналиев чет өлкөдөгү медициналык жардамга өтө муктаждарды иргеп алуунун жол-жобосу ачык-айкын болбой жатканын айтып чыккан. Ушундан улам мамлекеттик кайрымдуулук фонд деле кимге акча бөлүштү жең ичинен чечип, өз көмөчүнө күл тартат деп күмөн санагандар бар.

Наристеге жардам берүүнү каалагандар автоматтардагы ЭЛСОМ электрондук капчыгы аркылуу анын атасы Улан Муратовдун 0770 20-24-86 номуруна каражат салса болот.

XS
SM
MD
LG