Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Түркияда дарыланууну каалагандар арбын


“Жасалма бөйрөк” аппараты
“Жасалма бөйрөк” аппараты

Учурда Кыргызстанда Түркиянын ооруканаларында акысыз дарыланууга барчу адамдардын тизмеси түзүлүп жатат.

Ош облусунун тургуну Жеңиш Токуевдин атасынын бөйрөгү ооруп жүргөнүнө бир жылдан ашты. Ушул тушта гемодиализ менен аптасына эки-үч жолу канын тазалатып турат. Ар бир тазалоого кеминде 5000 сомдон кетет экен.

Бул оору менен алышкан үй-бүлө азыр карызга белчесинен батты. Учурда Жеңиштин жалгыз тилеги - атасын Түркияда бекер дарыланчулардын тизмесине киргизүү. Бирок анын жол-жоболору жөнүндө маалыматы болбогондуктан эмне кыларын билбей турат.

- Болгон мал-жандыкты сатып бүттүк. Тапканыбыздын баарын атамдын дарылоосуна коротобуз. Турмушту же келечекти ойлонбой калдык. "Кантип акча тапсак, атамды кантип айыктырабыз" деген эле ой менен жашайбыз. Күнүм акча издемей менен өтөт. Өкмөттөн эмне жардам болот? Түркияга бекер дарылануу үчүн эмне кылуу керек? Эч маалыматыбыз жок.

Жеңиштин атасындай болуп чукул арада чет өлкөдөн дарыланууга муктаж болгондор Кыргызстанда ондоп саналат. Бирок басымдуу бөлүгүнүн каражаты жетишпейт.

Кыргыз врачтары бейтапка операция жасоодо
Кыргыз врачтары бейтапка операция жасоодо

Түркияда бекер дарылануу тизмесине кирүүнү каалагандар арбын экени айтпаса да белгилүү. Учурда бул тизмени атайын комиссия аныктоодо. Негизги талаптары - бейтап органдарын алмаштырса, донору жакын тууганы болуш керек жана Түркияга жол киреси, жашаган чыгымын дарылануучу тарап төлөшү шарт. Түркиянын саламаттык сактоо мекемелери операция жана дарылоо кызматтарын гана акысыз көрсөтүшөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин Эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы Кубатбек Садырбеков буларды айтты:

- Учурда тизмеге кирчү оорулууларды тандап жатабыз. Түзүлгөн комиссия медициналык шарттары менен карап жатышат. Ал тизменин элүү адамын биз, ал эми элүүсүн Түркия элчилиги тандайт. Арыздар ушул жылдын 10-мартына чейин кабыл алынат.

Деген менен сыркоолордун укуктарын коргоочу Темир Султаналиев чет өлкөдөгү медициналык жардамга өтө муктаждарды иргеп алуунун жол-жобосу ачык-айкын болбогону нааразычылыктарды жаратып жатканын айтат. Султаналиев Түркияда дарылана тургандарды тандоо комиссиясынын курамы туура эмес түзүлгөнүн кошумчалады:

- Тандоого түркиялык дарыгерлер кирген эмес. Бул жактан биздин дарыгерлер жиберген шарт менен тиги жактан операция жасабай койсо кандай болот? Анда оорулуулардын акчасы күйүп кетет. Ал жактан да дарыгерлерди кошуу керек эле. Алар дарылачу кишини билиши керек да.

Ал эми саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев комиссиянын иши ачык-айкын болушу үчүн курамына министрликтин өкүлдөрүнөн сырткары депутаттар, жарандык коом киргенин белгилеп, тандоо иши таза жүрүп жатканына ишендирүүдө.

Өткөн жылы президент Алмазбек Атамбаев Анкарага иш сапары менен барганда жыл сайын 100 кишини Түркияда бекер дарылатып туруу жөнүндө макулдашып келген эле.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG