Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:12

Эгер сизден ВИЧ табылса...


Иллюстрация
Иллюстрация

Ушул аптада орусиялык маалымат каражаттары Екатеринбургдун саламаттык сактоо башкармалыгына шилтеме жасоо менен, шаарда ВИЧ эпидемиясы расмий жарыяланганын кабарлашты.

ВИЧ тууралуу кабар биздин өлкөдөгү жарандар арасында да кооптонуу пайда кылды. Ушундан улам биз инфографиканы даярдадык. Ал сизге эпидемия Кыргызстанда кайсы баскычта турганы жөнүндө маалымат берет.

БУУнун ВИЧ жана СПИД боюнча Бириккен Программасынын (ЮНЭЙДС) маалыматына ылайык, Кыргызстан ВИЧтин жайылуусу салыштырмалуу төмөн деңгээлде болгон өлкө бойдон кала берүүдө. 1987-жылдан бери эсептей турган болсок, үстүбүздөгү жылдын 1-августуна карата өлкөдө ВИЧ-инфекциясынын 6 730 учуру катталган.

Тынчсызданууга негиз жокпу?

Бирок баары эле бир карагандагыдай жөнөкөй эмес. Ооруну жуктуруу темпи салыштырмалуу төмөн болгонуна карабастан, 2010-жылдан бери өлкөдө ВИЧ жуктургандардын саны дээрлик эки эсе көбөйгөн (2010-жылы 3 288 болсо, 2015-жылы 6 402 учур катталган). ВИЧ-инфекция ишке жарамдуу курактагы адамдардын арасында көп жайылууда: ВИЧ менен жашаган адамдардын 85% 20-49 жашта. ВИЧ өлкөнүн бардык региондорунда катталган. Бардык маалыматтар ВИЧ жалпы калк арасында жайыла баштаганынан кабар берүүдө.​

​Эмне кылуу керек?

Эгерде сиз шектенип турсаңыз, анда муну билүүнүн жалгыз жолу – ВИЧке тест тапшыруу. ВИЧке канды күн сайын саат 08:00дөн 12:00гө чейин Логвиненко 8 дарегинде жайгашкан СПИД Республикалык борборунда тапшырсаңыз болот. Ошондой эле сиз ВИЧке тестти бардык облустук СПИД борборлорунда да тапшыра аласыз. СПИД борборлорунун даректерин жана байланыш жолдорун издеңиз.

ВИЧ - эмне кылуу керек?

Эгерде адамда ВИЧ аныкталса, анда ал менен СПИД борборунун кесипкөй жана атайын окуудан өткөн кызматкерлери иштей баштайт. Мүмкүн болушунча тез арада антиретровирустук дарыларды иче баштоо өтө маанилүү. Алар ВИЧти башка адамга жуктуруп алуу тобокелдигин бир кыйла азайтат жана ооруган адамдын өмүрүн узартат. Дарылануу бекер.

Эң негизгиси – адам бул проблемада жалгыз болбогонун унутпашы керек. Эл аралык да, бейөкмөт уюмдар да ишке ашырган көптөгөн программалар жана долбоорлор иштеп келатат. Ал жерден сиз колдоого ээ болосуз жана сизди түшүнгөн адамдар менен тааныша аласыз. СПИД кызматынын адистери ВИЧ менен жашаган адамдар үчүн кандай кызмат көрсөтүүлөр бары тууралуу маалыматтарды берет.

Инфографиканы ЮНЭЙДСтин өлкөлөр аралык кеңсеси даярдады.

XS
SM
MD
LG